Украинанын чукул кырдаал кызматтары Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан кийин суу каптаган аймактарда калган миңдеген кишини куткаруу аракеттерин улантууда.
Куткаруучулардын ишине орус аскерлеринин Днепр дарыясынын сол жээгин аткылоосу жана миналар коркунчу кыйындатып жатат.
Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин бейшемби күнү Telegram каналынан билдиргендей, эртең менен суунун орточо деңгээли 5,5 метрден ашты. Аймактын 600 чарчы километр аянты суу астында калды. Жетекчи 8-июндун таңына карай кооптуу аймактардан дээрлик 2000 адам чыгарылганын билдирди.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн суткада кызматкерлери суу каптаган аймактардан 300дөн ашык адамды, анын ичинде 70 баланы эвакуациялашканын маалымдады. Буга чейин оккупациялык бийликтер сол жээктен жалпысынан 4000 адам көчүрүлгөнүн билдирген.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Кахов ГЭСинин дамбасы кыйрагандан кийин суу каптаган аймактарында дарыянын деңгээли мурункуга караганда жайырак көтөрүлүп жатат. Днепрдин эки жээгинде 50дөн ашык калктуу пункт толугу менен же жарым-жартылай суу астында калган.
Орусиянын армиясы Украинанын Донецк облусуна караштуу Украинск аймагын 8-июнга караган түнү аткылап, анда үч адам, анын ичинде бир бала набыт болду. Селидов шаардык аскердик администрациясы чабуулда дагы беш киши жараат алганын, алардын төртөө балдар экенин билдирди.
ГВА агенттиги эки жер там жана 14 көп кабаттуу үй жабыркаганын жазды.
Жарадарлар ооруканага жеткирилип, учурда медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Кремль азырынча комментарий бере элек.
Украинанын Ювеналдык прокуратурасы 4-июнга карата Москванын Киевге каршы согушу маалында 485 миң бала мерт болуп, дагы 1005и жараат алганын билдирген. Бул документтештирилген гана учурлар экенин, чынында бул сан мындан дагы көп болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
Украинадагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийинки экинчи күн: спутниктен алынган сүрөттөрдө суу каптаган зоопарк жана башка аймактар тартылган. Новокахов (Новая Каховка) шаарындагы жергиликтүү зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөгүп өлгөнү айтылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги украиндердин «диверсиялык тобу» дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген «Тольятти-Одесса» аммиак куурун Харьков облусунда жардырып салганын билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Игорь Конашенковдун айтымында, карапайым тургундардын арасында жабыркагандар бар.
Киев азырынча бул тууралуу комментарий бере элек, буга чейин куур бир нече ирет орус армиясынын аткылоосуна кабылганын белгилеген.
Орусия жыл сайын тышка 4,4 миллион тонна аммиак экспорттойт. Анын көп бөлүгүн Марокко, Түркия, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери алат.
Бириккен Улуттар Уюму согуш башталганы дүйнөдө аммиак таңкыстыгы жаралып жатканын билдирген. Деңизге орус аммиагы Тольятти-Одесса түтүгү аркылуу жеткирилчү.
Бул жол аркылуу Москва жылына 2,5 миллион тонна аммиак экспорттоп келген. Учурда аммиак экспорту токтоп турат.