Киев 4-июнда Орусиянын аба күчтөрүнүн Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Днепр шаарына жакын аймакка жасаган соккусунан эки жашар наристе каза болгонун ырастады.
Украин абадан коргонуу күчтөрү башкалаа Киевге атылган дрон менен ракеталарды атып түшүрдү.
Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лисактын айтымында, 3-июндун кечинде орус аскерлеринин Днепрдин калк жашаган аймагына урган соккусунан 22 адам, анын ичинде беш бала жараат алды.
Телеграм каналдагы билдирүүсүндө Лисак кол салуудан көп кабаттуу эки үй, 10 турак жак, дүкөн жана газ түтүгүнө зыян келтирилгенин маалымдады.
Орусия Днепрдеги чабуул тууралуу комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн болбой турат.
Украинанын күчтөрү контрчабуулга даяр экени ушул аптада жарыялангандан кийин Орусиянын Украинага аба соккулары күчөдү.
Ишембиде Днепрдин чет жакасында Орусиянын ракеталык соккусунун натыйжасында бир нече үй кыйрап, 20дан ашык адам жараат алды. Урандылардын алдынан эки жашар кыздын сөөгү табылды.
Индонезия Украина үчүн тынчтык планын сунуштады
Индонезиянын коргоо министри Прабово Субианто Сингапурда өтүп жаткан"Шангри-Ла Диалогу" форумунда Орусия менен Украинанын согушун токтотуу планын сунуштады.
Субиантонун сунушу ок атууну тезинен токтотуу, эл аралык тынчтык күчтөрү кайтарган демилитаризация зонасын түзүү жана БУУнун көзөмөлү астында "талаштуу аймактарда" жаңы референдум өткөрүүнү камтыйт. Субианто "талаштуу аймактар" дегенине түшүндүрмө берген жок.
Демилитаризация болгон аймакты түзүү үчүн эки тарапка тең ортодогу зонадан 15 чакырым артка чегинүү сунушталган. Индонезия ортодогу зонага эл аралык көзөмөлдү орнотуу зарыл деп эсептейт.
Субианто Жакарта бардык процесске катышууга даяр экенин билдирди. Министрдин айтымында, ушуга окшош чаралар Корей жарым аралында 50 жылдан бери тынчтыкты сактоого өбөлгө түзүп келет.
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Олег Николенко Индонезияга согушту токтотууга көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Украина менен Орусиянын ортосунда референдум өткөргүдөй талаштуу аймактар жок экенин да белгиледи.
Николенконун айтымында, ок атышууну токтотуу үчүн демилитаризация зонасын түзүү ишке ашпайт, анткени Орусия мындай учурда жаңы күч топтошу мүмкүн. Ал Индонезияны Украина сунуштаган тынчтык формуласына кошулууга чакырды.
Киев буга чейин бир канча жолу территориалдык маселеде артка чегинбесин, Орусия басып турган өзүнө таандык аймактарды, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымды кайтарып аларын бир канча жолу билдирген.
Запорожьеде оккупациялык бийлик менен кызматташкан адам каза болду
Бул тууралуу "Украин чындыгы" басылмасы Украинанын коопсуздук кызматындагы булактарына таянып билдирди. Маркумдун аты-жөнү – Сергей Дидовидюк. Анын машинеси 2-июнда өзү жашаган Михайловка кыштагында жарылган. Бул тууралуу кечээ оккупацияланган Мелитополдун украиналык мэри Иван Федоров билдирди.
Жергиликтүү кафенин ээси Дидовидюк орусиялык бийликтер менен кызматташып келген. "Биз Орусия менен биргебиз" штабынын жетекчиси болгон.
"Украин чындыгы" Дидовидюк менен анын аялы жана 33 жаштагы кызы болгонун жазды. Жарылууда аялы жараат алып, кызы каза тапкан.