БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Associated Press агенттигине берген маегинде Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан улам Украина көзөмөлдөгөн жана Орусия басып алган аймактарда жалпы 700 миңдей адам таза суусу жок калганын билдирди.
Херсондо суунун булганышынан улам сууга түшүүгө, балык уулоого, жаныбарларды сугарууга жана булактардан суу алууга тыюу салынган. Гриффитс БУУ буга чейин Украинанын көзөмөлүндөгү суу каптаган аймактардын 30 миң тургунуна жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.
Орус аскерлери БУУнун өкүлдөрүн өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарга киргизген эмес. Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин түн ичинде Днепрдин оң жээгиндеги суу каптаган аймактарда суунун деңгээли 26 сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди. Бул жакта 32 калктуу конуш суу алдында калып, 2716 адам эвакуацияланганды.
Ишембиде Украинанын Ички иштер министрлиги алар көзөмөлдөгөн аймакта селдин кесепетинен төрт адам каза болгонун, 27си дайынсыз жоголгонун маалымдады. Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирүүдө.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлады.
"Укргидроэнерго" ишканасынан билдиришкендей, Кахов суу сактагычында суунун деңгээли кескин азайып баратат. 11-июнь күнү таңкы саат 8ге карата көрсөткүч 9,35 метрди түзүп, бир суткада бир метрге, ал эми ГЭС бузулгандан бери жети метрге төмөндөгөн.
Днепрдин Түндүк Крым каналын суу менен камсыз кылган тилкелеринде да суу тайыздап жатат. Бул Орусия аннексиялап алган Крымды суу менен камсыздоодо көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Украинанын Куралдуу күчтөрү түн ичинде Орусиянын алты “Шахед” дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады
Украин армиясынын маалыматы боюнча, Харьков жана Луганск облустарындагы фронт аймактарына Иранда жасалган дрондор менен чабуул коюлган.
Аскердик аба күчтөрүнүн отчетунда кол салуулардын кесепеттери айтылган эмес.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн болбой турат.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо алдын ала жарыяланбаган сапар менен ишембиде Киевге барды. Аны өлкөнүн каржы министри Христя Фриланд коштоп жүрдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Трюдо сапарын Украинаны коргоочулардын элесине арналган мемориал турган Михайлов аянтына барып, гүл чамбар коюу менен баштады.
Ал украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп, Киевди колдоо, Украинаны калыбына келтирүү маселелерин талкуулады. Зеленский "Украинада коргонуу жана контрчабуул аракеттери болуп жатканын, ал азыр кайсы деңгээлде экенин толук айпай турганын" Трюдо менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында айтты.
Зеленский контрчабуул аракеттери кайсы аймактарда жүрүп жатканын тактаган жок. Акыркы күндөрү орусиялык маалымат булактары, ошондой эле Батыштын маалымат каражаттары Запорожье облусунда катуу кармаш жүрүп жатканын жазып жатышат. Москва муну украиналык контрчабуул деп атап, ал ишке ашпай турганын жарыялады. Бул темада орус коргоо министри Сергей Шойгу эки жолу, жума күнү президент Владимир Путин бир жолу комментарий берди. Адатта ал согуштук аракеттердин жүрүшүнө комментарий бербейт.
Бул Трюдонун Орусия Украинага басып киргенден берки экинчи сапары. Канаданын премьер-министри Киевге өткөн жылы май айында барган. Өткөн айда Трюдо менен Зеленский Хиросимада "Чоң жетинин" саммитинин алкагында жолугушкан.
Украин диаспораларынын эң көбү Канадада. Согуш башталгандан бери Оттава Киевге курал-жарак жана каржылык, гуманитардык жактан жардам берип келет.