Орусиянын президенти Владимир Путин кырдаалга байланыштуу билдирүү менен чыгарын анын маалымат катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине билдирди. Маалыматка ылайык, президент Путин жакынкы убакытта телекайрылуу жасайт.
Акыркы суткада Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарын абадан 51, реактивдүү системадан 50 жолу аткылаган.
Украинанын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, чабуулда украин аскерлери жана эл жашаган аймактар бутага алынган.
Башкы штабдын 23-июндун кечинде берген маалыматында, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багытында оор салгылашуулар уланууда, сутка ичинде 27 жолу кагылышуу болду.
Башкы штаб орус аскер күчтөрү Украинага 14 канаттуу ракета, Shahed-136/131 үлгүсүндөгү үч учкучсуз учак жана төрт зениттик ракета менен чабуул жасаганын билдирди.
Украин куралдуу күчтөрү 14 ракетаны жана бир учкучсуз учакты атып түшүргөнүн, "Ка-52" тик учагы жок кылынганын кабарлады.
Запорожье жана Херсон багытында орус армиясы коргонуусун улантып жатканы да кошумчаланды.
"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин эгер коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айтты.
Ал бул тууралуу видео-кайрылуусун өзүнүн Телеграм каналдарында жарыялады.
Тасмада Пригожин коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана генерал Владимир Алексеев менен сүйлөшүп жатканы тартылган. Алексеев бир күн мурун "вагнерчилерди" баарын токтотууга чакырып, кырдаалды мамлекеттик төңкөрүш аракети деп сыпаттаган.
Пригожиндин маалымат кызматы анын видео-билдирүүсүн да жарыялады. Анда башкы "вагнерчи" Орусиянын Ростовдогу бардык аскер бөлүктөрүн көзөмөлүнө алганын, "Башкы штабдын башчысы качып кеткенин" айтты.
"Набыт болгон жоокерлер жогору жакка билдирилген сандан үч-төрт эсе көп. Телевизордон айтылып жаткандар андан он эсе аз. Санитардык жоготуулар кээ бир күндөрү миңге жетет. Бул деген өлгөндөр, дайынсыз жоголгондор, согушуудан баш тарткандар жана жарадарлар", - деди Пригожин.
Санкт-Петербургдагы "Фонтанка" басылмасы шаарлагы "Вагнер" жеке аскердик тобуна милиция кызматкерлери келгенин жазды.
"Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин түнкү саат бирге жакын анын колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргенин билдирди. Бирок расмий органдар бул маалыматты ырастай элек.
Пригожиндин айтымында, чек арачылар жана аскерде кызмат өтөгөндөр ага тоскоол болгон эмес, тескерисинче "кучак жайып" тосуп алган.
Пригожин Орусиянын Башкы штабы аба күчтөрүнө "Вагнердин" колоннасына сокку урууга буйрук бергенин, бирок учкучтар бул тапшырманы аткаруудан баш тартканын айтты. 23-июндун кечинде Пригожин колоннага ок аткан бир тик учак атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. Андан кийин ишемби, таңкы саат 5ке жакын "Москва трассасындагы" колоннага сокку ургусу келген дагы бир тик учак атып түшүрүлгөнүн айтты.
Согуштук кырдаалга байланыштуу маалыматты текшерүүгө мүмкүн болбой жатат.
Ал арада Ростов-на-Донуда көчөдөгү камералар иштебей калганы тууралуу кабар түшүүдө. Жергиликтүү басылмалар аймакка кирүүгө мүмкүн болбой калганын, абага тик учактар көтөрүлүп, аскердик техника тартылганын жазышты. Андан тышкары М-4 "Дон" федералдык трассасы жабылганы маалым болду.
Ростов облусунун губернатору Василий Голубев жума күнү кечинде өзүнүн Телеграм-каналына "Учурдагы кырдаал тартипти сактоо үчүн максималдуу күчтү талап кылат. Күч органдары облус жашоочуларынын коопсуздугу үчүн чара көрүүдө. Баарыңардан тынчтыкты сактап, үйдөн чыкпоону суранабыз" деп жазды.
Москва убактысы боюнча таңкы саат 5ке жакын Воронеж облусунун өкмөтү жашоочуларга М-4 "Дон" трассасында аскердик техниканын колоннасы өтүп жатканын кабарлап, жарандарды шоссеге чыгуудан кармана турууга чакырды. Воронеждин бийлиги колонна кимге таандык экенин айткан жок.
Ростовдогу 161.ru каналы камфуляж кийген белгисиз адамдар Түштүк аскердик аймагы боюнча штабдын, шаардын ортосундагы полиция бөлүмүнүн имараты, ИИМдин жана Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык башкармалыктары курчоого алганын билдирди.
OSINT долбоорунун негиздөөчүсү Руслан Левиев Ростовдогу Түштүк аскердик аймагында тартылган видеодо "вагнерчилер" эмес, орус армиясынын аскерлери көргөзүлгөнүн айтууда. Жергиликтүү бийликтер бул билдирүүнү азырынча комментарийлей элек.