Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:48
 Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.
Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.

"Коркунучтуу түн болду". Украина жапырт соккунун кесепети менен күрөшүүдө

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:37 27.6.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-июнда элге кайрылуу жасап, "Вагнердин" козголоңу учурунда аскер учкучтары набыт болгонун айтты.

"Биздин учкучтардын тайманбастыгы Орусияны сактап калды", - деди Путин.

Учкучтардын козголоң маалында өлгөнү тууралуу буга чейин расмий ырастала элек болчу.

Путин ошондой эле "жалгыз туура чечим чыгарып", "акыркы чекке жеткенде токтоп калган" "вагнерчи" жоочуларга ыраазычылык билдирди.

Ал жоочуларга орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштады.

"Ким кааласа Беларуска кете берсе болот. Менин берген убадам аткарылат. Кайталайм, тандоо ар бириңдин өзүңдө. Бирок бул тандоо өзүнүн трагедиялык катасын мойнуна алган аскердин тандоосу болот деп үмүттөнөм", – деди Путин.

Путин 24-июндагы окуянын башынан эле кан төгүүнүн алдын алуу аракеттери өзүнүн буйругу менен ишке ашканын билдирди.

Козголоңдун токтошуна - орусиялыктардын атуулдук маанайы, жалпы өлкө коомчулугунун биримдиги негизги ролду ойногонун айтып, Беларустун президенти Александр Лукашенкого "кырдаалды тынч чечүүгө кошкон салымына" ыраазылык билдирди.

Путиндин кайрылуусу беш мүнөттөн ашык убакытка созулду. Бул үчүн Биринчи каналда эфир токтотулду. Анын алдында көптөгөн басылмалар Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун "Путин маанилүү билдирүү жасайт" деген сөзүн беришкен.

Дүйшөмбү күнү беларус президенти Александр Лукашенко билдирүү жасайт деп күтүлүп жаткан. Айрым маалыматтарга караганда, Лукашенконун брифинги бүгүн, 27-июнда болот.

10:37 27.6.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы фронттогу кырдаал тууралуу:

"Каршылаш негизги күчүн Лиман, Бахмут жана Марьинка багытына жумшап атат, бир сутка ичинде 38 кагылышуу болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Запорожье жана Херсондо орусиялык күчтөр украин армиясынын алга жылуусуна тоскоолдук кылууда.

"Коргоо министрлигинин авиациясы өткөн суткада каршылаштын өздүк курамы турган райондорго алты жолу абадан сокку урду. Ракеталык жана артиллерия бөлүктөрү каршылаштын бир башкаруу пунктун, 12 артиллериялык бөлүктү, каршылаш негизги көңүлдү буруп аткан бир районго, курал-жарак турган үч бөлүккө жана үч маанилүү максаттарына сокку урду", - деп билдирди Башкы штаб.

Орусиялык армия жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

Орусиянын Украинага кол салганына 27-июнда 489 күн болду.

Украинанын Коргоо министрлигинин орун басары Анна Маляр Телеграм аркылуу билдиргендей, контрчабуул башталганы өлкө түштүгүндө жалпы 130 чарчы чакырым орус күчтөрүнөн бошотулду.

Фронтто согушуп жүргөн украин аскерлери Орусиянын ичиндеги башаламандык аларга дем берип жатканын жашырган жок.

"Орустардын ичиндеги жаңжалды уккан сайын биздин демибиз көтөрүлүүдө. Жакында аларды жеңүүгө ниет кылып турабыз, анан алар бири-бирин жеп салышсын", - деди аскерлердин бири.

Анна Маляр учурда украин армиясы орус аскерлеринин каршылыгына жана оор жоготууларга карабай жерин бошотуу аракеттерин улантып жатканын кошумчалады. 25-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшкөн маалда контрчабуулду жана Пригожиндин "куралдуу козголоңун" талкуулашканы маалым болду.

Пригожиндин козголоңун эске салган танк издери

Ал арада аналитиктер Орусиядагы "куралдуу көтөрүлүштүн" кесепети бир нече айдан кийин билинерин эскертип жатышат.

Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүндө ишемби күнкү куралдуу козголоңду эске салган танк издери калды. Калаа дээрлик бир суткадай менчик аскердик компаниянын көзөмөлүндө болду. Шаардыктардын айрымдары эмне болуп кеткенин түшүнбөй калганын айтса, башкалары буга мамлекеттеги олуттуу көйгөйлөрдүн чечилбей келгени түрткү болду деген пикирде.

"Өлкөдө олуттуу көйгөйлөр бар, анын баарын чечүү керек. Мунун баарына чыдай албаган адамдар, Пригожин сыяктуу радикалдык жолдорго барып жатат", - дейт Ростов-на-Дону шаарынын тургуну Дмитрий.

Москва шаарына, Москва жана Воронеж облустарына "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин 24 саатка уланган куралдуу козголоңунан улам киргизилген контртеррордук режим дүйшөмбүдө алынды.

"Оор дем алыштардан кийин эсине келе элек москвалыктар үчүн" 26-июнь эс алуу күнү деп жарыяланды.

Орусияны 20 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген президент Владимир Путиндин бийлигине коркунуч жараткан Пригожин азыр кайда экени белгисиз. Ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилген.

Дүйнө лидерлери жана аналитиктер куралдуу көтөрүлүштүн кесепти бир нече айдан кийин билинерин эскертип жатат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусия сыяктуу өзөктүк державанын туруксуздук фазасына кирип калышы тынчсыздандырарын айтты:

"Эң башкы жыйынтык - Украинага каршы согушту Путин жана ал өзү жараткан ажыдаар баштаган. Эми ал ажыдар Путиндин өзүн чайнап жуткусу келет. Муну менен саясий система морт экени, ал эми аскердик системада жарака кеткени көрүндү", - деди Боррел.

Ал арада Орусияда ызы-чуу башталганы көрүнбөй жаткан коргоо министри Сергей Шойгунун видеосу маалымат агенттиктерине чыкты. Видеодо ал Кремль "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согушка катышкан аскерлерге жолугуп, учакта отчет угуп баратканы үнү жок чагылдырылган. Бул кадрлар качан тартылганы белгисиз. Пригожин "адилеттик жүрүшүн" баштардын алдында койгон эң негизги талаптарынын бири Шойгунун кызматтан кетиши болчу.

17:43 26.6.2023

Украинанын армиясы Донецк облусундагы Ровнопол кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун 26-июнда коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграмга жазып, "Алга карай бара жатабыз" - деди.

Согушка чейин 100гө жакын калкы блгон бул чакан конуш бошотулса, украин күчтөрү Донецк жана Запорожье облустарында алдыга жылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болору айтылган. Орусия буга комментарий бере элек.

Днепрдин сол жээгиндеги Херсон облусунда да салгылашуу жүрүп жатат. Орус жана украин Телеграм каналдары кыйраган Антонов көпүрөсүнүн аймагында украин аскерлери Днепрди кесип өтүп, орустар көзөмөлдөгөн сол жээкте күчүн топтогонун жазышты.

Херсондун Орусия дайындаган башчысы Владимир Салдо муну четке кагууда.

Украина бийлиги ал жактагы салгылашуулар тууралуу расмий маалымат бербейт.

Украин армиясы июнь айынын башынан бери сегиз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялаган.

15:18 26.6.2023

Украинанын армиясы контрчабуул башталгандан бери өлкө түштүгүндөгү 130 чарчы километр аянтты орус күчтөрүнөн бошотту. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 26-июнда Телеграмга жазды.

Малярдын белгилешинче, украин аскерлери Запорожье облусунун Мелитопол жана Бердянск аймактарында алдыга жылууну улантып жатат.

Украин армиясы июнь айынын башынан бери жалпы сегиз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялаган.

Донецк облусунда айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Запорожье жана Херсон облустарында украин күчтөрү контрчабуулду улантып жатканы кабарланганы менен так маалымат бериле элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG