Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:49
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт

Түз ободо Украина: Орусиянын соккусу бир нече кишинин өмүрүн алды, 20дан ашууну жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:40 20.6.2023

Шейшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына учкучсуз учак менен сокку урууга аракет кылды. Жарылуулардын добушу Киевде жана Львовдо угулду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы эртең менен 30 ракетанын 28и атып түшүрүлгөнүн билдирди.


Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, 20-июнга караган түнү борбор калаанын үстүнөн 20дай дрон атып түшүрүлгөн. Ал учкучсуз учактар шаарды ар кайсы багыттан аткылап, үч сааттай аба айгайы жаңырып турганын Телеграмга жазды.

Львовдун мэри Андрей Садовой абадан жок кылынган дрондун калдыгы шаардагы инфратүзүмдүн объектисине түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар болгон жок. "РБК-Украина" үч дрон Николаев облусунда атып түшүрүлгөнүн жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы билдиргендей, учкучсуз учактар эки багыт боюнча, Орусиянын Брянск облусу жана Азов деңизинин жээги менен учурулган.

Орус аскерлери Запорожье шаарына жана анын тегерегине С-300 комплексинен жети ракета аткан.

"Байланыш, айыл чарба жана дыйканчылыктын мүлкү жана жабдуулары, ошондой эле эл көп барган эс алуу жайын" бутага алуу максаты болгон. Бийликтин айтымында, жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Днепропетровск облусунда Мировое калктуу конушу катуу артиллериялык аткылоого дуушар болгон.

"Эч ким жабыркаган жок", - деди Кривой Рогдун администрациясынын башчысы Александр Вилкул.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар боюнча комментарий берген жок.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

15:18 19.6.2023

Британ Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, эки тарап тең Бахмутта оор жоготууларга учурады. The New York Times гезити адистерге таянып, Кахов ГЭСиндеги жардырууну Орусия уюштурган деген жыйынтыгын жарыялады. Ал арада африкалык лидерлердин “тынчтык миссиясы” майнапсыз аяктады.

Украин аскерлеринин ийгилиги, коргонуусун бекемдеген орус армиясы

Украинанын куралдуу күчтөрү Запорожье облусундагы Пятихатки шаарчасын көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов 18-июнда Телеграмга жазды. Бул маалыматты орусиялык бийликчил блогерлер да таратышууда.

Киев бул кабарды азырынча бышыктай элек. Орус Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы айтылган.

"Свобода" радиосу жазгандай, Пятихатки кайтырылган болсо, анда бул - украин аскерлери майдандын ошол тилкесинде контрчабуул баштагандан бери алардын ири ийгилиги болуп калмакчы. Буга чейин бир аптада украин армиясы жети айыл-кыштакты бошоткону кабарланган.

Украин аскерлери бошоткон Благодатное айылы. 17-июнь, 2023-жыл
Украин аскерлери бошоткон Благодатное айылы. 17-июнь, 2023-жыл

18-июнда Одессанын аймактык администрациясы Херсон облусунун түштүгүндө Орусия ээлеп алган Геническ шаарынын жанында курал-жарактын ири кампасы жок кылынганын билдирди. Каршы тарап бул сокку тууралуу маалыматтын айланасында комментарий жасай элек.

Согуш шартында мындай кабарларды ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Буга чейин The New York Times гезити украин расмий адамдарына шилтеме менен орус аскерлери Киевдин контрчабуулуна даярдык катары коргонуусун бекемдеп алганын жазган. Америкалык дагы бир басылма - The Wall Street Journal Украина алга жылуусун убактылуу токтотконун, Орусия танктар менен оор техникага абадан сокку уруп, бул жагынан артыкчылыкка ээ болгонун билдирген.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын 18-июнда билдирди. Жекшембиге караган түнү Днепропетровск облусуна ирандык эки дрон менен чабуул коюлганын, алар атып түшүрүлгөнүн украин тарап маалымдаган.

Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо кызматына таянып билдиргендей, Бахмуттун айланасында эки тарап тең ири жоготууларга учурады. Марттагы айыгышкан салгылашуулардан бери Бахмутта мынча көп орусиялык аскер каза таба элек болчу, - деп эсептейт британ мекемеси.

Иликтөө Кахов ГЭСин Орусия жардырганын көргөздү

Ал ортодо украин бийлиги 18-июнда Кахов ГЭСиндеги жарылуудан кийин болгон суу ташкынынан 16 адам каза болгонун билдирди. Орус тарап болжол менен 29 киши каза тапканын маалымдаган.

The New York Times гезити ГЭСтеги жардыруу боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп, дамбанын бузулушуна техникалык туннелдеги жарылуу себеп болгон, аны Орусия уюштурган деген тыянак чыгарды. Басылма инженерлер менен жардыруучу заттарга адистешкен эксперттерге таянып жазганына ылайык, жардыруучу жабдык дамбанын бетондон куюлган пайдубалына коюлган.

"6-июндагы жардырууну дамбаны көзөмөлдөгөн тарап, демек Орусия уюштурган", - деп жазды The New York Times.

Кахов ГЭСиндеги дамба. 16-июнь, 2023-жыл
Кахов ГЭСиндеги дамба. 16-июнь, 2023-жыл

Мунун алдында, 16-июнда британиялык адвокат Катриона Мердок Global Rights Compliance эл аралык укук коргоо фирмасынын иликтөөсүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу Рейтерс агенттигине айтып берген:

"Сейсмологиялык чалгындоо борборлорунун, ачык булактардагы чалгындоо маалыматтарын жана эксперттердин айткандарын талдап чыгып, бул атайлап жасалган кол салуу болгонуна ишенебиз, дамбанын ичине жардыргыч зат коюлган, ал кырсыкка алып келди».

Киев Москва контрчабуулду басаңдатууну көздөп дамбага мина коюп, аны атайылап талкалаган деп айыптап келатат. Орусия дооматтарды четке кагып, ГЭСти украин армиясы өзү жардырды деп айтууда.

Африкалык лидерлердин "тынчтык миссиясы" майнапсыз аяктады

Жекшембиде Комор аралдарынын, Түштүк Африканын жана Сенегалдын президенттери, Египеттин премьер-министри жана Конго менен Уганданын башчыларынын атайын өкүлдөрү Санкт-Петербургда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Путин “Украинанын нейтралитети жөнүндө келишим” деп аталган документти сунуштады. Анын айтымында, макулдашуу согуштун эң башында, 2022-жылы Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүндө даярдалган. Путин документке кол коюуну Украина үзгүлтүккө учуратканын айтты.

Тараптардын сүйлөшүүлөрү өткөн апрелде Буча шаарында согуш кылмыштарынын белгилери табылганда украин президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге айыптагандан кийин токтогон. Күзүндө Орусия Украинанын дагы төрт аймагынын аннексиясын жарыялагандан соң Киев Путин менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, НАТОго кошулуу үчүн арыз тапшырган.

Африканын делегациясы Варшава-Киев поездинде. 15-июнь, 2023-жыл
Африканын делегациясы Варшава-Киев поездинде. 15-июнь, 2023-жыл

Африкалык жогорку өкүлдөр “тынчтык миссиясынын” алкагында Орусияга чейин, 16-июнда Киевге барып кетишкен. Рейтерс агенттиги маалымдагандай, алар Москва менен Киевдин ортосунда өз ара ишеним түптөө планын иштеп чыккан.

Зеленский "Орусия аскерлерин чыгарып кетмейинче, Москва менен сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес" деп, планды четке какты. Путин "Москва диалогго ачык, бирок Киев ага даяр эмес" деп билдирди.

Зеленский эл аралык коомчулукка сунуш кылган тынчтык планында орус аскерлерин чыгарып кетүү, Украинага кенемте төлөө жана согуш кылмышкерлерин жоопко тартуу каралган. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жетекчиси Жозеп Боррел Киевдин сунушун гана тынчтык планы деп атоого болорун айткан. Ал документти АКШ жана Батыштын башка өлкөлөру да колдогон.

Германиялык Welt am Sonntag гезити жекшембиде жарыялаган маекте НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг африкалык жетекчилер жаңжалды “тоңдуруу” демилгесин көтөргөнүн, бирок ал кабыл алынгыс экенин билдирип, тынчтыкка Украина койгон шарттар менен гана жетсе болорун белгиледи.

14:15 19.6.2023

Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин орус абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн 32 миң киши жазадан бошотулуп, Орусияга кайтып барганын билдирди.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнердин" курамында согушка катышкан соттолуучуларга ырайым берүү тууралуу жарлыктарга кол коюп жатканы кабарланган.

"Вагнер" – Путинге жакын петербургдук ишкер Евгений Пригожин негиздеген куралдуу жарым-жартылай расмий түзүм. Бул жеке аскердик компаниянын жалданмалары, анын ичинде абактардан тартылган жоочулар Украинадагы согушка жана Сирия менен Африка өлкөлөрүндөгү аскердик операцияларга активдүү катышууда.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган "Вагнердин" жоочулары көптөгөн кылмыштарга айыпталып келет. Пригожин муну мойнун албаганы менен четке да какпайт.

"Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка камактагы адамдарды жалдап жатканы 2022-жылы жазында айтыла баштаган. Орус түрмөлөрүнөн согушка канча киши тартылганы так белгисиз.

Өткөн жылы ноябрда Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматы эки айдын ичинде камактагылардын саны 23 миңге азайганын билдирген. Мекеме кийинки статистиканы 2023-жылы январда жарыялаган. Анда ноябрдан бери абактагылардын саны 6 миң кишиге азайганы жазылган.

Буга чейин Пригожин орус абактарынан "Вагнерге" 50 миң киши тартылганын, алардын 20% жакыны согушта каза болгонун билдирген.

Быйыл февралда камактагыларды согушта тартуунун экинчи толкуну башталганы кабарланган. Анда Пригожин бул иш менен анын компаниясы алектенбей калганын айткан.

14:15 19.6.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун коргоо министринин орун басары Анна Маляр тастыктады.

Аталган кыштак украиндердин көзөмөлүнө өткөнүн 18-июнда Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов Телеграмга жазган. Орусиянын Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде "айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы" айтылган.

Украин аскерлери акыркы эки аптада Донецк облусундагы жети кыштакты орус армиясынан бошоткон.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG