Воронеждеги абал
"Вагнерге" жакын каналдар Пригожиндин жалданма аскерлери Воронежге жеткенин жазууда. Билдирүүгө далил боло турган визиуалдык далилдер азырынча жок. Мунун ордуна "вагнерчилер" Коргоо министрлигине таандык бир тик учак атып түшүрдү" деген видеону гана көрүүгө болот.
Ростов-на-Донудагы абал
Ростова-на-Дону шаарынын көчөсүндө тартылган бир канча сүрөттөрдөн аскерлерди көрүүгө болот. Азырынча алардын канчасы "Вагнер" жеке аскердик тобу тарабында экенин, кайсынысы Коргоо министрлигине баш ийерин аныктоо кыйын болууда. Шаар көчөлөрүндө өзүн өзү республика жарыялап алган "ДЭРдин" белгиси бар жүк ташуучу машинелеринде отурган аскерлер жүргөнү кабарланууда.
Киевдеги түнкү атышууда үч адам каза болду
Украинанын баш калаасынын мэри Виталий Кличко шаардын Соломенски районунда урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Путин Орусиянын түштүгүндөгү кырдаал боюнча телекайрылуу жасады
Ал жагдайды "куралдуу көтөрүлүш", "чегинүү" жана "чыккынчылык" деп атаганы менен "Вагнер" жана анын жетекчиси тууралуу айткан жок. Орус президентинин билдирүүсүндө өлкө бийлиги Ростов-на-Донудагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн чара көрөт.