Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийин Днепр дарыясынын жээгиндеги шаар-кыштактарда масштабду суу ташкыны болду.
Болжолу 30га жакын калктуу конушту суу каптаган. Украинанын расмийлери Днепрдин оң жээгиндеги 16 миңдей калк жашаган 14 шаар-кыштакта суу ташкыны болгонун, сол жээкте 22 миңдей киши жашаган аймактарды суу каптаганын билдирди.
Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруу спутниктен алынган сүрөттөрдө. “Свобода” радиосу 2023-жылдын 4-июнунда эртең менен тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
- автор Санжар Эралиев
Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам бир нече калктуу конушту суу каптады. Днепр дарыясынын оң тарабындагы кооптуу аймактан 16 миңдей адам башка жакка көчүрүлдү.
Киев бул үчүн Москваны айыптады. Херсондун Орусия басып алган бөлүктөрүнүн бийлиги бул дооматтарды четке кагып, украин тарапты күнөөлөдү.
Шейшембиде Украинанын түштүгүндөгү Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө совет доорунан калган ири дамба талкаланып, Днепр дарыясынан суу ташкындай баштады.
Херсон облусунун Киев дайындаган губернатору Александр Прокудин кооптуу аймактан 16 миңдей адам эвакуацияланганын эртең менен билдирди:
"Урматтуу Херсон облусунун тургундары, орус армиясы кезектеги террордук акт жасап, Кахов дамбасын жардырды. Беш саат аралыгында эң кооптуу абал жаралат. Адамдарды эвакуациялоо башталды. Бардык кызматтар иштеп жатат - Өзгөчө кырдаалдар кызматы, полиция, аскер кызматкерлери бардыгы чогуу аракет көрүүдө. Мен сиздерди документтерди жана керектүү буюмдарды алып, элди көчүргөн автобустарды күтүүгө чакырам. Өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасап, кооптуу жерден тез арада чыгып кеткиле”.
Украинанын президенти Владимир Зеленский дамбанын жарылышынан улам 80дей калктуу конуш суу алдында калуу коркунучу турганын эскертти.
"Түнкү 02.50дө орусиялык террорчулар Каховка ГЭСинин конструкцияларын ичинен жардырышты", - деп жазды Зеленский Телеграмга.
Анын алдында Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда Орусияны ушул теракт үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн чаралар каралды.
Херсондун Орусия аннексиялап алган бөлүктөрүнүн бийлиги бул дооматтарды четке кагып, жардыруу үчүн украин тарапты күнөөлөп жатат.
Херсондун оккупацияланган администрациясынын башчысы, Орусия дайындаган Владимир Салдо элди көчүрүүгө зарылдык жок экенин билдирди
Херсондун Орусия аннексиялап алган бөлүктөрүнүн бийлиги бул дооматтарды четке кагып, жардыруу үчүн украин тарапты күнөөлөдү.
Херсондун оккупацияланган администрациясынын башчысы, Орусия дайындаган Владимир Салдо элди көчүрүүгө зарылдык жок экенин билдирди.
"Бүгүн түнү Киев режими адамдарга каршы дагы бир кылмыш жасады. Кахов ГЭСине ракетадан сокку урду. Мындан улам чынында көп суу агып чыгат. Бирок өтө кооптуу эмес. Сол жээкти коргоп турган биздин аскерлерибизге зарыл учурда оң жээкке сокку урууга тоскоолдук жаратпайт".
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын маалымдады.
"Нова-Каховка шаарында бардык коопсуздук чаралары уюштурулган. Алдын ала айтылгандай, суунун деңгээли 72 саатка чейин көтөрүлүп, андан кийин азая баштайт. Ошондо өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга киришебиз", - деди
Херсондун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Иван Павленко.
1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толук суу менен камсыздайт.
Украинанын Атомдук энергетика боюнча агенттиги Каховдогу дамбанын жардырылышы Европадагы ири деп эсептелген Запорожье атомдук электр станциясына коркунуч жаратышы ыктымал экенин эскертти. Аталган электростанция Кахов ГЭСинин суусун колдонот.
Ал арада орус аскерлери Украинанын аймагына ракеталык чабуулду улантууда. 6-июнга караган түнкү соккулардын көбү Киевге багытталганын, алардын мизи кайтарылганын украин армиясы билдирди.
"Украинанын жеңиши гана коопсуздукту кайтарат" - Зеленский Кахов ГЭСнин бузулушу тууралуу
Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттерде Кахов ГЭСнин плотинасы бузулгандан кийинки видеону таратты. Ал расмий гана маалыматты таратууга чакырып, Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынын чакырганын билдирди.
"Кахов ГЭСнин плотинасынын бузулушу аларды (орусиялыктарды) Украинанын бардык бурчунан кууш керек дегенди билдирет. Аларга террор үчүн бир дагы метр жерди калтырбаш керек. Украинанын жеңиши гана коопсуздукту кайтарып берет. Бул жеңиш келет. Террорчулар Украинаны суу, ракета же башка нерсе менен токтото албасын билиши керек", - деп жазды Зеленский.