АКШ Украинага 300 млн. долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөт.
Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.
Жардамдын жаңы топтомуна Stinger зениттик-ракеталык комплекстери, Avenger абадан коргонуу системасы, танкка каршы AT-4 системалары, 30 миллиондон ашуун ок-дары, аймактарды минадан тазалоочу жабдуулар, түрдүү колибрдеги снаряддар, Patriot абадан коргонуу системасы жана HIMARS реактивдүү системалары үчүн ок-дарылар кирет.
21-майда АКШ Украинага 375 млн. долларлык аскердик жардамдын кезектеги топтомун бере турганын жарыялаган. Ага артиллерия менен ок-дарылар, HIMARS системасы үчүн снаряддар жана башка аскердик техникалар кирген.
Мындан тышкары бул сумманын бир бөлүгү украин аскерлерин окуудан өткөрүүгө да жумшалары кабарланган.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Киевге берген жардамдын жалпы суммасы 37 миллиард доллардан ашканын билдирген.
Соңку суткада Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында айыгышкан кармаш уланды. Бул тууралуу украин армиясы 31-майдын таңында билдиришти.
Украин коргоо министринин орун басары Анна Малярдын айтымында, украин күчтөрү орустардын 22 чабуулунун мизин кайтарышты. Ал ошондой эле Бахмутта орус армиясы абадан гана сокку уруп жатканын кошумчалады.
Буга чейин орустардын "Вагнер" менчик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Бахмуттан өз аскерлерин чыгарып, орус армиясына өткөрүп берерин жарыялаган. Украинанын Коргоо министрлиги "Вагнердин" жоочулары Бахмуттун тегерек четинен кетип жатканы менен шаардан чыга элек экенин ырастады.
Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусундагы аткылоодон улам балдар коопсуз жакка чыгарылып жатканын аймак башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Ал аткылоону Киевден көрсө, украин тарап комментарий бере элек.
31-майдын таңында Орусиянын Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев дрондордун ыктымал соккусунан улам мунай өндүрүүчү заводдо өрт тутанганын билдирди.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактан ырастоо мүмкүн эмес.
Украинанын соту Казакстандын 23 жаштагы жараны Шынгыс Сейпиевди Орусиянын "Вагнер" менчик аскер компаниясынын катарында согушканы үчүн тогуз жылга эркинен ажыратты.
Украинанын коопсуздук кызматы билдиргендей, Сейпиев Тюменде абакта жаткан жеринен согушка азгырылган. Ал "зордуктоо" беренеси менен он жылга кесилип, эки жыл жазасын өтөгөндөн кийин былтыр октябрда "Вагнерге" жалданган. Ага айына 200 миң рубль, Орусиянын жарандыгын жана соттуулугун жоюуну убада кылышкан. Сейпиев акчаны келишим аяктагандан кийин алмак болгон. Бир аз даярдыктан өткөн соң Сейпиев кошулган жоочулар бөлүгүн Бахмутка жөнөтүшкөн. Бир жума өтпөй аны украин аскерлери туткунга алышкан.
Украинада орус тарапта канча казакстандык согушуп жүргөнү беймаалым. "Азаттыктын" казак кызматы согуш башталганы Казакстандын эки жараны мерт кеткенин жазган.
Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөн. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.
2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.
Москвага дрон чабуулу: Путиндин билдирүүсү
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу маалымат берди. Ал Украинанын аскердик-чалгын кызматына сокку урулгандан кийин Киевден ушундай жооп болгонун айтты. Киев Москвага сокку урду деген дооматты моюнга алган жок.
Президенттин сөзүн мамлекеттик телеканалдар көрсөттү. Москва биринчи жолу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматына чабуул койгонун жарыялап жатат. Киев бул чабуул тууралуу айткан эмес.
Путин дрон чабуулу тууралуу биринчи жолу комментарий берди. Ал Киев жарандык объектилерге атайын сокку урганын билдирип, муну терроризм деп атады. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык турак жайга түшкөн үч учкучсуз учактын иши радиоэлектрондук жол менен үзгүлтүккө учураганын жазган. Мындан улам алардын үйгө түшкөнүн кокустук катары сыпаттоого болот.
Путин Москвага сокку уруу "жооп чараларга түртө" турганын айтты, бирок кандай жооп болорун тактаган жок. Орусиялык армия Киевге өткөн жылдан бери чабуул жасап келет. 2023-жылдын май айында эле 17 жолу ушундай сокку урулган.
Путиндин айтымында, Москва Украинадан айырмаланып "таамай тийүүчү куралдар" менен сокку урат. 2022-жылы 24-февралда согуш башталагандан бери Украина бомба, ракета чабуулуна кабылып келет. Бул куралдардын сыныктары жарандык объекттерге да тийген. Москва кээде гана жарандык объекттерди бутага албаганын билдиргени болбосо, мындай чабуулдар тууралуу комментарий бербейт.
Орусиялык бийликтер 24 дрондон чабуул жасалганын билдирүүдө. Свобода радиосу интернетке жарыяланган фото жана видеолорго таянып, төрт дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.