Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин жетекчиси Алексей Данилов украиналык телеканалга берген интервьюсунда Украинада атып түшүрүлгөн ирандык "Шахед" дрондорунан Батышта жасалган тетиктер табылып жатканын айтты. Орусия бул дрондорду украин аймагын атуу үчүн колдонууда.
Даниловдун айтымында, Иранга каршы эл аралык санкциялардан улам тетиктердин ал жакка жетиши кыйын, андыктан алар бул санкцияларды кантип кыйгап өтүп жатат деген суроо туулат. Данилов тетиктер Иранга Орусия Украинага согуш ачканга чейин барышы мүмкүн деген пикирде. Буга ал "Шахеддердин" көбү 2019-2021-жылдары жасалганын мисал келтирди.
Буга чейин "Азаттыктын" украин кызматы атып түшүрүлгөн учкучсуз учакты аскерлер ажыратып жатканын көргөзгөн. Анда адистер дрондун ичинен канадалык тетиктерди тапкан.
Зеленский: Биз контрчабуулга даярбыз
Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык Wall Street Journal басылмасына Украинанын куралдуу күчтөрү контрчабуулга көптөн бери даярданып келгенин билдирди. Бирок чабуул качан башталарын айтуудан баш тартты.
Зеленскийдин айтымында, Украина "дагы кандайдыр бир жабдыктарды алууну" каалайт (муну менен ал батыштагы өнөктөштөрдөн аскердик-техникалык жардамды күтүп жатканын билдирген). Украина президенти өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнө ишенерин билдирип, ошол эле маалда украин армиясы бул чабуул маалында жоготууга учурашы мүмкүн экенин эскерткен.
Владимир Зеленский дүйнө коомчулугун дагы бир жолу анын өлкөсүнө жардам берүүгө жана Орусияны эл аралык изоляцияда калтыруу үчүн колдон келгенин жасоого чакырды.
Белгород бийлиги атышуулар уланып жатканын билдирди
Белгород облусундагы Соболевка айылындагы атышууда эки адам каза таап, алты адам жабыркады. Андан тышкары Шебекино айылында эки эркек жарадар болду, алар түшкөн автомобилдин алдында снаряд жарылып кеткен. Бул тууралуу облустун башчысы Вячеслав Гладков билдирди.
Анын айтымында атышуу учурунда эки жашоочу өз үйүнүн короосунда болгон, алган жарааттардан улам алар каза тапкан. Жарадар болгондор арасында эки бала бар, алар ооруканага жеткирилген.
Кечээ Гладков Маслова Пристань кыштагында эки аял ок жеп, каза болгонун билдирген. Губернатор бардык чабуул үчүн Украинаны күнөөлөдү. Киев Орусиянын аймагынын аткыланышы боюнча комментарий берген жок.
Гладков андан тышкары чек арадагы балдарды башка аймактарга жиберип жатканын билдирди, анын айтымында, 600 бала Калуга жана Ярославлга "жайкы эс алууга барат". Белгороддо 2,5 миңдей жашоочу учурда өз үйлөрүн таштап, убактылуу баш калкалоочу жайга жайгашканы маалым болду.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Батышты Украинага каршы согушта колдонулган дрон, ракеталарды чыгарган орусиялык компанияларга каршы санкцияларды тез арада киргизүүгө чакырды.
Бул тууралуу "Украинская правда" кабарлады.
Кулебанын айтымында, украин бийлиги Киев Батыштагы өнөктөштөрүнө аскердик-өнөр жай тармагындагы 36 орусиялык компаниянын тизмесин берген. Министр санкциялар кечигип жатканын айтты.