Германиянын канцлери: Козголоңчулар Путиндин шайын оодарды
"Вагнердин" ишемби күнү болгон козголоңу тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц коомдук ARD каналына интервью берди.
Ал жалданма жоочулардын козголоңу президент Путиндин шайын оодарды жана Орусия үчүн кесепети оор болот деп эсептейт.
"Бул автократиялык бийлик структурасында жарака кеткенин жана анын (Пуин-ред) канчалык жаап-жашырбасын ээрде кыйшык отурганын көргөздү", - деп айтты немис канцлери.
Шольц Берлин Украинаны колдой турганын, колдоонун максаты "Орусиядагы режимди алмаштыруу эмес" экенин кошумчалады.
Ал Москва Украинанын аймагынан аскерлерин чыгарып кетмейинче, тынчтык сүйлөшүүлөргө баруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.
"Кандай гана башка вариант болбосун, болуп жаткан азыркы кырдаалды мыйзамдаштырат", - деди Германиянын канцлери. "Ошон үчүн согушту эки армия атышып жаткан жерден тоңдуруп коюуга болбойт".
Шольц жалданма жоочулардын козголоңу согушту токтотууга жардам береби деген суроого божомолун айткан жок. Анын сөзүнө караганда Германия жана Батыштагы өнөктөштөр окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турат.
"Орусия - өзөктүк куралга ээ, кубаттуу держава. Андыктан биз коркунучтуу жагдайларга абай салып турабыз", - деди Шольц.
Байден: Путин бүткүл дүйнөдө жек көрүмчүгө айланды
АКШ президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушта утулуп жатканын, "Вагнердин" ишке ашпай калган козголоңунан кийин анын позициясы начарлары тууралуу айтууга али эрте экенин билдирди.
"Ал албетте Украинадагы согушта утулуп жатат, үйүндөгү согушта да утулууда", - деди Байден Ак үйдүн журналистинин суроосуна жооп берип жатып.
"Путин бүт дүйнөдө жек көрүмчүгө айланды", - деп кошумчалады президент Байден.
Такталган маалыматтар боюнча, Краматорскиде өлгөндөрдүн саны 11ге жетти, алардын үчөө бала. Бул тууралуу шаар мэри Александр Гончаренко билдирди. Буга чейин ал каза тапкандар арасында 14 жаштагы эгиз кыздар, 17 жаштагы кыз бар экенин, сегиз айлык бала жарадар болгонун жазган.
Орусия Краматорскинин борборундагы кафеге 27-июнда сокку урулганын жазган. Украин бийликтеринин маалыматында, сокку "Искандер" ракетасы менен урулган.
Соңку бир суткада Украинанын аймагына урулган орус күчтөрүнүн аба соккусунан 13 жайкын тургун, анын ичинде 14 жаштагы эгиз кыз мерт болду.
28-июнда Харьков облусуна жасалган орус армиясынын чабуулу үч карапайым тургундун өмүрүн алды. Ал эми 27-июндун кечинде Донецк облусунун Краматорск шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккусунан курман болгондордун саны 11ге жетти, жарадарлардын саны 60тан ашты.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, ракеталардын бири Краматорскинин борборундагы пицца ресторанына, экинчиси шаар четиндеги конушка тийген.
Донецк аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдиргендей, шаарда 18 көп кабаттуу үй, беш мектеп, эки бала бакча, соода борбор жана пицца рестораны жабыркаган.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.
Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.
Вашингтон Краматорскиге урулган сокку үчүн Орусияны кескин айыптап, Украинага колдоо көрсөтүүнү улантарын кошумчалады.
Кечки кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский туура бир жыл мурда Кременчуктагы соода борборунда орус аскерлеринин соккусунан 22 жай тургун мерт болгонун эске салып, Орусия жоопко тартылууга тийиш деп кайталады.