Одессада орус армиясы учкучсуз аппараттар менен чабуул коюп, үч киши набыт болду. 20дан ашык адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын “Түштүк” ыкчам командачылыгы билдирди. Маалыматка караганда, Орусия түндө Одесса облусуна "Шахед" дрондору менен сокку урган. Алардын баарын украин абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн. Учкучсуз учактардын бири көп кабаттуу турак жайдын жанына түшүп, айрым үйлөрдүн айнектери күбүлүп түшкөнү кабарланды. Дрондун сыныгы тийген батирден өрт чыкты.
Украин ыкчам командачылыгы Николаев облусуна да дрондон чабуул болгонун кабарлады. Түнү башкалаа Киевде жана өлкөнүн ондон ашуун облусунда коркунуч тууралуу бир нече саатка абадан айгай салынып турду.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында бастырып кирген. БУУнун маалыматына караганда, 2023-жылдын июнь айына карата аскердик аракеттерден улам 8983 жайкын тургун каза болуп, 15 442си жараат алды. Бул маалыматтар толук эмес болушу ыктымал.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Херсондо суунун деңгээли ылдыйлап баратканы кабарланды
Кахов ГЭСиндеги дамба жарылганда Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусун суу каптады. Соңку маалыматтарда суунун деңгээли төмөндөп баратканы айтылды. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин 9-июндун таңында билдирди.
"Түндө суу 20 см ылдыйлаганын көрдүк. Херсон шаарында суунун деңгээли 5,3 метр бойдон турат",-деген Прокудин.
Ал Херсон облусундагы 32 калктуу конушта үч миңден көп турак-жай суу алдында калганын кошумчалады. Анын айтымында, жабыркаган аймактардан 2300дөн ашык киши коопсуз жактарга көчүрүлдү. Орус армиясы Днепр дарыясынын аркы өйүзүнөн аткылап, куткаруучулардын ишине тоскоолдук жаратууда.
Облуска украин президенти Владимир Зеленский келип кетери менен 8-июнда орус армиясы Херсонго чабуулун улантты. Ал эми аймактын Орусия аннексиялап алган бөлүгүндөгү Новокаховка шаарынын мэри Владимир Леонтьев суу ташкындан беш киши набыт болуп, кырктан ашууну жабыркаганын айтты.
Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги коопсуздук кызматтарына таянып, 8-июнда 14 миңдей турак-жай суу алдында калып, төрт миңден ашуун киши көчүрүлгөнүн билдирген.
Анткен менен расмий Киев Орусия аннексиялап алган аймакта кырдаал оор экенин, тургундар каралбай калганын билдирүүдө.
Согуш маалында эки тараптын тең маалыматын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Bloomberg: АКШ Украинага дагы 2 млрд долларлык жардам берет
Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги Украинага дагы эки миллиард долларлык жардам көрсөтөрүн жарыялаганы турат. Бул тууралуу Bloomberg Ак үйдөгү өз булактарына таянып жазды.
Киев ал акчаны Hawk ракеталарын, ракета учуруучу техника жана абадан коргоочу Patriot системаларына эки түрдүү ракета сатып алууга сарптайт. Украина ошондой эле тактикалык баллистикалык, канаттуу ракеталарды атып түшүрүүгө ылайыкташкан системаларды алмакчы.
Басылманын маалыматына ылайык, Украина контрчабуул баштаганын расмий жарыялаганда АКШ жаңы жардам тууралуу билдирет.
Абадан коргонуу системасын бекемдөө Киев үчүн маанилүү маселелердин бири. Орусия Украинанын бардык аймактарын авиациядан сокку урууну улантып жатат. 9-июнга караган түнү орус армиясы 16 «Шахед» дрону, алты канаттуу ракета менен чабуул койгон. Укриананын абадан коргонуу системасы тогуз дронду жана төрт ракетаны атып түшүргөн.
9-июнда Украинага учкучсуз аппараттар жана канаттуу ракеталар менен жасалган орусиялык армиянын чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылды, үчөө жарадар болду.
Башкалаа Киевде жана өлкөнүн дээрлик облустарында коркунуч тууралуу бир нече саатка абадан айгай салынып турду.
Украина бийлиги билдиргендей, орус күчтөрү Иранда чыгарылган 16 дрон жана алты канаттуу ракета менен сокку урду. Маалыматка ылайык, алардын көбү асмандан атып түшүрүлдү. Эң көп Житомир облусу жабыркаган. Абадан атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктарынан Звягель шаарында бир киши мерт кетти. Төрт турак-жай талкаланып, отуздан ашууну жабыркады.
Өлкө чыгышындагы Бахмут, Авдеевка, Марьинка аймактарында айыгышкан кармаш уланууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский "Бахмутта согуш талаасында алдыга жылып жаткан аскерлерине ыраазы экенин" билдирди. Бир күн мурда украин армиясы бир чакырымдай алды жылышканын маалымдашкан.
Ал арада Орусиянын Украина менен чектеш аймакта жайгашкан Белгород облусунун бийлиги украин тараптын аткылоосунан үч киши жаракат алганын билдирди. Киев буга чейин Орусиянын аймагындагы аткылоолорго тиешеси жок экенин белгилеп келген.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.