Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт

Түз ободо Украина: Орусиянын соккусу бир нече кишинин өмүрүн алды, 20дан ашууну жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:17 21.6.2023

21-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын, анын ичинде баш калаа Киевди ракеталар жана дрондор менен аткылоону улантты.

Киев, Хмельницк, Днепропетровск, Сумы, Полтавск жана башка бир нече облус орус күчтөрүнүн ракеталык соккусуна туш болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, Иранда чыгарылган 35 дрондун 32cи атып түшүрүлгөн.

Жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Ал эми өлкө чыгышында айыгышкан салгылаш уланууда. Соңку бир сутка ичинде Константиновкада орус күчтөрүнүн аба чабуулунан эки жайкын тургун мерт кетти. Бул тууралуу Донецк облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Павел Кириленко 21-июндун таңында билдирди.

Ошол эле маалда украин армиясы Запорожье аймагындагы кармаштарда ийгиликке жетип жатканы маалым болду. Башкы штабдын маалымат катчысы Андрей Ковалев шаршемби эртең менен бул тууралуу Украинанын аскердик медиа борборунун Телеграмына жазды. Ал ошондой эле Донецктеги Лиман шаарынын айланасында айыгышкан салгылаш жүрүп жатканын кабарлаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видеокайрылуусунда украин күчтөрү "түштүктө жана чыгышта душманды жок кылып, Украинаны тазалап жатканын" билдирди.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Москвага дрондор менен жасалган чабуулду алдын алганын айтып чыкты. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, Москва облусундагы обьекттерге багытталган "үч украин дрону" атып түшүрүлдү.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн бейрасмий булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

18:58 20.6.2023

Львов шаары. 20-июнь, 2023-жыл
Львов шаары. 20-июнь, 2023-жыл

Шейшембиге караган түнү Орусия украин аймагына пилотсуз учактар менен жапырт сокку урганы маалымдалды. Киев Иранда жасалган 30 дрондун 28и атып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү аткылоолорду комментарийлеген жок.

Маалыматтарга караганда, шейшембиге караган түнү Киев жана Львов шаарларында жарылуулардын добушу, абадан коргонуу системасы иштеп жатканы угулуп турду. Украин армиясынын Башкы штабы 30 пилотсуз учактын 28и атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киев шаарынын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко бул түнү башкалаанын үстүндө 20 чакты "жанкечти дрон" атып түшүрүлгөнүн, алар шаарга туш-туштан чабуул койгонун Телеграмга жазды:

“Башкалаа кезектеги жапырт соккуга туш болду. Бул жолу каршы тарап пилотсуз учактарды, алдын ала маалыматтарга ылайык “Шахед” жабдыктарын колдонду”.

Анын айтымында, 18 күндөн бери Киевге чабуул коюлган эмес. Жабыркагандар жана келтирилген зыян тууралуу маалымдала элек.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой пилотсуз учак маанилүү инфраструктурага тийгенин, эч ким жабыр тартпаганын маалымдады.

"РБК-Украина" дагы 3 дрон Николаев облусунда атып түшүрүлгөнүн жазды.

Украин куралдуу күчтөрү жабдыктардын бардыгы Орусиянын Брянск облусунан жана Азов деңизинин жээгинен атылганын билдирди.

Запорожье шаарына жана жака белине каршы тарап 7 ракета чыгарганы, алар дыйкан чарбасын, коммуникацияларды жана популярдуу эс алуу жайын бутага алганы кабарланды. Бийлик эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуул, аткылоолорду комментарийлеген жок.

“Азаттык” радиосунун украин кызматы жазганына караганда, Сумы облусунда түнкү аткылоодон бир карапайым киши окко учканын жергиликтүү бийлик билдирди.

Чабуулдардын толкуну согуш башталгандан бери украиналык 9083 жайкын тургун каза болгону тууралуу жаңы маалымат чыккан маалда болуп отурат. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты өз докладында дагы 15 779 киши жараат алганын билдирди.

Маалыматка караганда, жайкын тургундар арасындагы жоготууларга жарылуучу заттар, оор артиллериянын аткылоосу, зениттик ракеталар, аба чабуулдары алып келет. Улуттар уюму каза тапкан жөн жай тургундардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин, согуш жүрүп жаткан аймактардан маалымат тактоо убакытты талап кыларын белгиледи.

Украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный 19-июнда майдандагы алдынкы позицияларга барып кетти. Адатта анын мындай сапарлары тартылган видео чыгарышпайт. Видеону коштогон Фейсбуктагы постто орус аскерлери аймакты миналап салганы, коргонуусун бекемдегени жана резерви көп экени айтылат.

“Оккупанттардын каршылык көрсөтүүсүнө карабай, биздин жоокерлер Украина аймагын бошотуу үчүн бар аракетин жумшап жатат. Операция пландалгандай уланууда”, - деп айтылат Залужныйдын билдирүүсүндө.

Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка шаарларында айыгышкан салгылашуулар уланууда.

19-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Донецк облусунда, анын ичинде Бахмутта жана Запорожьеде украин аскерлеринин бир нече чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.

Согуш шартында тараптарды маалыматтарын оперативдүү текшерүү мүмкүн эмес.

14:13 20.6.2023

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин соңку жылдары эки тараптын начарлап кеткен алакаларын турукташтырууну макулдашты. Бул тууралуу Блинкен 19-июнда Цзиньпин менен жолуккандан кийин билдирди.

Мамлекеттик катчынын айтымында, Бээжин эки өлкөнүн аскердик байланышын жандантууга даяр эмес. Американын эсебинде, бул Тайванга байланыштуу келишпестиктерди алдын алууда чечкиндүү мааниге ээ болмок.

Андан тышкары, Кытай Орусияга Украинага каршы согуш үчүн пайдаланууга курал-жабдык бербестигин дагы бир жолу ырастаганын Блинкен кошумчалады.

Энтони Блинкен Бээжинге 18-июнда эки күндүк расмий сапар менен барды.

Бул соңку беш жылдагы Американын жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайга жасаган алгачкы сапары болду.

Былтыр Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Си Цзиньпин Индонезиянын Бали аралында "Чоң жыйырма" саммиттинин алкагында үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

БУУ: Украинадагы согушта 9083 жайкын тургун каза болду

Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери украиналык 9083 жайкын тургун каза болуп, 15 779 киши ар кандай деңгээлде жараат алды. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын июнь айындагы баяндамасында айтылды.

Докладдын авторлору билдиргендей, ушул жылдын 18-июнуна карата каза болгондордун басымдуу бөлүгү Донецк жана Луганск облустарына туура келет. Бул аймактардын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө 4105 киши каза болуп, 5861и жараат алган. Орусиялык армия ээлеп турган бөлүгүндө 718 жайкын тургун набыт болуп, 2521и жарадар болгон.

Жайкын тургундар жарылуучу заттар, оор артиллериянын аткылоосу, зениттик ракеталар, аба чабуулдарынын натыйжасында курман болушкан. БУУ каза болгон жайкын тургундардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин, согуш жүрүп жаткан аймактардан маалымат тактоо убакытты талап кыларын белгиледи.

Баяндамага жарадар болгондор жана каза болгондор тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлаган Орусиянын облустарынын тургундары кирген эмес.

Февраль айында Украинанын Башкы прокуратурасынын Аскердик департаментинин башчысы Юрий Белоусов The Independent басылмасына берген маегинде, согуштук аракеттердин жүрүшүндө 100 миңге жакын украиналык жаран каза болушу мүмкүн экенин айткан.

Украинадагы согушта карапайым калктан тышкары, ар кандай маалыматтар боюнча бир нече жүз миңге чейин жоокер жарадар жана набыт болгон. Тараптар каршы тараптын жоготууларын айтышканы менен өздөрүнүн жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Согуш шартында мындай кабарларды текшерүү мүмкүн эмес.

13:42 20.6.2023

Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчы Григорий Лепстин Алматыдагы концерти болбой калды. Концерттик аянтча менен камсыздаган Makao Luxury Village Resort компаниясы уюштуруучулар менен келишим бир тараптуу токтотулганын 19-июнда билдирди. "Азаттыктын" казак кызматы концерт Алматы облусунун Конаев шаарында июль айына белгиленгенин жазды.

Концерттин токтотулушуна социалдык тармактардагы талкуу себеп болгон. Көптөгөн казакстандыктар Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчынын келишине нааразылыгын билдиришкен. Конаев шаарында пландалган концерт жөнүндөгү кабар Лепс менен Николай Басковдун "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн танктарын талкалаган ар бир адамга бир миллион рубль" тапшыруу тууралуу билдирүүсү чыккан учурга туура келди. Социалдык тармактын колдонуучулары Лепстин Казакстанга келишине нааразылыгын билдирип, концертин токтотууну талап кылышкан.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин орус артистеринин концерт берген аймагы кыйла кыскарган. Бул айрыкча согушту ачык колдогондорго жана "Украина улуттук коопсуздукка коркунуч келтирди” деп жарыялагандарга тийүүдө.

Буга байланыштуу орусиялык ырчылары Борбор Азия өлкөлөрүнө бара башташты. Айрым активисттер алардын арасында Украинага баскынчылыгын жактагандар бар экенин айтып, алардын келишине каршылыгын билдирип чыгышкан. Буга чейин Лариса Долинанын, Полина Гагаринанын Казакстандагы концерттери, согушту колдогон актёр Сергей Глушко ойногон спектакль токтотулган.

Ошону менен катар 2022-жылы ноябрда Филипп Киркоров Алматы жана Астана шааарында концерт койгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG