Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:54 28.5.2023

28-майда шаар күнүн белгилеген Киев Орусия аткан дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Аскердик администрация абадан коргонуу күчтөрү кеминде шаарды бутага алган 40 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн, бир киши каза болгонун маалымдады.

Ал эми жалпы Украина боюнча жекшембиде 54 жолу дрондон чабуул жасалып, анын 52синин мизи кайтарылды.

Украин бийлиги бул чабуулда да Иранда жасалган Shahed дрондору колдонулганын белгилеп жатат. Чабуул улам-улам жасалып, жалпы беш сааттан ашык убакытка созулган.

Украинанын баш калаасынын бир катар райондорунда көп кабаттуу үйлөр, өндүрүш ишканалары зыян тартты. Өлкөнүн башка аймактарында дагы абадан эскертүү жарыяланды.

Орусия буга комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.

15:04 28.5.2023

Жапония Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүдө. Жапон Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жаңыланган санкция тизмесине 17 адам жана 78 уюм кошулду. Алардын Жапониядагы активдери камакка алынат. Ошондой эле 80 мекемеге экспортко чектөө киргизилип жатат.

Санкция салынгандардын ичинде орус армиясынын командачыларынан Михаил Зусько, Сергей Каракаев, Николай Паршин жана Михаил Теплинский, "Россия 1" телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеева да бар. Активдери токтотулган компаниялардын арасына "Связь" АЭСи, "Метеор" заводу жана башка авиация, коргонуу өнөр жай ишканалары кирди.

Токио Украинадагы согуштан улам буга чейин да Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Мурдараак Киодо агенттиги жапон өкмөтүндөгү булакка таянуу менен G7 өлкөлөрү 19-21-майда Хиросимадагы саммиттин алдында Орусиянын экспортуна дээрлик толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. Ошол эле учурда Евробиримдик өлкөлөрү жана Жапония АКШнын Орусияга экспортту дээрлик толук тыюу тууралуу сунушуна макул эместиги кабарланган.

15:01 28.5.2023

Украинанын Днепр шаарында 26-майда орус аскерлеринин ракеталык чабуулунан набыт болгон адамдардын саны төрт кишиге жетти. Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак буга чейин дайыны чыкпай жаткан үч адамдын сөөгүнүн бөлүктөрү табылганын кабарлады. Алар кыйраган медициналык жайдын жана ветеринардык клиниканын кызматкерлери болгонун билдирди.

Буга чейин Днепрге жасалган ракеталык чабуулдан бери дегенде эки адам мерт болуп, 32 киши жараат алганын, алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экенин маалымдаган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 26-майда атылган ракета медициналык мекеме менен ветеринардык клиниканын имаратына тийген. Катуу соккудан өрт чыгып, жер тамдар, көп батирлүү үйлөр, автоунаалар зыян тарткан.

Киев жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урганын маалымдаган.

Москва буга комментарий берген эмес. Орусия Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.

12:40 28.5.2023

Украинада Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 28-майга караган түнү орус аскерлери соңку кездери болуп көрбөгөндөй дрондон чабуул жасаганын кабарлады. Анын ырасташынча, Печерск районунда тогуз кабат үйдүн чатырында өрт чыкты. Соломенскиде жети кабат имараттын үчүнчү кабаты жабыркады, ошондой эле, ишканалардын биринде тутанган өрттү өчүрүү уланып жатат. Голосеевск районунда үч кабаттуу кампанын чатыры өрттөндү.

Шаардын аскердик администрациясынын кабарлашынча, чабуулда бир адам мерт болду. Кличко жалпысынан 20 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ушул маалда Украинанын Киев шаарында жардыруулар токтой элек, абадан коргоо системасы иштеп жатканы кабарланды. Өлкөнүн башка аймактарында дагы абадан эскертүү берилди.

Орусия бул тууралуу маалымат бере элек. Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG