Фронттогу кырдаал
Украинанын коргоо министринин орун басары Ганна Маляр украиналык күчтөр түштүк тарапка мелитополь жана бердянск багытында чабуул коюп жатканын билдирди. "Акырындап жылып жатабыз, кичинеден ийгиликтер болуп жатат, душманды сүрүп чыгуудабыз" деп билдирди Маляр. Орусия өз кезегинде фронтко кошумча күчтөрдү тартып жатканы белгилүү болду.
Украинанын Херсон облусунун орусиячыл бийлиги билдиргендей, аннексияланган Крым жарым аралын украин аймагы менен байланыштырган көпүрөлөр аткыланды.
Херсон облусунун Москва дайындаган губернатору Владимир Сальдо көпүрөлөргө украин күчтөрү Storm Shadow ракеталары менен сокку урганын болжолдоду.
Ал Телеграмга жазгандай, чабуул 22-июнда "Крымдын дарбазасы" деп саналган Чонгар көпүрөсүнө жасалган. Бул көпүрө Крымды Украинанын калган бөлүгү менен байланыштырып турат.
Бул маалда орус күчтөрү Украина аймагын абадан ракеталар жана дрондор менен аткылап жатышкан.
Сальдо көпүрөнүн үстү жабыркаганын, альтернативдүү жолдор ачык экенин билдирди. Ал эми Крымдын Москва дайындаган губернатору Сергей Аксеновдун айтымында, атайын кызматтар көпүрөлөргө келтирилген зыяндын кесепетин эсептеп жатышат.
Ал эми украин аскерлери Телеграмга жабыркаган көпүрөнүн сүрөттөрүн жарыялашты.
Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын маалымат катчысы Андрей Юсов украин телеканалына курган маегинде "Орусияны Крымдан сүрүп чыгаруу иши толук кандуу жүрүп жатат жана уланат" деп айтты.
Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу украин армиясы "аннексияланган Крымдын жана Орусиянын аймагына HIMARS жана Storm Shadow ракеталары менен сокку урууну көздөп жатканын" билдирген. Министр бул ракеталар "аскердик операциянын аймагынан тышкары колдонулса", Украинанын аймагындагы чечим кабыл алуучу борборлорго дароо жооп катары сокку уруларын эскерткен.
Орусия өткөн түнү Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен чабуул койду
Сокку Харьков облусуна, Кривой Рог жана Одессага урулду. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн "Юг" оперативдүү башкармалыгынын пресс-атташеси, Одесса облусунда үч "Шахед" атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бир дрон кампага түшкөн.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Ал дүйнөдөгү кырдаалга карап, сүйлөшүүлөрдүн басымдуу бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага тийгизген таасири туурасында болорун белгиледи.
"Мен жети жыл мурда келгенде дүйнө башкача болчу. Анда Европада тынчтык болот жана сакталат деген үмүт бар болчу. Бирок Орусия Украинага агрессивдүү согуш ачкандан кийин бардыгы өзгөрдү. Азыркы сапарда сүйлөшүүлөрүбүздүн көп бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага, анын ичинде Германияга таасири туурасында болот деп ойлоп жатам", - Франк-Вальтер Штайнмайер.
Германиянын президенти мунун алдында – 20-июнда Казакстанда мамлекеттик сапар менен болду.
Франк-Вальтер Штайнмайер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Орусиянын Украинага каршы агрессиясы тууралуу ачык маселе көтөргөн. Бул жөнүндө ал өзү сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында билдирди.
Бир катар эл аралык басылмалар "Штайнмайер бул сапары менен Борбор Азия чөлкөмүнүн геосаясий жактан маанилүүлүгүн көргөзүп жатат" деп жазышты.