Зеленский Пригожиндин козголоңу тууралуу: Орусия биздин жерде аскерин кармаган сайын, өзүндө хаос боло берет
Украинанын президенти Владимир Зеленский "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожиндин козголоңу тууралуу комментарий берип, Украинада согуш узарган сайын Орусиянын өзүндө башаламандык күч аларын белгиледи.
"Ниети карайган ким болбосун биринчи өзүн талкалайт. Орусиянын башчылары келесоолугун жана алсыздыгын ушуга чейин жашырып келди. Эми башаламандык күчөп кетти, калп менен эч нерсени жаап-жашырууга мүмкүн болбой калды. Мунун баарын 1917-жылды айтып, улам-улам коркутуп жаткан, чындап келсе колунан эч нерсе келбеген бир адам кылууда. Орусиянын алсыздыгы айдан ачык. Орусия биздин жерде аскерин кармаган сайын өзүндө башаламандык, оору жана көйгөй күчөй берет", - деди Владимир Зеленский.
Зеленский комментарий бергенге чейин украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Евгений Пригожиндин козголоңун Орусияда жарандык согуштун башталышы деп сыпаттаган. Ал Украинанын контрчабуулу - орус элитасын ыркын биротоло бузду" деп белгиледи.
Подоляк Орусиядагы окуя украин бийлиги былтыр айткан сценарий менен кетип баратканын айтып, Украина 1991-жылы белгиленген чек арасын көздөй жылууну уланта берерин билдирди.
Телеграм-каналда Воронежде мунай базасы аткыланганы тууралуу видео жарыяланды
Телеграмда Орусиянын армиясына таандык "К-52" тик учагы Воронеждеги мунай базасына сокку урду делген видео жарыяланды. ("Вагнердин" мындай тик учагы жок)
Версиялар боюнча тик учак мунай базаны "Вагнердин" жоочуларынын басып алуусуна жолтоо болуу үчүн аткан. Маалыматты тактоо азырынча мүмкүн эмес. Муну менен катар шаарда "вагнерчилердин" тик учакты атып түшүрүү аракети тартылган видео да тарады. Жоочулар бул үчүн "Стрела" зениттик-ракеталык комплексин колдонушкан. Башка бир версияда "Стреладан" атылган снаряд тик учакка тийбей мунай базасынын аймагына түшкөнү айтылууда. Шаардын бул тарабында "Придача" аэродрому жайгашкан.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Ак ордого тиешелүү Телеграм-канал жазды.
Анда орус президенти Казакстандын мамлекет башчысына Орусияда болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат бергени айтылган.
Казакстандын мамлекет башчысы Орусиядагы окуялар өлкөнүн ички иши экенин белгилеп, конституциялык тартип жана мыйзам үстөмдүгү түздөн түз өлкөдөгү коомдук тартипти колдоонун шарты экенин билдирген.
Владимир Путин Касым-Жомарт Токаевге Орусияда түзүлгөн кырдаалды түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирген.
Башкы "вагнерчи" Евгений Пригожин президент Путиндин кайрылуусуна комментарий берип, Путиндин "Мекенге чыккынчылык кылды" деген сөзүн "терең жаңылыштык" деп айыптады.
"Биз мекенибиздин атуулубуз, согушуп келгенбиз, дагы согушабыз. Президент же Федералдык коопсуздук комитети (ФСБ) талап кылгандай, эч ким багынып бербейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары коррупция, бюрократия жана калпка чулганып жашаганын каалабайбыз", - деп айтылат Пригожиндин Телеграм-каналына жарыяланган аудио билдирүүдө.
Бул аралыкта Би-Би-Си жана Reuters өзүнүн булактарына таянып тараткан маалыматтарында "Вагнер" жеке аскердик компаниясы Воронеж облусундагы бардык аскердик объекттерди өз көзөмөлүнө алганын билдирүүдө.
Облустун губернатору Александр Гусев аймакта контртеррордук операция режиминин алкагында оперативдүү аскердик иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдады.
"Вёрстка" басылмасы өз булактарына таянып, Воронеждин түштүгүндө тик учактан чабуул болгонун жазды. Аймакта ири мунай базасы жайгашкан. Жергиликтүү эл ишемби күнү эртең менен "Вагнердин" жалданмачыларын көрүшкөнүн, алар "Дон" трассасы менен шаарга кетүүчү жолдун кесилишине жайгашканын билдиришкен.
Жергиликтүү маалымат каражаттары "Дон" трассасынын Ростов-на-Дону менен Воронеж облусунун ортосундагы аймагынан жардыруулардын, атышуулардын үнү угулуп, асманда учактар учуп жатканын жазышты. Трассанын Воронеж облусундагы 300 чакырымында кыймыл токтотулган.
Мындай шартта маалыматтарды жеринен тактоого мүмкүн эмес.