Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:35 6.6.2023

Орусиянын армиясы Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасына сокку урду. Бул туралуу аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин кабарлады. Анын ырасташынча, суу жакынкы сааттарда ашып-ташышы мүмкүн, мындан улам кооптуу райондордон тургундарды эвакуациялоо башталды.

Аталган облустагы Новокахов районунун Москва дайындаган жетекчиси Владимир Леонтьев орусиялык басылмаларга ГЭСте жардыруу болгонун жокко чыгарды. Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Ал арда Киев шаарынын аскердик администрациянын башчысы Сергей Попко шейшембиге караган түнү орус армиясы жасаган чабуулда 20дан ашык ракета жок кылынганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, ракеталар Каспий деңизинин аймагынан атылган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жараат алгандар, жабыркаганда жок.

Мунун алдында Киевдин мэри Виталий Кличко түнү бир канча жолу жарылуу болгонун билдирген. Мындан улам аталган шаарда жжана өлкөнүн бардык облустарында абадан эскертүү жарыяланган.

10:21 6.6.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги мобилизацияга тартуу башталганы тууралуу СМС аркылуу билдирүү таратууну сунуштады. Мындай токтомдун долбоору нормативдик-укуктук актылар порталына жарыяланды. Андан сырткары документте жарандарга "Мамлекеттик кызмат" порталындагы жана салык төлөөчүнүн жеке кабинеттери аркылуу дагы маалымат берүү каралган.

Долбоордогу түшүндүрмө маалыматта мындай чара "мобилизация тууралуу жарандарга кабар берүүнүн мөөнөтүн кыскартары" жазылган.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Президент Владимир Путин ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен.

00:26 6.6.2023

Орусиянын Ростов, Воронеж жана Белгород облустарында 5-июнь күнү эртең менен бир нече радионун эфиринде Владимир Путиндин атынан жарыяланган кайрылууну Кремль төгүнгө чыгарды.

Кайрылууда Орусияда аскердик абал жана жалпы мобилизация жарыяланганы айылат. Ушундай эле маалымат социалдык түйүндө да тарады.

Үнү жана интонациясы Путиндикине окшош диктор "Украин армиясы НАТО блогу менен Вашингтондун колдоосунда Орусияга бастырып киргенин" айтып, тургундарды эвакуациялоого чакырган.

Жергиликтүү бийлик бул кайрылууну фейк деп, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Ал кандайча эфирге чыкканы белгисиз. Путиндин кайрылуу жасабаганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да билдирди. Азырынча буга эч ким жоопкерчилик ала элек.

25-январда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видео кайрылуусу Орусиянын Белгород облусунда, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда орусиялык телеканалдардын эфирине чыгып кеткен. Орус бийлиги муну хакердик чабуул деп түшүндүргөн.

Акыркы күндөрү Орусиянын Украина менен чектеш аймактарын, биринчи кезекте Белгородду аткылоо күч алды. "Агентство" жазгандай, Белгород облусунун бийлиги согуш башталгандан бери аймак 358 жолу аткылоого кабылганын кабарлаган. Бул чабуулдарга алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев эч кандай комментарий бере элек.

00:25 6.6.2023

Киев украин аскерлеринин контрчабуул туралуу Москванын маалыматын четке кагып, аны пропаганда деп баалады. Ал арада орус армиясы Херсонго сокку урганы, эки өлкөнүн чек арасында атышуулар токтобой жатканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 5-июнга караган түнү украин аскерлери контрчабуул баштаганын билдиргенден көп өтпөй Киев бул маалыматка ишенбөөгө чакырды.

"Контрчабуул башталбаса да, украин элинин маанайын түшүрүү жана коомчулукка (анын ичинде өз калкына) калп айтуу үчүн орусиялык пропагандачылар контрчабуул, анын багыттары жана украин армиясынын жоготуулары тууралуу жалган маалымат таратышат. Бул максатта талкаланган, кыйраган машиналар, каза болгон жана туткундалган жоокерлердин эски видеолору жана сүрөттөрү, башка материалдар даярдалган", - деп билдирди 5-июнда Украинанын армиясынын Стратегиялык коммуникациялар башкармалыгы.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү украин куралдуу күчтөрү түштүк Донецк багытында майдандын беш тилкесинде чабуулга өткөнүн, ал аракеттен майнап чыкпаганын билдирген. Мекеме орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов өзү "ошол маалда алдыңкы пункттардын биринде болгонун" кошумчалады.

Согуштук аракеттердин активдешүүсү тууралуу көз карандысыз маалыматтар азырынча жок.

Жекшембиде Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Италиянын Corriere della Sera гезити менен маегинде армиянын тактикасы өзгөрүп турганын, алар ыңгайлуу убакытта контрчабуул башташарын айтты.

Ошол эле күнү украин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Анна Маляр жарыялаган видеодо жоокерлер тымтырс болууга чакырганын көрүүгө болот. Ал ролик “Пландар ашыкча сөздү сүйбөйт. (Контрчабуулду) Жарыялабай баштайбыз” деген сүйлөмдөр менен аяктайт.

Андан мурун президент Владимир Зеленский көптөн бери күтүлүп жаткан контрчабуул тууралуу бир нече билдирүү жасаганда куралдуу күчтөр андай аракетке даяр экенин, бирок так датаны атай албасын белгилеген.

Ал арада эки өлкөнүн чек арасында атышуулар токтобой жатканы кабарланууда.

Украинанын Вовчанск кыштагынын жашоочулары 4-июнда эки аял мерт кеткенин Рейтерстин кабарчысына айтып беришти.

"Аткылоо башталганда бир аял тиги үйдөн, экинчиси бул үйдөн чыгып келишти. Ушул жерде туруп сүйлөшүп калышты.Эки мүнөттүн ичинде дагы бир дүрмөт тийди. Мен тетиги тамдын артына жашына калгам. Кошуна аялдын бири каза тапты, экинчисинин колун жулуп кетти, ал дагы кийин көз жумду".

Вовчанск Белгород облусунун ушу тапта кармаштар жүрүп жаткан жерлерине жакын жайгашкан. Украин тарапта күрөшүп жүргөн “Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” согушкерлери орусиялык бир нече аскерди туткунга алганын 4-июнда билдиришти.

Бедгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Новая Таволжанка айылында аткылашуу жүргөнүн бышыктады. Андан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги ал жакта «артиллериялык сокку урулганын, душман чегингенин» билдирди.

Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты, Ыктыярдуу корпус менен биргеликте рейд жүргүзгөн «Эркин Орусия» легионуна жакын Илья Понамарев согушкерлер Болгороддогу төрт калктуу пунктту көзөмөлгө алганын жазып, карталарды жарыялады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар ырастай элек.

Буга чейин аткылоолордон улам 40 миң калктуу Шебекино шаарынын тургундары эвакуацияланган. Жекшембиде губернатор чек арага жакын жашагандарды коопсуз жерге чыгып кетүүгө үндөдү.

Украин аскерлери Орусиянын аймагын аткылоо жана ыктымал кармаштар тууралуу кабарларды адатта комментарийлебейт. Буга чейинки рейдден кийин Киев ага тиешеси жоктугун, ыктыярдуу корпус украин армиясына кирбесин, орус жарандарынан куралганын билдирген.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG