Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:54 30.5.2023

Дания Украинага аскердик жардамдын жаңы топтому үчүн 2,59 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен билдирди.

Анын айтымында, каражат Украинага быйыл жана кийинки жылы курал-жарак сатып берүүгө жумшалат.

Мартта Дания Украинага 2023-жылы аскердик жана жарандык жардам берүү фондун түзгөн. Ага 1 миллиард АКШ доллары которулган.

Фредериксен жергиликтүү радиолордун бирине курган маегинде өкмөт бул фондго быйыл кошумча 7,5 миллиард крон (1 миллиард долларга жакын), кийинки жылы дагы 10,4 миллиард крон (1,5 миллиард доллар) бөлүүнү пландап жатканын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жардам үчүн Даниянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Метте Фредериксен быйыл сентябрда НАТОнун башкы катчылыгынан кете турган Йенс Столтенбергдин ордуна талапкер болушу мүмкүн экени айтылып келет.

21:12 29.5.2023

29-майда күндүзгү саат 11.00 чамасында украин баш калаасында сокку коркунучу тууралуу абадан эскертүү берилип, тургундар жер төлөлөрдө жана метро станцияларда баш калкалоого аргасыз болушту.

Күбөлөрдүн айтымында, Киевде он чакты жолу жарылуунун үнү угулду. Шаардын аскердик администрациясы билдиргендей, орус армиясынын «Искандер» ракетасынын 11и атып түшүрүлгөн.

Ал эми Киевдин мэри Виталий Кличко калаага чабуул уланып жатканын билдирип, тургундарды коопсуз жайларга жашырынууга чакырды.

«Душман баллистикалык ракеталарды, алдын ала маалыматтар боюнча «Искандерлерди» колдонгон. С-300 жана С-400 ракеталары колдонулушу мүмкүн», - деди украин куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Юрий Игнат.

Киев 29-майга караган түнү да аткылоого кабылган.

Орусиянын Украина менен чектеш аймагында жайгашкан Белгород облусунун губернатору украин күчтөрү бир нече аймакты аткылаганын 29-майда Телеграм аркылуу билдирди.

Вячеслав Гладков чек аралаш Шебекино шаарын аткылоодо төрт киши жаракат алганын, бир нече калктуу конуш электр жарыгысыз калганын кошумчалады.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн тактоого мүмкүн болбой жатат.

13:26 29.5.2023

Украин күчтөрү 29-майга караган түнү орусиялык 40 дрон жана канаттуу ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирди. Анын айтымында, ушуну менен Киев май айында 15-жолу чабуулга кабылды.

Шаар мэри Виталий Кличко Телеграмга жазгандай, дүйшөмбү түнү ракеталардын сыныктары Святошино жана Подольск райондоруна түштү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок, имараттарга да зыян келтирилген эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрү өткөн түнү өлкө боюнча 37 канаттуу ракета, 29 дрон жана бир чалгындоочу дрон жок кылынганын билдирди.

Украинанын Коргоо министри Алексей Резников жекшембиде телемарафондо мамлекет кышка чейин абадан коргонуу системасын жакшырта турганын жарыялады. Министрдин айтымында, мында бир гана ири шаарлар эмес, бардык украин мейкиндиги камтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аймагынын аткыланышы боюнча комментарий бере элек. Согуш учурунда мындай маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо кыйынга турат.

10:47 29.5.2023

Күзүндө Украина америкалык көп максаттуу F-16 кыйраткыч учактарын алып колдоно баштарын, алар үчүн учкучтар да даярдалып жатканын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел ырастады. Бул согуштун жүрүшүнө кандай таасир этиши мүмкүн? F-16 учагынын орустардыкына салыштырмалуу кандай артыкчылыктары бар? Украин аскерлери кандай кыйынчылыктарга туш келет?

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG