Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:53 2.6.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Молдовадагы саммитте союздаш өлкөлөр Орусиянын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн Киевди согуштук учактар менен камсыздоо маселесин колдогонун билдирди.

Reuters маалымдагандай, Зеленский бул жөнүндө Кишиневде 40тан ашуун европалык лидерлер чогулган саммиттен кийинки басма сөз жыйынында айтты. Украин бийлиги көптөн бери Батыштан согуштук учактарды алууну көздөп келет.

Молдованын президенти Майя Санду мындай жогорку деңгээлдеги жолугушууну Украинадан жыйырма чакырымдай эле алыс өз өлкөсүндө өткөрүүнү символикалуу чечим деп атады.

Санду Молдова Орусиянын баскынчылыгына туруштук берип, коңшуларын коргоп жаткан Украинага ыраазы экенин айтты.

Украин лидери Санду менен сүйлөшкөндөн кийин журналисттерге коопсуздук кепилдиги азыр Украина үчүн гана эмес, коңшу Молдова үчүн да абдан маанилүү экенин белгиледи.

22:13 1.6.2023

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков шаарда белгисиз жабдык жарылганда эки киши жабыркаганын билдирди. Ага чейин жергиликтүү Телеграм-каналдарда көчөлөрдүн биринде катуу добуш угулганын жазышкан. Гладковдун айтымында, мээси чайкалган бир киши ооруканага жеткирилди, экинчиси жеңил жаракат алды.

BAZA Телеграм-каналы атайын кызматтар Белгороддо дагы бир учкучсуз учак кулаганын жазды.

“Свобода” радиосу кабарлагандай, бейшембинин таңынан бери Украина менен чектеш Белгород облусундагы аткылоолор жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар түшүп жатты. Бир катар Телеграм-каналдар, анын ичинде кремлчил ресурстар, Шебекино шаарынын жанындагы текшерүү пункту танктардын чабуулуна туш болгонун жазышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги ушул эле күнү “Шебекинонун карапайым тургундарына каршы теракт жасоо максаты ишке ашпаганын”, Украинанын аймагынан Орусияга кирүү аракетинин мизин кайтарганын билдирди. Маалыматка ылайык, каршы тарап танктарды колдонгон.

Украин тарапта күрөшүп жүргөн “Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” согушкерлери видео жарыялап, орус аймагына кол салуунун экинчи фазасы тууралуу билдиришти. Алар бир нече күн мурун облустун Грайворон районуна кирип барышкан. Видео кайда тартылганы белгисиз.

Корпус Шебекино шаарындагы Ички иштер бөлүмүн "Град" жабдуусунан аткылашканын билдирди. Маалыматты текшерүү мүмкүн эмес.

Гладков шаарды украин аскерлери аткылашканын, дүрмөт жатаканага, жергиликтүү администрацияга тийгенин, жатакана өрттөлгөнүн жазды.

Аймактын бийлиги облустагы бир нече калктуу пункт аткыланып жатканын да кабарлады. РИА Новости агенттиги жазгандай, 1-июнда Белгород облусунда 11 киши ооруканага жеткирилди, төртөөнүн абалы оор.

Украин аскерлери Орусиянын аймагын аткылоо жана ыктымал кармаштар тууралуу кабарларды комментарийлей элек.

Буга чейин Белгороддо атышуулар болуп, Киев ага тиешеси жоктугун, ыктыярдуу корпус украин армиясына кирбесин, орус жарандарынан куралганын билдирген.

Би-Би-Си Харьков облусу менен чек арага беш чакырым жакын жайгашкан 40 миң калктуу Шебекинодон эл эвакуацияланып жатканын маалымдады.

14:26 1.6.2023

Европарламенттин төрагасы: дрон чабуулу Украинага болгон колдоодон баш тарттырбайт

Европарламенттин төрагасы Роберт Метсол Евробиримдик өлкөлөрү Киевди Орусия Украинадан аскерлерин толук чыгарып кеткенге чейин колдой турганын айтты. Метсол бул тууралуу Москва Киевди өз аймагына чабуул жасоого айыптап жаткан тушта "Немис толкунуна" (Deutsche Welle-ред.) курган маегинде билдирди.

"Мен бул аргументти келтирип жаткандарга Орусия Украинага кол салганын унутуп калдыңарбы дегим келет. Бул эки өлкө ортосундагы чыр-чатак эмес. Бул жерде бир мамлекет башканын аймагына кирип келип, жеринин жарымын тартып алууда. Орусия Украинаны жайына коймойунча, биз Киевди колдой беребиз", - деп белгиледи Роберт Метсол.

13:43 1.6.2023

Бахмутта согуш башталгандан бери 204 тургун каза болгон

Бул тууралуу "Укринформ" басылмасына шаар мэри Алексей Рева билдирди. Анын сөзүнө караганда Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери 505 адам, анын ичинде 17 бала каза тапкан. Согушка чейин Бахмуттун калкы 70 миң адам болсо, 29-майда 500 кишидей эле калган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG