Орусиянын Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, мунай базасында май куюлган цистерна өрттөнүп, жүздөн ашуун өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Ал жабыркагандар жок экенин өзүнүн Telegram-каналында билдирип, өрттүн себебин айткан жок.
Гусев аймакта күйүүчү май тартыштыгы жаралды деген кептер жалган экенин, жергиликтүү тургундар тынчсызданып, май куюучу жайларда көйгөй жаратпашы керектигин белгиледи.
Буга чейин Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында май куюучу бекеттерде, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезектер пайда болгону кабарланган.
Соңку маалыматтарга караганда жалданма жоочулар Ростов-на-Дону жана Воронеждеги аскердик объекттерди көзөмөлгө алган.
"Вагнерчилердин" колоннасы Липецк облусундагы Елец шаарына жетти. Шаардын өзүндө полиция кирген-чыккан чоң жолду бөгөттөдү.
Бул тууралуу “Свобода” радиосу "Вёрстка" басылмасына таянып жазды. Колонналар Елецти жергиликтүү жана аймактык жолдор аркылуу кыйгап өтүп, "Дон" трассасынан оолак болууга аракет кылууда.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников F-16 согуштук учактарын башкарууну үйрөтүү боюнча эл аралык программа келерки айда башталышы мүмкүн экенин билдирди.
Контрчабуулду баштаган Киев Москванын абадагы үстөмдүгүнө туруштук берүү үчүн Батыштын жаңы учактары зарыл экенин буга чейин бир нече ирет айткан. НАТОнун мүчөлөрү Дания менен Нидерланд учкучтарды жана жардамчы кызматкерлерди окутуу, учактарды тейлөө жана F-16ны Украинага жеткирүү боюнча эл аралык коалициянын аракеттерин башкарып келет.
Коргоо министри расмий аскердик платформага жарыялаган комментарийинде машыгуу азыр иштелип жаткан программа бекитилгенден кийин башталарына үмүт артып турганын билдирди. Май айынын соңунда Украина америкалык F-16 кыйраткыч учактарын колдоно баштарын, учкучтар даярдыктан өтүп жатканын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел ырастаган.
General Dynamics F-16 Fighting Falcon — америкалык бир моторлуу, көп максаттуу кыйраткыч согуш учагы. Же бомбалоочу, же кыйраткыч болуп, бир гана милдетти аткара алган эски советтик учактардан F-16 универсалдуулугу менен айырмаланат. F-16 менен көптөгөн өлкөлөр куралданган: 2023-жылы дүйнө жүзүндө 2200гө жакын кыйраткыч учактар колдонулуп турган.
Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында иштеген кыргызстандык мигранттын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, шаарда жалпысынан тынч болгону менен элде кооптонуу күч. Шаардагы май куюучу бекеттерде, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезектер пайда болду.
"Бир май куюучу бекетте отуз-кырктан ашуун автоунаалар кезек күтүп турат. Айрымдар майды 40-50 литрлик канистрге кошумча куйдуруп алып жатышканын байкадым", - деди атын атагысы келбеген мигрант.
Ал эми өзүн Орусиядагы кыргыздардын түштүк федералдык округунун омбудсмени атаган Алтынбек Кыпчакбаев Ростов-на-Дону шаарында абал тынч экенин айтууда.
"Бизде баары жакшы, баары тынч. Базарларды жаап койду. Чыкпай тургула деп телевизордон айтты, эскертүү берди. Мен бул жактагы жарандарыбызга маалыматты салып койдум. Чыкпай, үйүңөрдө болуп тургула дедик. Азыр шаарда аскер техникалары, танк, БТРлер жүрөт. Шаардын административдик аймагын жаап коюп, машиналарды, эч кимди өткөрбөй жатыптыр".
Алтынбек Кыпчакбаевдин маалыматына караганда, Ростов-на-Дону облусунда алты миңдей кыргызстандык бар, алардын тең жарымы орус жарандыгын алган.
Жалпысынан Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран жашап, иштейт.