Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, "Вагнер" аскердик менчик компаниясынын оор бронетехникасыы 10 миң чарчы метр аянтты керектен чыгарды.
Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан жана ишембиде "Вагнердин" жоочулары ээлеп алган Буденнов проспектисине чоң зыян келтирилди. Шаар бийлиги жолдор эки күндүн ичинде оңдолот деп убада берип жатат.
Чеченстандын "Ахмат" батальонунун командири Апты Алаудиновдун айтымында, анын аскерлери Украинадагы "атайын аскердик операция болгон аймакка" кайтууда.
Буга чейин батальон "Вагнерге" каршы аракеттенүү үчүн Ростов облусуна жөнөтүлгөн, бирок кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилгенин Кремль кабарлаган.
Орусияда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жоочулары ишембидеги козголоң аракетинен кийин Липецк жана Воронеж облустарынан чыгып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин кайда экени белгисиз.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, «Вагнердин» аскерлери аймактан толук чыгып кеткенден кийин жарандардын көчөдө жүрүшүнө коюлган чектөөлөр алынат. Губернатор келтирилген зыяндын ордун толтуруу аракети болорун айтты.
Липецк облусунун бийлиги жоочулар аймактан толугу менен чыгып кеткенин кабарлады. Ал чектөөлөр алынып, транспорттук каттамдын иши калыбына келгенин билдирди.
Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штаб-квартирасын жана анын айланасын ээлеп алган "Вагнер" компаниясынын жалданма аскерлери 24-июндун кечинде шаардан чыга башташты.
Бул тууралуу журналисттер окуя болгон жерден билдиришти.
"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин да шаардан чыгып кеткен. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков келишимдерге ылайык, ал Беларуска бара турганын билдирди. Пригожин өзү бул боюнча комментарий бере элек.