30-майга караган түнү Орусиянын армиясы украин баш калаасын кайрадан учкучсуз аппараттар менен аткылады. Украин бийлиги дрондордун көбү асмандан атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Киевдин мэри Виталий Кличко Телеграмга жазганына караганда, чабуулдан улам калаанын бир нече районунда өрт тутанды. Ал эми кулаган дрондун калдыктары Голосеев районундагы көп кабаттуу имаратты тилсиз жоо капташына түрткү болду.
"Бир киши мерт кетти. Жалпы Голосеев районунда төрт киши ооруканага жеткирилди. Медиктер жеринен жардам көрсөтүштү", - деген Кличко 20 киши коопсуз жакка көчүрүлгөнүн жазды.
Украин аскерлери билдиргендей, чабуул негизинен Иранда чыгарылган дрондор менен жасалып, таңкы 4.30га чейин уланды.
Ушуну менен май айынын башынан бери Киевге 17-жолу чабуул коюлду.
30-майдын таңында Москванын мэри Сергей Собянин да орус баш калаасына дрондор менен чабуул коюлганын билдирди.
Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз ырастоо мүмкүн эмес.
30-майдын таңында Орусиянын баш калаасына дрондор менен чабуул коюлганын Москванын мэри Сергей Собянин билдирди. Анын айтымында кол салуудан бир нече имарат "бир аз жабыркаган". Собянин учкучсуз аппараттар тийген эки турак-жайдын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кошумчалады.
"Азырынча олуттуу жабыркагандар жок", - деп жазды калаа мэри "Телеграмга".
Орусиянын маалымат агенттиктери Ленин чоң көчөсүндөгү имараттардын бирине дрон тийгенин жазышты. Баш калаадагы айрым көчөлөр буга байланыштуу жабылганы маалым болду.
Ал эми Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдиргендей, калаага жакындап калган жеринен бир нече учкучсуз аппарат атып түшүрүлдү.
Бул маалыматтар канчалык чын экенин көз карандысыз тараптан далилдөө мүмкүн эмес.
Буга чейин, 3-майга караган түнү Кремлдин үстүндө айланып жүргөн эки дрон атайын кызматтын жардамы менен иштен чыгарылганын орус бийлиги билдирген. Расмий Москва аны Украинадан көрүп, атайылап жасалган террордук акт жана Жеңиш күнүн (Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгын) утурлай орус президентинин өмүрүнө кол салуу аракети деп атаган.
Украин президенти Владимир Зеленский бул дооматты четке кагып, куралдуу күчтөр өз жерин гана коргоп жатканын, кошуна өлкөнүн аймагын бутага алууну көздөбөгөнүн билдирген.
Украинанын куралдуу күчтөрү: Орусиялыктар Бахмуттагы чабуулду токтотуп, Марьинкага өтүштү
Акыркы суткада орусиялык күчтө Бахмутка чабуулду токтотуп, бардык күчүн Марьинка багытына бурганын Украинанын Башкы штабы билдирди.
29-майда кечинде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн спикери Сергей Череватый Москва азыр "Вагнердин" жоочуларын эмес, аскерлерин жана даярдыгы начар жаңы мобилизация болгондорду таштап жаткан билдирди.
"Аскер-аба күчтөрүнүн десантниктери, аткычтар бөлүгү кирип жатат. Биз алардын милдетин, командирлерин, аскердик дараметин билебиз. Бардык бөлүктөр кол салуудан бери согушка катышып, чоң жоготууга учурады. Негизинен бул экинчи-үчүнчү курам", - деди спикер.
Бул тууралуу америкалык ISW - Согушту изилдөө институту дагы билдирди.
Дания Украинага аскердик жардамдын жаңы топтому үчүн 2,59 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен билдирди.
Анын айтымында, каражат Украинага быйыл жана кийинки жылы курал-жарак сатып берүүгө жумшалат.
Мартта Дания Украинага 2023-жылы аскердик жана жарандык жардам берүү фондун түзгөн. Ага 1 миллиард АКШ доллары которулган.
Фредериксен жергиликтүү радиолордун бирине курган маегинде өкмөт бул фондго быйыл кошумча 7,5 миллиард крон (1 миллиард долларга жакын), кийинки жылы дагы 10,4 миллиард крон (1,5 миллиард доллар) бөлүүнү пландап жатканын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жардам үчүн Даниянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Метте Фредериксен быйыл сентябрда НАТОнун башкы катчылыгынан кете турган Йенс Столтенбергдин ордуна талапкер болушу мүмкүн экени айтылып келет.