Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:40
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киевге соккунун курмандыктары 10дон ашты, 20дан көбү жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:44 13.6.2023

Иран Тажикстанга учкучсуз учуучу аппараттарды чыгара турган жабдыктарды жеткириши мүмкүн. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Соода, Юстиция, Каржы министрликтеринин жана Мамдепартаменттин 9-июнда жарык көргөн биргелешкен баяндамасында жазылат.

"Түшкөн маалыматка караганда, Иран Тажикстан менен Орусиянын аймагында учкучсуз аппараттарды чыгарууну уюштуруу максатында бул өлкөлөргө технология жана жабдык сунуштаган", - деп белгиленген отчетто.

Баяндамада катаал санкциялар киргизилген Ирандан дрондорду сатып алуу, жайылтуу жана өндүрүү эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн канчалык коркунучтуу экени эскертилген.

Тажикстан жана Орусиянын бийлиги баяндамада жазылган маалыматка реакция жасай элек.

Былтыр майда Ирандын маалымат каражаттары Тегеран Тажикстанда дрон чыгарчу заводдорду ачканын кабарлашкан. Алар Дүйшөмбүдөгү Ababil-2 заводунун ачылышынан сүрөттөрдү жарыялоо менен салтанатка Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы, генерал-майор Мохаммад Хоссейн Бакери менен Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо катышканын жазышкан.

Тажикстандын расмий органдары жаңы дрон өндүрүшүнүн чоо-жайы, анын тажик армиясындагы болочоктогу орду тууралуу деталдуу маалымат тараткан эмес.

Кийин украиналык журналист, блогер Дмитрий Гордон "Тажикстандын аймагында чыгарылган Ирандын дрондору украиндерге сокку уруп жатат" деп айткан. Расмий Дүйшөмбү анын сөзүн төгүндөп, "Тажикстан аскердик техниканы үчүнчү мамлекеттерге экспорттобойт" деп билдирген.

Орусия Украинадагы согушта Иранда өндүрүлгөн "Шахед" дрондорун колдонуп жатканы маалым.

21:29 13.6.2023

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын өзөктүк куралы анын өлкөсүнө мурда пландалган да эртерээк, жакынкы күндөрү жеткирилерин 13-июнда билдирди. Буга чейин Путин курал июль айынын экинчи жарымында Беларуска жайгаштырыларын айткан эле.

Лукашенко Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу орус президенти Владимир Путиндин эмес, анын чечими болгонун кошумчалады.

«Бул менин талабым болду. Орусия аны мага байлаган жок. Эмнеге? Анткени дүйнөдө өзөктүк держава менен эч ким согушкан эмес»,- деди Лукашенко.

Москва менен Минскинин өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча документке 25-майда кол коюшкан.

Бул чечимди бир катар мамлекеттер дароо сынга алып, НАТО аны «кооптуу жана жоопкерчиликсиз» деп атады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өзөктүк куралга көзөмөлдү Москва жүргүзөрүн билдиргени менен Лукашенко анын "өлкөсүнө каршы агрессия" башталса, ал "эч токтоосуз" бул куралды колдонорун айтты.

Украинага согуш ачкандан бери Орусия Лукашенконун макулдугу менен Беларусту плацдарм катары колдонуп келген.

Тактикалык өзөктүк куралдын огуш талаасында колдонууга багытталган кубаты азыраак. Орусия канча тактикалык өзөктүк куралы бар экенин ачыктабай келет.

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда Орусия, Украина, Беларус жана Казакстанда өзөктүк курал калган. 1992-жылы төрт өлкө бардык куралды Орусияда сактоону макулдашып, өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарын төрт жылдын ичинде Москвага толук өткөрүп берген.

21:28 13.6.2023

13-июнга караган түнү Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккуларынан кеминде 11 киши мерт кетти. Ондогон адамдар жаракат алды. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени деп саналган шаарда 14-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президент кол салууну кескин айыптады.

"Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам. Террорчулар эч качан кечирилбейт, алар ар бир урган ракета үчүн жооп беришет", - деп жазды Зеленский Телеграмга.

Бул түнү Украинанын баардык аймагында кол салуу коркунучу тууралуу эскертүү берилген. Баш калаа Киев да аткылоого дуушар болгону, ракеталардын баары асмандан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июнга караган түнү "Орусиянын Аба-космос күчтөрү жогорку тактыктагы алыскы аралыкка жетчү курал менен украин куралдуу күчтөрүнүн резервдери топтолгон жайларга, курал-жарак кампаларына сокку урганын" билдирди.

Ал арада Кахов ГЭСиндеги дамбанын жарылуусунан улам суу каптаган Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө кайтыш болгондордун саны 17ге жеткенин аймактын Москва дайындаган башчысы Андрей Алексеенко социалдык тармактарга жазды.

Дамбанын жарылуусунан ондогон калктуу конуштарды суу каптап, миңдеген тургундар коопсуз жактарга көчүрүлдү. Жардыруу үчүе Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

16:04 13.6.2023

Москва орус армиясы былтыр жазда басып алган Украинанын Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине студенттерди тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

"Бул жай силер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алдыңарга коюлган бардык тапшырмаларды аткарасыңар деп ишенем", - деди ал Орусиянын студенттик отряддарына кайрылган учурда.

Былтыр күзүндө "Озоди" радиосу орус курулуш компаниялары Мариуполго тажикстандык эмгек мигранттарын жөнөтүп жатканын жазган. Макул болгондорго айына 130 миңден 250 миң рублга чейин маяна, андан тышкары жатакана, үч маал тамак-аш убада кылынган.

Эки ай өтпөй Мариуполго барган мигранттар иш берүүчү алдап кеткенин, аларга убада кылынган акчанын жарымын эле төлөшкөнүн айтып арызданышкан.

Ал жакта курулушта иштеген жыйырма чакты кыргызстандык да бар экени белгилүү болгон.

Орус армиясы Мариуполь шаарын 2022-жылдын май айында басып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский калаадагы имараттардын 95% талкаланып, шаар дээрлик жер менен жексен болуп калганын билдирген.

Орусия кол салганга чейин Мариуполь Азов деңизинин жээгиндеги өнүккөн кооз порт шаар жана өнөр жайы күчтүү болгон. Согушка чейин болжол менен 425 миңдей адам жашаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG