Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт

Түз ободо Украина: Орусиянын соккусу бир нече кишинин өмүрүн алды, 20дан ашууну жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:14 19.6.2023

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 19-июнда Украина менен чек арадагы Валуйки шаарындагы аткылоодо жети адам, анын ичинде бир бала жарадар болгонун билдирди. Беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

Губернатор беш көп кабаттуу үй жана 4 жеке турак-жай зыянга учураганын маалымдады.

Baza Telegram каналы кабарлагандай, шаарда электр жарыгы жок. Шаарга кирген жол жабык.

Валуйки Украина менен чек арадан 20 чакырым алыста жайгашкан. Украинада орус күчтөрү менен салгылаш болуп жаткан аймакка жакын калаада 33 миң тургун бар.

Орусиянын Украина менен чектеш аймактары акыркы кездери аткылоого жана дрондор чабуулдарына дуушар болууда. Орусия тарап бул үчүн Украинаны күнөөлөп жатат. Украина бийлиги буга комментарий бере элек.

11:39 19.6.2023

Кахов ГЭСиндеги 6-июнда болгон жардыруудан кийин курмандыктар саны өсүп жатканын Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Анын маалыматына караганда, набыт болгон 17 адамдын 13ү сууга чөгүп, төртөө эвакуация учурунда окко учкан. Учурда 31 адам дайынсыз болууда.

Кеп бул жерде Украина көзөмөлдөгөн Днепрдин оң жээгиндеги жоготуулар тууралуу жүрүүдө. Бирок күбөлөрдүн айтымында, украин тарап орусиялык аскерлер көзөмөлдөгөн сол жээкте дагы куткаруу иштерин жүргүзүүгө аракет кылууда. 11-июнда украин бийлиги эвакуация учурунда орусиялык аскерлердин аткылоосунан үч киши каза тапканын билдирген.

Украинанын ички иштер министринин маалыматына караганда, оң жээкте 876 үйдү суу басты. Кооптуу аймактардан 3,5 миңден ашык киши эвакуацияланды. Орусиянын көзөмөлүндө турган сол жээкте суу чоң аймакты каптап, эвакуацияга муктаж адамдар көп экени кабарланган. Ыктыярчылар аларды куткаруу жана жардам көрсөтүүгө тоскоолдуктар болуп жатканын айтууда.

Кахов ГЭСиндеги дамбанын жарылуусунан улам суу каптаган Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө кайтыш болгондордун саны 35ке жеткенин аймактын Москва дайындаган башчысы Андрей Алексеенко жекшембиде билдирди. Бир күн мурдагы маалыматта 29 адам деп берилген эле.

Мунун менен эки тараптан набыт болгондордун саны расмий маалыматтар боюнча 50 адамдан ашты.

Reuters агенттиги жекшембиде Голая Пристань шаарындагы суу ташкындоодон кийинки сүрөттөрдү жарыялады. 16-июнда тартылган сүрөттөрдө суу баскан үйлөрдөн адамдардын сөөктөрүн алып чыгып жатышканын көрүүгө болот.

Орусия көзөмөл кылган шаардын бийлиги куткаруу иштерин өз учурунда жүргүзө албай, карантин жарыялаганын ыктыярчылар билдирген. Херсон облусундагы суу каптаган ондогон айыл-кыштактагы эл дале жардамга муктаж.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Суу ташкыны Днепрдин эки тарабындагы элүүдөн ашуун шаар-кыштактарды каптаган.

Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.

11:38 19.6.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусундагы Пятихатки шаарчасын көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов 18-июнда Телеграмга жазды. Бул маалыматты орусиялык бийликчил блогерлер да таратууда.

Киев бул кабарды азырынча ырастай элек. Орусиянын Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде "айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы" айтылган.

Буга чейин бир аптада украин армиясы 7 айыл-кыштакты бошоткону кабарланган.

18-июнда Одессанын аймактык администрациясы Херсон облусунун түштүгүндө Орусия ээлеп алган Геническ шаарынын жанында курал-жарактын ири кампасы жок кылынганын билдирди. Каршы тарап бул сокку тууралуу маалыматтын айланасында комментарий жасай элек.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирди. Жекшембиге караган түнү Днепропетровск облусуна ирандык эки дрон менен чабуул коюлганын, алар атып түшүрүлгөнүн губернатор Сергей Лисол маалымдаган.

Согуш шартында мындай кабарларды оперативдүү текшерүү мүмкүн эмес.

The New York Times гезити украин расмий адамдарына шилтеме менен орус аскерлери Киевдин контрчабуулуна даярдык катары коргонуусун бекемедеп алганын жазган. Америкалык дагы бир басылма - The Wall Street Journal Украина алга жылуусун убактылуу токтотконун, Орусия танктар менен оор техникага абадан сокку уруп, бул жагынан артыкчылыкка ээ болгонун билдирген.

Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо кызматына таянып билдиргендей, Бахмуттун айланасында эки тарап тең ири жоготууларга учурады. "Марттагы айыгышкан салгылашуулардан бери Бахмутта мынча көп орусиялык аскер каза таба элек болчу", - деп эсептейт британ мекемеси.

13:21 18.6.2023

Комор аралдарынын, Түштүк Африканын жана Сенегалдын президенттери, Египеттин премьер-министри жана Конго менен Уганданын башчыларынын атайын өкүлдөрү Санкт-Петербургда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Алар Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө орус бийлигин чакырышты.

Путин украин бийлиги сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын айтты.

Путин менен жолугушкан башчылар Санкт-Петербургдан мурда Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен кездешкен. Анда да орус тарап менен сүйлөшүүгө үндөшкөн, Зеленский "орус күчтөрү" Украинанын эгемен аймагынан чыгып кеткенде гана сүйлөшүү тууралуу сөз кылса болот деген таризде жооп кайтарган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG