Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында иштеген кыргызстандык мигранттын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, шаарда жалпысынан тынч болгону менен элде кооптонуу күч. Шаардагы май куюучу бекеттерде, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезектер пайда болду.
"Бир май куюучу бекетте отуз-кырктан ашуун автоунаалар кезек күтүп турат. Айрымдар майды 40-50 литрлик канистрге кошумча куйдуруп алып жатышканын байкадым", - деди атын атагысы келбеген мигрант.
Ал эми өзүн Орусиядагы кыргыздардын түштүк федералдык округунун омбудсмени атаган Алтынбек Кыпчакбаев Ростов-на-Дону шаарында абал тынч экенин айтууда.
"Бизде баары жакшы, баары тынч. Базарларды жаап койду. Чыкпай тургула деп телевизордон айтты, эскертүү берди. Мен бул жактагы жарандарыбызга маалыматты салып койдум. Чыкпай, үйүңөрдө болуп тургула дедик. Азыр шаарда аскер техникалары, танк, БТРлер жүрөт. Шаардын административдик аймагын жаап коюп, машиналарды, эч кимди өткөрбөй жатыптыр".
Алтынбек Кыпчакбаевдин маалыматына караганда, Ростов-на-Дону облусунда алты миңдей кыргызстандык бар, алардын тең жарымы орус жарандыгын алган.
Жалпысынан Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран жашап, иштейт.
Зеленский Пригожиндин козголоңу тууралуу: Орусия биздин жерде аскерин кармаган сайын, өзүндө хаос боло берет
Украинанын президенти Владимир Зеленский "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожиндин козголоңу тууралуу комментарий берип, Украинада согуш узарган сайын Орусиянын өзүндө башаламандык күч аларын белгиледи.
"Ниети карайган ким болбосун биринчи өзүн талкалайт. Орусиянын башчылары келесоолугун жана алсыздыгын ушуга чейин жашырып келди. Эми башаламандык күчөп кетти, калп менен эч нерсени жаап-жашырууга мүмкүн болбой калды. Мунун баарын 1917-жылды айтып, улам-улам коркутуп жаткан, чындап келсе колунан эч нерсе келбеген бир адам кылууда. Орусиянын алсыздыгы айдан ачык. Орусия биздин жерде аскерин кармаган сайын өзүндө башаламандык, оору жана көйгөй күчөй берет", - деди Владимир Зеленский.
Зеленский комментарий бергенге чейин украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Евгений Пригожиндин козголоңун Орусияда жарандык согуштун башталышы деп сыпаттаган. Ал Украинанын контрчабуулу - орус элитасын ыркын биротоло бузду" деп белгиледи.
Подоляк Орусиядагы окуя украин бийлиги былтыр айткан сценарий менен кетип баратканын айтып, Украина 1991-жылы белгиленген чек арасын көздөй жылууну уланта берерин билдирди.
Телеграм-каналда Воронежде мунай базасы аткыланганы тууралуу видео жарыяланды
Телеграмда Орусиянын армиясына таандык "К-52" тик учагы Воронеждеги мунай базасына сокку урду делген видео жарыяланды. ("Вагнердин" мындай тик учагы жок)
Версиялар боюнча тик учак мунай базаны "Вагнердин" жоочуларынын басып алуусуна жолтоо болуу үчүн аткан. Маалыматты тактоо азырынча мүмкүн эмес. Муну менен катар шаарда "вагнерчилердин" тик учакты атып түшүрүү аракети тартылган видео да тарады. Жоочулар бул үчүн "Стрела" зениттик-ракеталык комплексин колдонушкан. Башка бир версияда "Стреладан" атылган снаряд тик учакка тийбей мунай базасынын аймагына түшкөнү айтылууда. Шаардын бул тарабында "Придача" аэродрому жайгашкан.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Ак ордого тиешелүү Телеграм-канал жазды.
Анда орус президенти Казакстандын мамлекет башчысына Орусияда болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат бергени айтылган.
Казакстандын мамлекет башчысы Орусиядагы окуялар өлкөнүн ички иши экенин белгилеп, конституциялык тартип жана мыйзам үстөмдүгү түздөн түз өлкөдөгү коомдук тартипти колдоонун шарты экенин билдирген.
Владимир Путин Касым-Жомарт Токаевге Орусияда түзүлгөн кырдаалды түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирген.