Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46
 Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.
Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.

"Коркунучтуу түн болду". Украина жапырт соккунун кесепети менен күрөшүүдө

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:11 28.6.2023

Польшанын жана Литванын президенттери Украинага барды

Польшанын президенти Анжей Дуданын сапары Киевге бүгүн келген Литванын президенти Гитанас Науседанын сапарындай эле алдын ала айтылган эмес.

"Украинанын президенти менен сүйлөшүүлөр өлкөдөгү Конституция күнүн майрамдоого байланыштуу, андан тышкары согуш сызыгындагы консультациялар, Орусиянын Запорожье АЭСине кол салуусунан кийинки коркунучка байланыштуу. Мындан тышкары НАТОнун июлдагы саммитине даярдык жүрүп жатат", - деп айтылат Польшанын президентинин иш кагаздар менен иштөө бөлүмүнүн Твиттерге жарыялаган билдирүүсүндө.

Мурдараак Конституциянын кабыл алынганынын 27 жылдыгын белгилөө аземине чакырылып, Киевге келген Гитанас Науседа Твиттер баракчасына Литва Украинага NASAMS зениттик-ракеталык жабдуусунан экини, 10 даана M113 бронетранспортёрун жана курал-жарак бере турганын айткан.

Литванын президенти Украинага 2023-жылы январь айында да барган болчу.

12:58 28.6.2023

Краматорскиге урулган соккудан сегиз адам набыт болду, анын үчөө бала. 60 адам жараат алды

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматтарында 27-июнда саат 19:30да Краматорскинин борборуна урулган эки ракеталык соккудан кийин сегиз адам каза болду. Алардын үчөө бала. 60 жай тургун жараат алды.

Орусиялык күчтөр Краматорскини аткылаган учурда Колумбиянын үч жараны жараат алган. Алар: Латын Америкасында Украинаны колдоо үчүн түзүлгөн уюмдун негиздөөчүсү, колумбиялык депутат Серхио Харамильо, жазуучу Эктор Абад жана журналист Каталина Гомес экенин Би-Би-Синин орус кызматы кабарлады. Аларды коштоп жүргөн украиналык жазуучу Виктория Амелинанын абалы оор.

Маалыматтарда ракета "Краматорск" мейманканасына жакын соода үйүнө түшкөн. Мейманканада ресторан жайгашкан. Жарылуудан жакын арадагы үйлөр, соода жайлары, почта бөлүмү жана автоунаа жабыркаган.

"Украин чындыгы" басылмасынын булактары орусиялык аскерлер шаарды С-300 комплекси менен атканын билдирген.

12:35 28.6.2023

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) "Вагнер" аскердик жеке компаниясына жана анын ээси Евгений Пригожинге байланышы бар төрт коммерциялык компанияга, бир адамга каршы санкция киргизди.

Буга чейин АКШ, Европа Биримдиги, Канада жана Британия Пригожиндин өзүнө каршы санкция колдонгон.

"Санкциялар "Вагнердин" каржылоо системасындагы негизги адамдардын ишин кыйындатат", – деди каржы министринин терроризм жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары Брайан Э.Нельсон.

11:03 28.6.2023

АКШнын Коргоо министрлигинин сайтында Украинага бериле турган 500 млн. долларлык аскердик жардамдын тизмеси жарыяланды. Украина аларды "коопсуздук жана коргонуу жаатында өтө зарыл" жана "контрчабуул операциясын коргоо" үчүн алууда.

  • Patriot зениттик-ракеталык комплекси жана жапырт ок чыгаруучу HIMARS реактивдүү системасы үчүн ок-дары;
  • Stinger көтөрүп жүрүүчү зениттик-ракеталык комплекси;
  • Минадан тазалоочу жабдыктар;
  • 155 мм жана 105 мм калибрдеги снаряддар;
  • Жөө аскерлер үчүн 30 Bradley машинасы;
  • Stryker чопкутталган автоунаасынан 25 даана;
  • HARM жогорку үндүү радиолокациялык ракетасы;
  • Жогорку тактыктагы авиациялык каруу-жарактар;
  • Ок атуучу куралдар жана ал үчүн керектелүүчү 22 млн. патрон;
  • Түнкү байкоо үчүн жабдыктар жана тепловизорлор.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG