Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:57
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киевге соккунун курмандыктары 10дон ашты, 20дан көбү жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:31 12.6.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги чечендердин "Ахмат" отряды менен "ыктыярдуу түзүмдөрдүн" кызматын уюштуруу келишимине кол койгонун жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Телеграм-каналына чыкты.

Документке Орусиянын Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Алексей Ким жана Орусиянын атайын күчтөр университетинин директору Адам Дашаев кол койгон. Ага "Ахмат" отрядынын командири Апты Алаудинов жана Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов катышты.

"Биздин биринчи тажрыйбабызды карап, башка ыктыярдуу отряддар да ушундай келишимдерге кол коюшат деп ишенем", - деди Башкы штабдын өкүлү.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу буга чейин бардык “ыктыярдуу отряддарды” 1-июлга чейин Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттендирген буйрук чыгарган.

Украинадагы согушка аскерлерди жалдаган "Вагнер" жеке аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин "Шойгу менен эч кандай келишим түзбөй турганын" билдирген.

Пригожин бир нече жолу Шойгуну жана ал жетектеген мекемени сындап чыккан.

20:30 12.6.2023

Украин армиясы Запорожье жана Донецк облустары чектешкен аймакта дагы эки кыштак орус армиясынан бошотулганын жарыялады. Ал жердеги Великая Новоселовка кыштагында акыркы күндөрү украин аскерлери илгерилеп баратат.

Киев жекшембиде жана дүйшөмбүнүн таңында Донецк облусундагы үч кыштак бошотулганын билдирген. Ошондой эле украиндер Запорожье облусунун Новодаровка айылынан орус күчтөрүн сүрүп чыгууга аракет кылып жатканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.

15:53 12.6.2023

Украинанын Коргоо министрлиги Донецк облусундагы бир нече кыштак орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди.

11-июнь күнү кечинде Украинанын Коргоо министрлигинин башчысынын орун басары Анна Маляр Благодатное жана Макаровка конуштары Киевдин көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. 12-июнда ал Донецк облусунун Волноваха районундагы Сторожевое кыштагы бошотулганын маалымдады.

"Арей" ыктыярчылар отряды аймак тагы Нескучное айылы бошотулганын кабарлады.

Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) 10-11-июнь күндөрү аймактагы бир канча кыштак бошотулганын өз булактарына таянып бышыктады.

11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында басып кирген.

15:47 12.6.2023

Украинанын Коргоо министрлиги Донецк облусундагы бир нече кыштак орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди.

11-июнь күнү кечинде Украинанын Коргоо министрлигинин башчысынын орун басары Анна Маляр Благодатное жана Макаровка конуштары Киевдин көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. 12-июнда ал Донецк облусунун Волноваха районундагы Сторожевое кыштагы бошотулганын маалымдады.

"Арей" ыктыярчылар отряды аймак тагы Нескучное айылы бошотулганын кабарлады.

Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) 10-11-июнь күндөрү аймактагы бир канча кыштак бошотулганын өз булактарына таянып бышыктады.

11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG