Украинанын армиясы контрчабуул башталгандан бери өлкө түштүгүндөгү 130 чарчы километр аянтты орус күчтөрүнөн бошотту. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 26-июнда Телеграмга жазды.
Малярдын белгилешинче, украин аскерлери Запорожье облусунун Мелитопол жана Бердянск аймактарында алдыга жылууну улантып жатат.
Украин армиясы июнь айынын башынан бери жалпы сегиз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялаган.
Донецк облусунда айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Запорожье жана Херсон облустарында украин күчтөрү контрчабуулду улантып жатканы кабарланганы менен так маалымат бериле элек.
Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулган жок, ФСБ тергөөнү улантып жатат. Бул тууралуу 26-июнда “Коммерсантъ” басылмасы жазды.
Пригожинге каршы кылмыш иши жабыла электигин РИА Новости жана ТАСС агенттиктери да Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлашты.
Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, ал Беларуска кетерин билдирген.
Орусияда Куралдуу козголоң уюштуруу беренеси менен соттолгондор 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Пригожин кайда экени азырынча маалым эмес.
- Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.
- "Вагнер" компаниясынын жоочулары Орусиянын Украинадагы согушуна жигердүү катышып, миңдегени набыт болду.
Орусиянын Москва шаарында, Москва жана Воронеж облустарында ишембиде жарыяланган антитеррордук режим токтотулду. Бул тууралуу Улуттук антитеррордук комитети билдирди.
24-июнда Евгений Пригожин жетектеген "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын уралдуу козголоңуна байланыштуу антитеррордук операция режими жарыяланган эле.
Москванын мэри Сергей Собянин 1-июлда мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечеси өтө турганын маалымдады.
Антитеррордук операцияда көчөлөр, коомдук жайлар тосмолонуп, автоунаалар текшериле баштаган.
26-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги министр Сергей Шойгунун "атайын аскердик операция" (орус бийлиги Украинадагы согушту ушундай атайт) аймагындагы командалык пунктту текшерип жатканы болжолдонгон видеону жарыялады. Бирок ал тасма качан тартылганы белгисиз.
АКШ президенти Жо Байден 25-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Орусиядагы соңку окуяларды, Украинанын коопсуздугу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулады.
Ак үйдүн маалыматына караганда, Украинанын контрчабуулунун жүрүшү тууралуу сөз болуп, Байден АКШнын колдоосу, коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык жардамы улана берерин айтты.
Украин лидери коргонуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү, украин аскерлерине алыска сокку уруучу системаларды берүү тууралуу сөз болгонун Telegram каналына жазды. Ал АКШга абадан коргонуучу Patriot комплекстерин бергени жана аскердик учактар коалициясын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Зеленский Орусиядагы соңку окуяларды Канаданын жана Польшанын лидерлери менен да талкуулаганын жазды.
Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.