Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге жана анын жалданма аскерлерине каршы ачылган кылмыш иши жабылганын билдирди.
Маалыматка караганда, буга "куралдуу козголоңдун" катышуучуларынын 24-июнда кылмыштуу аракеттерин токтоткону түрткү болду.
Пригожинге каршы кылмыш иши ал Орусиянын Коргоо министрлигин "вагнерчилердин" лагерине урулган сокку үчүн айыптап, аскердик бийликке каршы "адилеттик маршын" баштаганын жарыялагандан кийин, 23-июндун кечинде ачылган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-июндагы кайрылуусунда Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин армиясын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин билдирди.
Ал бул "көтөрүлүш" Батыш тараптан келген ыктымал коркунучтун бир бөлүгү экенин кошумчалады.
"Өлкөбүзгө кезектеги көлөкө түшүргөн коркунучтан улам биз күчтүү болушубуз зарыл. Мунун баары кайрадан Батыштан келип жатат", - деди Лукашенко.
Ушул эле күнү "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конду. Бул тууралуу Беларустагы авиацияга байкоо салган "Беларуски хаюн" тобу билдирди. Евгений Пригожиндин өзү Беларуска барганы же барбаганы азырынча белгисиз.
Беларуста "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары үчүн лагерлердин курулушу башталды.
"Вёрстка" басылмасы кабарлагандай, Могилев облусунун Осиповичи шаарынын жанында курулуп жаткан лагерь 8 миң кишиге эсептелген. Мындай жатаканалардын бир нечеси курулары маалым болду.
Облустун токой чарбачылыгынан 24 миң чарчы метрлик аймакка лагерь курулуп жатканын "Версткага" ырасташып, эртеңкиге чейин чатырлардын баары ордунда туруп калышы керек экенин кошумчалашты. Осиповичи шаары Украина менен чек арадан 200 чакырымдай алыс жайгашкан.
Менчик аскер компаниянын "куралдуу козголоң" уюштуруу аракетинен кийин Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген. Лукашенконун маалыматында, алар Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөөнү макулдашып, Пригожин “вагнерчилердин” куралдуу кыймылын токтотуу жана чыңалууну жөнгө салуу боюнча анын сунушун кабыл алган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-июндун кечиндеги видеокайрылуусунда куралдуу күчтөрдүн ийгиликтери тууралуу оптимисттик билдирүү жасады.
"Бүгүн биздин аскерлер бардык багыттарда алдыга жылды, бул бактылуу күн. Балдарыбызга көбүрөөк ушундай күндөрдү каалайм", - деди Зеленский.
Андан мурда Зеленский өлкө чыгышындагы аскерлерге барып, медалдарды тапшырып, алар менен сүрөткө түшүп кеткен. Кайсы районго барганы так белгиленген жок, ал эми президенттин кеңсеси Зеленский Донецк облусундагы "Хортица" ыкчам-стратегиялык тобунун аскерлери менен жолукканын билдирди.
Зеленский кайрылуусунда аскердик жетекчилер менен жолугушуу маалында бир катар "ыкчам чечимдерди" кабыл алганын кошумчалады.