Воронеждин үстүнөн Орусияга таандык тик учак атылды, "Миллерово" авиабазасы басып алынды
Fighterbomber Телеграм-каналы "Вагнер" Ростов-на-Дону шаарынын үстү жагындагы "Миллерово" авиабазасын басып алганын жазды.
Андан тышкары Воронеж облусундагы аэродромго жакын Бутурлиновка аймагындагы "вагнерчилердин" колоннасынын сүрөтүн жарыялады.
Аны менен катар Воронеждин үстү жагында Орусиянын армиясына караштуу тик учакты "Вагнер" жеке аскердик тобу атып түшүргөн сүрөттөр чыкты. Аны ырастоо же геолокация кылуу азырынча мүмкүн эмес.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кырдаалга байкоо салып турат жана болуп жаткан окуяны Орусиянын ички иши деп эсептейт. Бул тууралуу Еврокомиссиянын өкүлү Евгений Пригожиндин козголоңуна комментарий берип жатып билдирди.
АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Адам Ходж Вашингтон да кырдаалга көз салып турганын "Америка авазы" радиосуна билдирген. "Биз өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбызщ менен кеңешебиз", - деди ал.
Польшанын президенти Анджей Дуда Орусиядагы кырдаалды улам өз өлкөсүнүн өкмөт башчысы, коргоо министри жана башка өнөктөштөрү менен талкуулаганы маалым болду. "Биз чыгыш чек арабыздагы кырдаалга кылдаттык менен көз салуудабыз" деп жазды ал Твиттердеги баракчасына .
Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкүлү "Берлин Орусиядагы кырдаалга кылдат көз салып турганын" билдирди. Франциянын президенти Эммануэл Макрон кырдаалга байкоо салып турганын жана "мурдагыдай эле Украинаны колдорун" анын өкүлдөрү билдиришти.
Орусиядагы окуяларды НАТО да байкап турганын аскердик альянстын өкүлү Financial Times агенттигине билдирген.
Москва шаарына, Москва облусуна жана Воронеж облусуна контртеррордук операция режими киргизилди.
"Свобода" радиосу маалымдагандай, Москвада, Ростов, Воронеж, Тула, Тверь, Калининград жана Липецк облустарында массалык иш-чаралардын баары токтотулду.
24-июнда Москвада жыл сайын өтүүчү "бүтүрүүчүлөр кечеси" бир аптага жылдырылды.
"Вагнерчилерге" жакын каналдар орусиялык аскерлер Пригожин тарапка өтүп жатканын билдирди
"Разгрузка Вагнера" каналында Орусия басып алган Луганск облусу менен Орусия чектешкен жердеги Бугаевка пунктундагы аскерлердин сүрөтү жарыяланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнерге" кайрылуусунда тескерисинче, айрым козголоңчулар "өз күнөөсүн билип, турган жерине кайтуу үчүн жардам сурап" жатканын билдирди.
"Вагнердин" Воронеждеги кайсы бир объектти басып алганы тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн эмес болууда. Бирок РИА "Новости" бул облустагы М-4 "Дон" трассасы бөгөттөлгөнүн жазды.
Коргоо министрлигине жакын Fighter Bomber Телеграм-каналы "Вагнердин" жалданма аскерлери жарандык автомобилдер менен чогуу Воронеж тарапка баратканын, бул аларга абадан сокку урууну татаалдаштырып жатканын жазды.