Украинадагы чечен кошуундарынын командири Адам Делимхановдун Телеграм каналында текст түрүндөгү маалымат жарыяланды.
"Жараткандын ырайымы менен менде баары жакшы!", - деп жазылган анда. Ошондой эле украин басылмаларын фейк таратып жатат деп айыптаган.
Сүрөттөр же видеолор тиркелген эмес.
Буга чейин бир нече украиналык жана орусиялык маалымат булактары Адам Делимханов Украинада жараат алганын кабарлашкан.
Орусиянын Коргоо министрлигинин каналы бул тууралуу маалымат таратып, кайра төгүндөгөн. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Делимханов тирүү экенин Телеграмга жазган. Бирок өз сөзүнө эч кандай сүрөт же видео далил келтирген эмес.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Чеченстан жумуриятынын башчысы Рамзан Кадыровдун тууганы жана анын оң колу саналган Адам Делимханов Украинада жарадар болгону кабарланып, кийин кайра төгүндөлдү.
Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу "Звезда" каналы алгач ЛДПР партиясынын басма сөз кызматына таянып, Делимханов жараат алганын жазган. Кийин кайра эле ошол телеканал депутаттын жарадар болгону тууралуу маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди.
Буга чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн курамында согушуп жүргөн саясат таануучу Кирил Сазонов орус депутаты Запорожье облусундагы атайын операциянын алкагында өлтүрүлгөнүн кабарлаган.
Ал эми Рамзан Кадыровдун Телеграмдагы каналында Делимханов менен байланыш болбой жатканы тууралуу маалымат чыккан.
53 жаштагы Делимханов ар кандай маалыматтарга ылайык Кадыровдун үч же төрт ата өткөн тууганы. Ал Рамзандын атасы, маркум Ахмат Кадыровдун коопсуздук кызматында иштечү.
Делимханов 2014-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы үчүн АКШнын санкциялар тизмесинде турат. 2022-жылдын апрелинде орус күчтөрү Украинаны Мариуполь шаарын басып алганда депутат Орусиянын Баатыры наамын алган.
Кыргызстанда Делимхановдун аты Батукаевдин ишине байланыштуу аталган.
Украинада 14-июнга караган түнү орус армиясынын соккусунан кеминде алты киши мерт кетти. Бул тууралуу украин бийлигинин өкүлдөрү жана аскерлер шаршембиде билдиришти.
Өлкө түштүгүндөгү Одесса шаарына жасалган орус күчтөрүнүн соккусу бери дегенде үч кишинин өмүрүн алды. Ондон ашууну жабыркады. Маалыматка караганда орус армиясы Кара деңиздин жээгинде жайгашкан шаарга төрт «Калибр» ракетасы менен сокку уруп, алардын экөө асмандан атып түшүрүлгөн. Эки ракета дүкөндүн кампасына тийип, жанындагы соода борбор, мектеп, карапайым тургундар жашаган комплекс жабыркаган. Аскерлер урандылардын алдында да адамдар калышы мүмкүн экенин айтышууда.
Андан тышкары Донецк облусундагы Краматорск жана Константиновка шаарларында орус армиясынын ракетасынан үч киши мерт кеткенин облус губернатору Павел Кириленко Фейсбукка жазды.
Ал ошондой эле ондогон турак жайлар талкаланганын кошумчалады. Украин армиясы 14-июнда маалымдагандай, орус күчтөрү канаттуу ракеталар жана Иранда чыгарылган учкучсуз аппараттар менен чабуул койгон.
Днепропетровск облусу экинчи күн катары менен аткылоого туш болуп жатканын 14-июнда аймактын губернатору Сергей Лысак билдирди.
Украин аскерлери өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында жети калктуу конуш орус армиясынын бошотулганын, ал эми Бахмуттагы айыгышкан салгылашта ийгилик болгонун кабарлашты.
Москва бул маалыматты төгүндөп жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын контрчабуулу өз максатына жетпей калганын, Киевдин жоготуулары Москваныкынан 10 эсе көп экенин 13-июнда билдирди.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Путиндин комментарийин «өзүн-өзү алдоо» деп сыпаттады.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
14-июнга караган түнү Орусиянын армиясы Одессага жасаган ракеталык чабуулунан кеминде үч адам мерт кетип, дагы 13 киши жарадар болду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн “Түштүк” ыкчам командачылыгы билдирди.
Маалыматка караганда, орус аскерлери Кара деңиздеги кемеден урган аба соккудан Одессадагы бизнес борбор, билим берүү мекемеси, турак-жайлар, коомдук тамактануу жайлары жана дүкөндөр жабыркаган.
Соода түйүндөрүнүн биринин кампасынын 1000 чарчы метр аянты талкаланып, 400 чарчы метри өрттөнгөн. Аскер кызматкерлери урандылар тазаланып жатканын, анын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
13-июнга караган түнү Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккуларынан кеминде 11 киши мерт кеткен. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени деп саналган шаарда 14-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президент кол салууну кескин айыптады.