Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:34
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:02 9.6.2023

9-июнда Украинага учкучсуз аппараттар жана канаттуу ракеталар менен жасалган орусиялык армиянын чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылды, үчөө жарадар болду.

Башкалаа Киевде жана өлкөнүн дээрлик облустарында коркунуч тууралуу бир нече саатка абадан айгай салынып турду.

Украина бийлиги билдиргендей, орус күчтөрү Иранда чыгарылган 16 дрон жана алты канаттуу ракета менен сокку урду. Маалыматка ылайык, алардын көбү асмандан атып түшүрүлдү. Эң көп Житомир облусу жабыркаган. Абадан атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктарынан Звягель шаарында бир киши мерт кетти. Төрт турак-жай талкаланып, отуздан ашууну жабыркады.

Өлкө чыгышындагы Бахмут, Авдеевка, Марьинка аймактарында айыгышкан кармаш уланууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Бахмутта согуш талаасында алдыга жылып жаткан аскерлерине ыраазы экенин" билдирди. Бир күн мурда украин армиясы бир чакырымдай алды жылышканын маалымдашкан.

Ал арада Орусиянын Украина менен чектеш аймакта жайгашкан Белгород облусунун бийлиги украин тараптын аткылоосунан үч киши жаракат алганын билдирди. Киев буга чейин Орусиянын аймагындагы аткылоолорго тиешеси жок экенин белгилеп келген.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

11:04 9.6.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрү бир нече багыттар боюнча активдешүүдө. Бул тууралуу "Новая Газета - Европа" басылмасы бир катар булактарга таянып жазды. Орусиялык Телеграм-каналдар “Чабуул 7-июнда күндүз Запорож облусунда башталып, украин күчтөрү контрчабуулга өткөнүн”, “Орусиянын күчтөрү дагы кармашка киргенин”, “Ореховдо айгышкан кармаш жүрүп жатканын” жазышты.

Ошол эле маалда украин тарап кырдаал боюнча көп маалымат берген жок. Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Reuters агенттигине комментарий берип, “Украина пландалган контрчабуулу боло электигин жана анын башталышы ал ишке ашканда гана баарына ачык болорун” айтты. Ал эми президент Владимир Зеленский Bild басылмасына берген маегинде, "контрчабуулдун графиги буга чейин бекитилип, чечимдер кабыл алынганын" белгилеген.

10:36 9.6.2023

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруунун айынан суу алдында калган аймакка жардам жеткирди. Уюмдун баш катчысы Тедрос Гебрейесус Днепр дарыясынын ташышы бул райондун суу менен камсыздоо системасына, санитария жана саламаттык сактоо тармагына терс таасиринин тийгизерин эскертти.

Reuters агенттиги ДССУнун адистери кырсык болгон аймакта холераны козгоочу бактериаларды тапканын жазды. Уюмдун өкүлү Терезе Закария эгер окуя терс жагынан өнүгүп кетсе керектүү вакциналар чукул жеткирилерин маалымдады.

Анын алдында Киев суу каптаган аймакта жашагандарды коопсуз жайга көчүрүү маалында орус армиясынын аткылоосунан кеминде бир адам мерт болуп, дагы тогузу жараат алганын билдирген

Херсон облусунун Орусия дайындалган башчысы Володимир Салдонун айтымында, Голая Пристань шаарынан жайкын тургундарын эвакуациялоо пункту аткыланганда эки адам окко учуп, экөө жарадар болгон. Ал кол салуу үчүн Украинаны айыптады. Киев буга комментарий бере элек.

Ушул эле күну Херсонго украин президенти Владимир Зеленский барып, оперативдүү кырдаал, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Херсондун Москва көзөмөлдөгөн аймагына баруу планы жок экенин билдирген.

09:20 9.6.2023

Бейшемби күнү Херсонду аткылоодо кеминде бир адам каза таап, экөө жарадар болду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирип, ал үчүн орус аскерлерин айыптады. Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, суу каптаган жерлерден эвакуация жүрүп жатканда алар атайылап сокку урду.

Днепрдин оң жээгиндеги бир нече айыл да аткылоого кабылып, төрт киши жарадар экени кабарланды.

Херсондун борбордук бөлүгүн жана Днепрдин жээгине чабуу жасалганын буга чейин облустук администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирген. Украин маалымат каражаттары жана телеграм каналдары Херсондон тартылган видеолорун жарыялашты.

Херсон облусунун Орусия тарабынан дайындалган башчысы Володимир Салдонун айтымында, Голая Пристань шаарынан жайкын тургундарын эвакуациялоо пункту аткыланганда эки адам окко учуп, экөө жарадар болгон. Ал кол салуу үчүн Украинаны айыптады. Киев буга комментарий бере элек.

Ушул эле күну Херсонго украин президенти Владимир Зеленский барып, оперативдүү кырдаал, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн аймагына баруу планы жок экенин билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG