Бахмут багытында украиналык күчтөр алдыга жылып жатканын Украинанын Башкы штабы билдирди. Орусиялык күчтөр каршылык көрсөтүп, катуу кармаш жүрүп жатканы маалым болду.
Бахмуттан тышкары Мелитополь жана Бердянск багытында чабуулдар жүрүп жатат.
Орусиялык аскердик блогерлер бир канча күндөн бери украиналык бөлүктөр Олешек районунда плацдармды кармап турганын жазды. Аймак Днепрдин чыгыш жээгинде, Херсондон анча алыс эмес жерде жайгашкан.
Германиянын канцлери: Козголоңчулар Путиндин шайын оодарды
"Вагнердин" ишемби күнү болгон козголоңу тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц коомдук ARD каналына интервью берди.
Ал жалданма жоочулардын козголоңу президент Путиндин шайын оодарды жана Орусия үчүн кесепети оор болот деп эсептейт.
"Бул автократиялык бийлик структурасында жарака кеткенин жана анын (Пуин-ред) канчалык жаап-жашырбасын ээрде кыйшык отурганын көргөздү", - деп айтты немис канцлери.
Шольц Берлин Украинаны колдой турганын, колдоонун максаты "Орусиядагы режимди алмаштыруу эмес" экенин кошумчалады.
Ал Москва Украинанын аймагынан аскерлерин чыгарып кетмейинче, тынчтык сүйлөшүүлөргө баруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.
"Кандай гана башка вариант болбосун, болуп жаткан азыркы кырдаалды мыйзамдаштырат", - деди Германиянын канцлери. "Ошон үчүн согушту эки армия атышып жаткан жерден тоңдуруп коюуга болбойт".
Шольц жалданма жоочулардын козголоңу согушту токтотууга жардам береби деген суроого божомолун айткан жок. Анын сөзүнө караганда Германия жана Батыштагы өнөктөштөр окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турат.
"Орусия - өзөктүк куралга ээ, кубаттуу держава. Андыктан биз коркунучтуу жагдайларга абай салып турабыз", - деди Шольц.
Байден: Путин бүткүл дүйнөдө жек көрүмчүгө айланды
АКШ президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушта утулуп жатканын, "Вагнердин" ишке ашпай калган козголоңунан кийин анын позициясы начарлары тууралуу айтууга али эрте экенин билдирди.
"Ал албетте Украинадагы согушта утулуп жатат, үйүндөгү согушта да утулууда", - деди Байден Ак үйдүн журналистинин суроосуна жооп берип жатып.
"Путин бүт дүйнөдө жек көрүмчүгө айланды", - деп кошумчалады президент Байден.
Такталган маалыматтар боюнча, Краматорскиде өлгөндөрдүн саны 11ге жетти, алардын үчөө бала. Бул тууралуу шаар мэри Александр Гончаренко билдирди. Буга чейин ал каза тапкандар арасында 14 жаштагы эгиз кыздар, 17 жаштагы кыз бар экенин, сегиз айлык бала жарадар болгонун жазган.
Орусия Краматорскинин борборундагы кафеге 27-июнда сокку урулганын жазган. Украин бийликтеринин маалыматында, сокку "Искандер" ракетасы менен урулган.