18-июнда Орусиянын армиясы Украинанын бир катар аймактарын аткылоосунда үч адам өлүп, бешөө жарадар болду.
Бул тууралуу Украинанын расмий өкүлдөрү билдиришти.
"Нью-Йорк Таймс" гезити Кахов ГЭСиндеги жардыруу боюнча өз иликтөөсүн жүргүздү.
ГЭСтеги дамбанын бузулушна техникалык туннелдеги жарылуу себеп болгон жана аны Орусия жасаган деген тыянак чыгарды.
Украина тарап 18-июнда ГЭСтеги жарылуудан кийинки суу ташкынынан 16 адам каза болгонун билдирди.
Орус тарап болжол менен 29 киши каза тапканын билдирди.
Орус аскерлеринин Украинанын Харьков облусун аткылоосунан эки жай тургун каза болду.
Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов Телеграм аркылуу билдирди.
Синегубовдун айтымында, Гурьев Казачок айылында автоунаага ракета тийип, 52 жаштагы эркек жана 53 жаштагы аял курман болгон.
Адегенде төрт адам киши мерт кеткени кабарланып, кийинчерээк аймактын бийлиги эки киши өлдү деген тактоо киргизди.
Орусия комментарий бере элек.
Согуш шартында тараптар тараткан маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн болбой турат.