Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

23:24 7.6.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги украиндердин «диверсиялык тобу» дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген «Тольятти-Одесса» аммиак куурун Харьков облусунда жардырып салганын билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Игорь Конашенковдун айтымында, карапайым тургундардын арасында жабыркагандар бар.

Киев азырынча бул тууралуу комментарий бере элек, буга чейин куур бир нече ирет орус армиясынын аткылоосуна кабылганын белгилеген.

Орусия жыл сайын тышка 4,4 миллион тонна аммиак экспорттойт. Анын көп бөлүгүн Марокко, Түркия, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери алат.

Бириккен Улуттар Уюму согуш башталганы дүйнөдө аммиак таңкыстыгы жаралып жатканын билдирген. Деңизге орус аммиагы Тольятти-Одесса түтүгү аркылуу жеткирилчү.

Бул жол аркылуу Москва жылына 2,5 миллион тонна аммиак экспорттоп келген. Учурда аммиак экспорту токтоп турат.

18:35 7.6.2023

Кахов ГЭСиндеги жардыруу: суу каптаган конуштар

Херсон шаарынын тургуну суу астында калган үйүнүн жанында. Айрым тургундар түнү үйлөрүнүн чатырларында түнөшкөн. 7-июнь, 2023-жыл.
1/18 Херсон шаарынын тургуну суу астында калган үйүнүн жанында. Айрым тургундар түнү үйлөрүнүн чатырларында түнөшкөн. 7-июнь, 2023-жыл.
Херсон шаарынын туругуну Татьяна суу каптаган үйүнөн коопсуз жайга чыгып кетүүдө. 6-июнь, 2023-жыл.

2/18 Херсон шаарынын туругуну Татьяна суу каптаган үйүнөн коопсуз жайга чыгып кетүүдө. 6-июнь, 2023-жыл.

Херсон шаарынын суу каптаган көчөсүндө велосипед менен бара жаткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.

3/18 Херсон шаарынын суу каптаган көчөсүндө велосипед менен бара жаткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.

Согушка чейин 300 миңден ашык адам жашаган Херсон шаары кайрадан кризиске кептелди. Орусия окупация кылган сегиз айдын ичинде шаар дээрлик талкаланган эле. Эми шаарды суу каптады.

4/18 Согушка чейин 300 миңден ашык адам жашаган Херсон шаары кайрадан кризиске кептелди. Орусия окупация кылган сегиз айдын ичинде шаар дээрлик талкаланган эле. Эми шаарды суу каптады.

Херсон шаары. 6-июнь, 2023-жыл.
5/18 Херсон шаары. 6-июнь, 2023-жыл.
Херсон шаарынын тургундары эвакуциялай турган поезди күтүп отурушат. 6-июнь, 2023-жыл.
6/18 Херсон шаарынын тургундары эвакуциялай турган поезди күтүп отурушат. 6-июнь, 2023-жыл.
Кахов ГЭСиндеги дамба жардырылгандан кийинки алкачкы сааттарда бери дегенде 16 миңдей киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты шейшемби күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.
7/18 Кахов ГЭСиндеги дамба жардырылгандан кийинки алкачкы сааттарда бери дегенде 16 миңдей киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты шейшемби күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.
Шаардан коопсуз аймакка көчүрүлүп жаткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.

8/18 Шаардан коопсуз аймакка көчүрүлүп жаткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.

Херсондун четиндеги талкаланган Антонивский көпүрөсү. Бир нече сааттын ичинде суунун деңгээли 10-12 метрге көтөрүлгөн.
9/18 Херсондун четиндеги талкаланган Антонивский көпүрөсү. Бир нече сааттын ичинде суунун деңгээли 10-12 метрге көтөрүлгөн.
Куткаруучулар селден эвакуацияланган тургундарды паромго алып чыгууда. Херсон шаары. 6-июнь, 2023-жыл.
10/18 Куткаруучулар селден эвакуацияланган тургундарды паромго алып чыгууда. Херсон шаары. 6-июнь, 2023-жыл.
Херсон шаарынан эвакуацияланган тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.
11/18 Херсон шаарынан эвакуацияланган тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.
Суу каптаган аймактардан жарандарды эвакуациялоо учурунда да аткылоолор уланды. 6-июнь, 2023-жыл.
12/18 Суу каптаган аймактардан жарандарды эвакуациялоо учурунда да аткылоолор уланды. 6-июнь, 2023-жыл.
Тургундарды эвакуациялоо түнү да токтогон жок. 6-июнь, 2023-жыл.
13/18 Тургундарды эвакуациялоо түнү да токтогон жок. 6-июнь, 2023-жыл.
Суу астында калган Херсон шаары. 7-июнь, 2023-жыл.

14/18 Суу астында калган Херсон шаары. 7-июнь, 2023-жыл.

Херсон шаары. 7-июнь, 2023-жыл.
15/18 Херсон шаары. 7-июнь, 2023-жыл.
Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.
16/18 Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.
Каховдогу маданият үйү. 6-июнь, 2023-жыл.
17/18 Каховдогу маданият үйү. 6-июнь, 2023-жыл.
Кахов ГЭСинин жарылган плотинасы. 5-июнь, 2023-жыл..
18/18 Кахов ГЭСинин жарылган плотинасы. 5-июнь, 2023-жыл..
Артка
Алдыга

15:53 7.6.2023

АКШ президентинин администрациясы Кахов ГЭСиндеги жардырууга ким жооптуу экенин так айта албайт. Мурдараак Кошмо Штаттардын эки расмий өкүлү жана Батыштын бир расмий булагы NBC News телеканалына гидроэлектр станцияга жасалган чабуулга Орусиянын ыктымал катышы тууралуу маалымат бар экенин айтышкан.

АКШнын Атайын кызматы айрым чалгын маалыматтарын ачыкка чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат.

Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби журналисттердин дамбанын кыйрашынын Украинанын контрчабуулуна тийгизген таасири тууралуу суроосуна жооп берип, кандайдыр бир божомол айтуу “эрте” деп билдирди. Ошол эле учурда ал апаат Украинанын энергетикалык коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн деп божомолдоду.

Кирби негизги көңүл суу ташкындан жабыркаган украиналыктарга, айыл, шаарларга буруларын, аларга жардам берилип жатканын белгиледи.

Кахов ГЭСиндеги дамба жардырылгандан кийинки алкачкы сааттарда бери дегенде 16 миңдей киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты шейшемби күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.

13:46 7.6.2023

Украинанын расмийлери Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам он миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн кабарлады. Днепр дарыясындагы дамбанын жардырылышына Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин 7-июндун таңында билдиргендей, дарыянын төмөн жагында суунун деңгээли дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө.

"Биздин божомолубузда, жакынкы 20 сааттын ичинде суунун деңгээли дагы бир метрге көтөрүлөт",-деди Прокудин видеокайрылууда.

Ал Днепрдын оң тарабындагы Украина көзөмөлдөгөн аймактарда эки миңдей турак-жай суу алдында калганын кошумчалады.

Херсон облусунун Москва көзөмөлдөгөн бөлүгүндө орус бийлиги 7-июнда өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG