Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:09 1.7.2023

Брюсселде 29-30-июнда өткөн саммиттин жыйынтыгында Евробиримдиктин лидерлери Украинага зарыл аскердик колдоо туруктуу уланарын билдиришти. Алар 11-12-июлда Литвада боло турган саммитте Украинага кошумча коопсуздук кепилдиктерди берүү жолдорун карай турганы айтылууда.

Саммитте НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиядагы "вагнерчилердин" козголоңу өлкөнүн ички системасындагы карама-каршылыкты көрсөткөнүн, бирок бул окуя Орусиянын ички иши экенин белгиледи.

Саммитте видеобайланыш аркылуу сүйлөгөн Украинанын президенти Владимир Зеленский "вагнерчилердин" козголоңу Орусиянын алсыздыгын далилдегенин, бул Москванын мыкаачылык аракеттерине каршы күрөштө Киевге жардам берерин айтты.

Зеленский Евробиримдикти Украинага кошумча аскердик жардам берүүгө жана НАТОго мүчөлүккө кабыл алууга чакырды.

Мындан тышкары жолугушуунун катышуучулары Орусия Украинанын аймагынан аскерлерин толугу менен тез арада кандайдыр бир шарт койбостон алып чыгып кетиши үчүн Кытайды Орусияга басым жасоого чакырышты.

Билдирүүдө Евробиримдиктин мамлекеттери Кытай менен эл аралык жана экономикалык кызматташтыкты уланта берери белгиленген. Ошондой эле документте Тайвань маселеси жана Кытайдагы адам укуктарын сактоо көйгөйү боюнча европалык лидерлердин тынчсыздануусу камтылган.

18:41 30.6.2023

Украинада орус аскерлери басып алган Бердянск шаарында 30-июнда эртең менен кеминде 11 жардыруу болгонун калаанын аскер башкармалыгы билдирди. Жардыруулардын үнү аэропорттун аймагында угулган.

Жергиликтүү Телеграм каналдар жардыруу болгон жерден түтүн көтөрүлүп жатканын көрсөткөн видеону жарыялашты.

“Биз Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов Бердянскиге ракета атылганын, анын мизин орус күчтөрү кайтарганын айтты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командачылыгы Бердянскиге чабуулду украин аскерлери жасаганын тастыктады. Натыйжада Бердянск шаарынын четиндеги орус аскерлеринин штабы жана күйүүчү-майлоочу каражаттар кампасы талкаланган.

13:51 30.6.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрү 30-июндун түнү орус армиясы аткан 13 "Шахед" дронунун ону атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Түндө Орусия Азов деңизи тараптан ирандык дрондор менен чабуул койгон.

Запорожье аймагынан да төрт ракета атылып, аскердик жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалды. Кыйроо жана курмандыктар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.

11:12 30.6.2023

Украина жарандарынын 78% согушта каза тапкан же жарадар болгон жакыны бар. Киев эл аралык социология институтунун Украинанын бардык аймагында ​ жүргүзгөн изилдөөсү ушундай жыйынтык көрсөткөн.

Сурамжылоого катышкандардын 63% согушта жакын тууганы же досу каза болгонун айтып беришкен. Бери дегенде согуштан кайтпай калган үч адамды жакындан тааный турганын билдиришкен.

Сурамжылоо 26-майдан 5-июнга чейин телефон аркылуу жүргүзүлгөн. Ушундай ыкма менен социологдор 18 жаштан жогору 2013 респонденттен суроо-жооп алган. Изилдөөгө Крымдын, Севастополдун жана украин бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөгөн Донецк, Луганск облустарынын айрым райондорунун тургундары катышкан эмес. Ошондой эле орус баскынчылыгы башталгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен жарандар да катышкан жок.

Украинанын да, Орусиянын да бийликтери согуш маалында канча аскерин жоготконун так маалымдай элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2022-жылдын соңунан бери Украинада тогуз миңден ашуун жай тургун каза болгон, 16 миңден ашууну ар кандай деңгээлдеги жараат алган.

БУУ мындай сандар документтештирилген учурларга гана таянып эсептелгенин, мерт кеткендер менен жабыр тарткандардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG