Краматорки шаарына урулган соккуда, төрт адам каза болду, арасында бир бала бар, кырктан ашуун адам жарадар
Донецк облусунун администрациясынын башчысы Павел Кириленко Краматорск шаарына түшкөн ракетадан үч чет элдик жаран каза болгонун билдирди. Соккудан кыйраган ресторандын ордун тазалоо иштери жүрүп жатат.
"Азаттыктын" украин кызматы украин полициясынын маалыматына таянып, төрт адам каза болуп, 42 адам жарадар болгонун билдирди.
Бельгиялык журналист Арно де Декер Краматорскиде орусиялык соккудан кыйраган Ria Lounge барында (ал "Краматорск" мейманканасына туташ) эл толтура болгонун жазды. Декер бардын ичинде жарылууга чейин жарым саат мурда тартылган сүрөттү койду.
Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуста экенин 27-июнда билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги жазды.
"Путин убада кылгандай, коопсуздук кепилдиктери берилди. Ооба, чын эле ал бүгүн Беларуста. Мен убада бергендей, кайсы бир убакыт бизде болуп турууну кааласаңыз, жардам беребиз, - деген Лукашенко.
27-майда Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конгону маалым болгон. Бирок анда Пригожиндин өзү Беларуска барган-барбаганы белгисиз эле.
24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.
Беларуста атайын "вагнерчилер" үчүн лагерь да курулуп жатканы белгилүү болду.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин Орусиянын президенти Владимир Путин аскер кызматкерлери менен 27-июнда Кремлде жолугушкан маалда айтты.
Анын билдирүүсүндө, 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын май айына чейин менчик компания бюжеттен 86 миллиард рубль алган.
Андан тышкары аскерлерди тамак менен камсыздаганы үчүн Евгений Пригожиндин "Конкорд" компаниясы Военторг аркылуу 80 миллиард рубль тапкан.
Орус бийлиги бир нече ирет "Вагнердин" мамлекетке тиешеси жок экенин, аскердик мекемелердин балансында катталбаганын билдирип келген. Компаниянын негиздөөчүсү Пригожин өзү дагы "Вагнерге" тиешеси бар экенин четке кагып жүрүп, былтыр сентябрда моюнга алган.
Январь айында жасаган билдирүүсүндө Пригожин компанияны өзү каржылап келгенин, Украинада согуш башталганы анын жалданма аскерлери мамлекеттен бир тыйын ала электигин айткан.
2022-жылдын 24-февралында Орусия кошуна мамлекетке басып кирип, согуш ачкандан бери 77 украин тургундун өлүмүнө забын болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Украинага көз салган миссиясынын 27-июнда жарык көргөн баяндамасында белгиленет.
Жалпысынан Орусия басып алган аймактардан 864 бейкүнөө тургун кармалган. Алардын дээрлик 90% кыйноого кабылган.
Орус күчтөрү согуш кылмыштарына барганын же жайкын тургундарды куугунтуктаганын ишенимдүү далилдерге карабастан мойнуна алган эмес. Москва эл аралык уюмдун миссиясы менен кызматташуудан баш тарткан.
Баяндама чыккан маалда Украинанын чыгышындагы жана борборундагы сегиз облуста бомба коркунучу тууралуу эскертүүлөр берилди. Киев көптөн күткөн контрчабуулун баштагандан бери Орусия Украинанын аймагына ракеталык соккуларын күчөттү.
Запорожье облсунун аскердик администрациясынын жетекчиси Юрий Малашко 27-июнда билдиргендей, орус күчтөрүнүн аткылоосунан бир жайкын тургун мерт кетти.
Буга чейин украин армиясы өлкө чыгышында жана түштүгүндө орус күчтөрүнүн позицияларына сокку урганын билдирген.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.