Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 11-июнда тараткан маалыматына караганда, орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатат.
Украин тарап өз аймактарын кайтарып алуу үчүн контрчабуул баштагандыктан, орус тарап Луганск менен Донецкиге өзгөчө көңүл бура баштаганы кабарланууда.
10-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн күткөн контрчабуул башталганын билдирип, бирок ал азыр кайсы этапта экендигин айткан жок.
Андан кийин ал түнкү кайрылуусунда чыгыш жана түштүк фронттордо катуу салгылаш жүрүп жатканын маалымдады. Контрчабуулду Днепр суусундагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусу татаалдаштырып, бул үчүн Зеленский Москваны айыптаган.
Орусия айыптарды четке кагып келет. БУУ дамбанын бузулуусу жана суу ташкынынын кесепети оор болорун эскертти.
БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Associated Press агенттигине берген маегинде Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан улам Украина көзөмөлдөгөн жана Орусия басып алган аймактарда жалпы 700 миңдей адам таза суусу жок калганын билдирди.
Херсондо суунун булганышынан улам сууга түшүүгө, балык уулоого, жаныбарларды сугарууга жана булактардан суу алууга тыюу салынган. Гриффитс БУУ буга чейин Украинанын көзөмөлүндөгү суу каптаган аймактардын 30 миң тургунуна жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.
Орус аскерлери БУУнун өкүлдөрүн өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарга киргизген эмес. Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин түн ичинде Днепрдин оң жээгиндеги суу каптаган аймактарда суунун деңгээли 26 сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди. Бул жакта 32 калктуу конуш суу алдында калып, 2716 адам эвакуацияланганды.
Ишембиде Украинанын Ички иштер министрлиги алар көзөмөлдөгөн аймакта селдин кесепетинен төрт адам каза болгонун, 27си дайынсыз жоголгонун маалымдады. Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирүүдө.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлады.
"Укргидроэнерго" ишканасынан билдиришкендей, Кахов суу сактагычында суунун деңгээли кескин азайып баратат. 11-июнь күнү таңкы саат 8ге карата көрсөткүч 9,35 метрди түзүп, бир суткада бир метрге, ал эми ГЭС бузулгандан бери жети метрге төмөндөгөн.
Днепрдин Түндүк Крым каналын суу менен камсыз кылган тилкелеринде да суу тайыздап жатат. Бул Орусия аннексиялап алган Крымды суу менен камсыздоодо көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Украинанын Куралдуу күчтөрү түн ичинде Орусиянын алты “Шахед” дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады
Украин армиясынын маалыматы боюнча, Харьков жана Луганск облустарындагы фронт аймактарына Иранда жасалган дрондор менен чабуул коюлган.
Аскердик аба күчтөрүнүн отчетунда кол салуулардын кесепеттери айтылган эмес.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн болбой турат.