Украинанын Олеска Довбуш атындагы 68-бригадасы Донецк облусундагы Благодатное конушун Орусиянын аскерлеринен бошотконун билдирип, аны ырастаган видеону Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Тасмада украин аскерлери аткылоодон тамтыгы чыккан имаратка Украинанын туусун илип жатканын көрүүгө болот. Орус аскерлери туткунга алынганы айтылып, бирок кенен маалымат берилген жок.
Украин армиясы бошоткон аймак Угледар шаарына жакын Донецк облусундагы Благодатное айылы экени кабарланды.
11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.
10-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн күткөн контрчабуул башталганын билдирип, бирок ал азыр кайсы этапта экендигин айткан эмес.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 11-июнда Украинадагы сапары учурунда Киевге 375 миллион долларлык аскердик жардам берилерин, украиналык учкучтарды F-16 согуштук учактарына үйрөтүүгө катышарын билдирди.
Мындан тышкары украин армиясына кошумча 287 абадан коргонуу ракетасын жана 155 миллиметрлик 10 миң снарядды убада кылды. Трюдо Канада буга чейин миллиарддаган доллар каражат жардам бергенин белгилеп, мындан ары дагы Украинанын элине саясий, каржылык, гуманитардык жана аскердик колдоо узак убакытка чейин уланарын айтты.
Бул Трюдонун Орусия Украинага басып киргенден берки экинчи сапары. Канаданын премьер-министри Киевге өткөн жылы май айында барган.
Өткөн айда Трюдо менен Зеленский Хиросимада "Чоң жетинин" саммитинин алкагында жолугушкан.
Украинанын чыгышында айыгышкан кармаш уланууда. Украин тарап өз аймактарын кайтарып алуу үчүн контрчабуул баштагандыктан, орус тарап Луганск менен Донецкиге өзгөчө көңүл бура баштаганы кабарланууда.
Зеленскийдин билдирүүсү, Трюдонун сапары
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 11-июнда орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлады. 10-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн күткөн контрчабуул башталганын жарыялады.
«Украинада контрчабуул жана коргонуу аракеттери болуп жатат. Бирок ал кайсы этапта экенин азырынча айтпайм. Биз анын жыйынтыгын сезебиз», - деди ал.
Мунун алдында Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо алдын ала жарыяланбаган сапар менен Киевге 10-июнда барган эле. Ал украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Украинага жардам берүү маселесин талкуулады.
«Канада Украинага зарыл болгон колдоосун көрсөтө бермекчи. Өткөн жылдан тарта биз 8 миллиард доллар каржылык жардам, анын ичинде 1 миллиарддык аскердик жардам көрсөттүк. Бүгүн мен дагы аскердик жардам үчүн 500 миллион канада долларын (375 миллион)берерибизди жарыялап коеюн”,– деди Жастин Трюдо.
Канада украиналык учкучтарды F-16 согуштук учактарына үйрөтүүгө катышарын билдирип, украин армиясына кошумча 287 абадан коргонуу ракетасын жана 155 миллиметрлик 10 миң снарядды убада кылды.
Трюдо менен Зеленский катышкан маалымат жыйында журналисттер Путиндин «контрчабуул башталганы менен украин күчтөрү алдыга жыла алган жок» деген билдирүүсү боюнча Зеленскийдин пикирине кызыгышты. Зеленский журналисттерге «украин генералдарынын маанайы жакшы экенин Путинге жеткирип койгула» деп жооп берди.
Украин президенти өзүнүн кечки видеокайрылусунда чыгыш жана түштүк фронттордо катуу салгылаш жүрүп жатканын айтып, өз позициясын бекем кармап, алдыга жылып жаткандарга ыраазылыгын билдирди.
11-июнда украин аскерлери жоготуулар туурасында маалымат таратып, соңку 24 сааттын ичинде 980ден ашык орус жоокери мерт кетип же жарадар болушц мүмкүн экенин билдирди. Согуш шартында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес экенин эске салабыз.
Украинанын коргоо министри Анна Маляр соңку кырдаалга токтолуп, Орусия украин тараптын контрчабуулун алсыратуу максатында Днепр дарыясындагы Кахов ГЭсинин дамбасын жардырып, Киевдин колун экологиялык жана гуманитардык кризиске байлоо аракетин көргөнүн Телеграмга жазды. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирип келе жатат.
БУУнун эскертүүсү
Бул арада БУУнун өкүлү дамбанын бузулушу жана суу ташкыны олуттуу гуманитардык кесепеттерге алып келерин эскертти. Уюмдун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Associated Press агенттигине берген маегинде Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан улам Украина көзөмөлдөгөн жана Орусия басып алган аймактарда жалпы 700 миңдей адам таза суусу жок калганын билдирди. Анын айтымында, бул кризис буудай экспортунун азайышына, дүйнөдө тамак-аштын кымбатташына алып келип, аз камсыздалган миллиондогон жарандарды ачкачылыкка кептейт.
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги 11-июнда дамбанын бузулушу Москва аннексиялап алган Крым жарым аралындагы таза суунун булагына чоң зыян келтирерин маалымдады.
Ушул тапта суу каптаган аймактарда куткаруу чаралары уланып жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги алар көзөмөлдөгөн аймакта селдин кесепетинен төрт адам каза болгонун, 29у дайынсыз жоголгонун маалымдады. Суу алдында калган 32 калктуу конуштан 2716 адам эвакуацияланды.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлады.
Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирип жатышат.
Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан кийин Украинанын Херсон облусунун суу алдында калган аймактарынан төрт миңдей адам эвакуация болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 11-июндун кечинде жасаган видео кайрылуусунда билдирди.
Анын сөзүнө караганда, ондогон шаарлар менен айыл-кыштыктарды дагы деле суу каптап жатат. Ал Херсон облусунун убактылуу оккупацияланган бөлүгүндө орус армиясынын аткылоосуна кабылган украиналыктарды коопсуз жайга чыгарууга ыктыярчылар жардам берип жатканын айтты.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлаган.
Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирүүдө.