Украинанын президенти Владимир Зеленский Африка өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууда Орусия менен тынч сүйлөшүүлөр алардын аскерлери украин аймагынан толук чыгып кеткенден кийин гана болушу ыктымалдыгын айтты. Ал бул тууралуу жолугушуудан кийин Киевде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү жолугушууда мен бир нече жолу так айттым. Орусия баскынчы болуп биздин жерде турган кезде аны менен жүргүзүлгөн кандай гана сүйлөшүү болбосун согушту тоңдурууга, кайгы-муңду тоңдурууга барабар. Бизге азыр чыныгы тынчтык керек, демек, орус аскерлери биздин бардык эгемен аймагыбыздан чыгарылып кетүүгө тийиш", - деди ал.
Зеленскийдин маалымдашынча, Африка биримдигинин лидерлери менен сүйлөшүүдө Украинадан дан экспорттоо маселеси да көтөрүлгөн.
"Биз дүйнө элине чындап көмөктөшүп келе жатабыз, өзгөчө Африка, Азия жана Европанын эли социалдык туруктуулукту, азык-түлүк бааларын биздин экспорттун аркасы менен кармап келе жатышат. Өнөктөштөрүбүз менен бирге биз Африкадагы дан хабдары боюнча иштеп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугу бекем кепилдикке алынууга тийиш".
Украин президенти Орусия азык-түлүк базарында монополист болуу үчүн украин портторунун жолун тосуп жатканын кошумчалады.
16-июнда Африка өлкөлөрүнүн лидерлери Киевге тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында барышты. Алардын ичинде Түштүк Африка Республикасынын лидери Сирил Рамафоса, Комор аралдары биримдигинин президенти Азалия Ассомани, Сенегалдын мамлекет башчысы Маки Салл, Замбиянын лидери Хакаинде Хичилема, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули, Конго президентинин атайын өкүлү Флоран Нциба, Уганда президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Рухакана Ругунда бар. Алар украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан соң ишембиде Санкт-Петербург шаарына, орус президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн жөнөп кетишет.
Украинадагы согуштан улам буудайдын кескин кымбаттап кетиши Африка мамлекеттерине өзгөчө оорчулук жаратты.
Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда "аскердик операция" деген жүйө менен бастырып кирген.
Америкалык согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочулары жума күнү украин аскерлери фронттун кеминде үч бөлүгүндө контрчабуулду улантканын жана ийгиликке жеткенин кабарлады.
Институт Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына таянып, Донецк облусунун батышындагы Угледарга жакын Ступочки кыштагында (Бахмуттан 12 чакырым түштүк-батышта) контрчабуул ийгиликтүү болгонун билдирген.
16-июнда тынчтык миссиясы менен Украинага Африка делегациясы келген маалда Киевде жардыруу болду. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги жана баш калаа мэри Виталий Кличко билдирди. Ал орус армиясы жаңы ракеталык соккуларды урушу мүмкүн экенин эскертти.
Африка делегациясын Түштүк Африка республикасынын президенти Сирил Рамафоса жетектеп келди. Курамында Сенегалдын лидери Маки Салл, Замбиянын президенти Хакаинде Хичилема жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар.
Украинадагы согуштан улам буудайдын кескин кымбаттап кетиши Африка мамлекеттерине өзгөчө оорчулук жаратты. Жогорку даражалуу өкүлдөрдөн турган дипломатиялык команда алгач украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Ишембиде Санкт-Петербургга барып орус лидери Владимир Путинге кезигишери күтүлүүдө.
Африка делегациясы Украинанын Буча шаарына барганы белгилүү болду. 16-июнда Украинанын баардык аймактарында аба соккулары тууралуу эскертүү жаңырды.
Орус армиясы 16-июнга караган түнү ракета жана дрондор менен сокку урууну улантты. Бул тууралуу жуманын таңында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.
"Тилекке каршы, карапайым тургундардын арасында набыт кеткендер жана жарадар болгондор бар. Кривой Рогдо, Днепропетровск облусундагы өндүрүш обьектилери, турак-жайлар, Херсон облусунда административдик инфратүзүмдөр жабыркады", - деп жазылат штаб тараткан маалыматта. Канча адамдын өмүрү кыйылып, жабыркаганы так белгиленген эмес.
Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 15-июндун кечинде украин мамлекеттик телеканалына курган маегинде: "Учурда ар кайсы багыттарда чабуул жана коргонуу операциялары бирдей жүрүп жатат",- деди.
Ал ошондой эле Орусия украин армиясына алдыга жылууга тоскоолдук жаратуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.
Украина контрчабуулду баштаганын расмий жарыялаган эмес. Анткен менен соңку бир аптанын ичинде украин аскерлери жети калктуу конушту орус күчтөрүнөн бошотконун жар салышты. Муну башка көз карандысыз булактар да ырастады. Орусиянын бийлиги маалыматты төгүндөп, украин армиясы бир да багытта ийгиликке жетпегенин айтууда.