Орусиянын аскердик блогерлери орус күчтөрү Украинанын Луганск облусундагы Кременная шаарынын айланасында чоң жоготууга учураганын кабарлашты.
Бир нече Телеграм-канал жарыялаган маалыматка ылайык, генералдын келишин күтүп турган орус аскерлерине украин күчтөрү сокку урганда ондогон жоокер каза болгон. Бул маалыматты бөлүшкөн "Рыбарь", "Старше Эдды", "Повёрнутые на Z войне", "Два майора" жана "Zаписки мичмана Птичкина" Телеграм-каналдарынын жалпы катталуучуларынын саны 3 миллиондон ашат.
Каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу так маалымат айтылбайт, түрдүү булактарда алардын саны 50дөн 100гө чейин деп көрсөтүлүүдө. Ошондой эле Телеграм-каналдар жоокерлер күткөн генералдын аты-жөнүн да жазышкан эмес.
Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, сөз буга чейин "Чыгыш" аскер бөлүгүн жана Тынч океан деңиз аскерлеринин 155-бригадасын жетектеген генерал-майор Сухраб Ахмедов жөнүндө болуп жатышы мүмкүн. Буга чейин аталган бригада Приморье крайынын губернаторуна ачык кат жазып, Донецк облусунун Павловка айылындагы чоң жоготуулар үчүн Ахмедовду айыптаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги блогерлер жарыялаган маалыматка комментарий берген жок. Украинанын куралдуу күчтөрү да Кременнаяны көздөй сокку урулганын маалымдаган эмес.
Украинанын Херсон облусунда, Днепрдин Киев көзөмөлдөгөн оң жээгинде бери дегенде 10 киши суу ташкында каза болду. Дагы 40 киши дайынсыз болууда, арасында жети бала бар. Бул тууралуу облустук аскер администрациясы "Свобода" радиосуна билдирди. Аймактын Украинанын көзөмөлүндөгү аймагында үч миңден ашуун үйдү суу каптаган.
Ал эми орус күчтөрү көзөмөлдөп турган Днепрдин сол жээгинде 18 кишинин өлгөнү аныкталганын облустун башчысы Владимир Сальдо Телеграмга жазды.
Аймактан жалпысынан жети жарым миңдей киши эвакуацияланып, жүзгө жакыны ооруканага жаткырылган.
Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги апааттан улам жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн деп кооптонууда. Аймакта балык уулоого тыюу салынды.
Дарыгерлер шаар тургундарына Днепрдин суусуна түшпөөнү, тамак-ашка колдонбоону эскертишти.
Украинанын аймагында Орусиянын согушу уланып жаткан кезде, 6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылып, Херсон облусунун бир катар конуштарын суу каптаган.
Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.
Украинадагы согушта Орусиянын тарабында салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болду. Анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени "Би-Би-Синин" орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылат.
Макалада "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.
Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөнү маалымат каражаттарына чыккан. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.
2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.
Буга чейин "Азаттык" радиосу орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.
Украинанын Одесса, Днепропетровск жана Харьков облустары 15-июнга караган түнү кайрадан жапырт аткылоого кабылды. Башкы штабдын маалыматына караганда, өлкө боюнча абадан эскертүү жарыяланып, Кривой Рог, Одесса жана Харьков шаарларында жарылуулардын үнү угулду.
Кривой Рогдо ракеталык чабуулдун натыйжасында эки ишкана талкаланып, бир адам жабыркаганын Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Киев орус армиясы "Калибр" үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды, Иран өндүрүшүндөгү "Шахед" жанкечти дрондорун колдонгонун маалымдады. Москвага буга комментарий бере элек.
Орус күчтөрүнүн 13-июндагы соккусунан Кривой Рогдо ондон ашуун адам, 14-июнда Одессада үч киши, Донецк облусунда үч тургун каза тапкан.
15-июнда аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов жарым аралга украин күчтөрү сокку урганын биддирип, Красногвардейск деген районду алты дрон бутага алганын, бир катар үйлөрдүн терезелери талкаланганын маалымдады.
Киев Аксеновдун айткандарына комментарий бере элек.