Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:55

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:35 1.7.2023

Испания Украинага 55 миллион евролук аскердик жардам берет.

Бул тууралуу 1-июлда Киевге барган испан премьери Педро Санчес Жогорку Радада сүйлөп жатып билдирди.

Ал өз өлкөсү Украинаны ар дайым колдой турганын айтты.

18:26 1.7.2023

Украина Орусияга каттамдарды учура баштаган "Грузин аба жолдору" компаниясына каршы санкция киргизди
Украин президенти Владимир Зеленский санкциялар Орусияга түз аба каттамдарын калыбына келтирген грузин авиакомпаниясына жана анын негиздөөчүсү Тамаз Гаиашвилиге багытталганын кабарлады.

Зеленскийдин жарлыгы бул жолу орусиялык 192 адамга, 291 юридикалык тараптарга багытталган. Анын ичинде Беларусиянын өкүлдөрү да бар. Чектөөлөр 10 жыл бою күчүндө болот.

Быйыл майда орус президенти Владимир Путин орусиялык авиакомпаниялардын Грузияга түз учуусуна уруксат берип, грузин жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарган. Бир нече күндөн кийин "Грузин аба жолдору" да Москвага күнүмдүк каттамдарын баштаган.

Грузияда нааразылык акциялары өтүп, президент Саломе Зурабишвили Путиндин жарлыктарын “чагым” деп атаган.

Евробиримдик менен АКШ да Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө каршы чыгышты. Аталган компаниянын ээси Тамаз Гаиашвили орусиялык ТАСС агенттигине "Зеленскийдин санкцияларынын кызыгы жок" деп билдирген.

18:18 1.7.2023

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес 1-июлда Киевге барды.

Орусия Украинага басып киргенден бери чет элдик лидерлердин Киевге сапарлары алдын ала кабарланчу эмес. Испан өкмөтү Санчестин сапарын бир нече күн мурун жарыялап, бул өлкөнүн Евробиримдикке төрагалык кылуудагы биринчи кадамы болорун билдирген.

Киевде Санчес президент Зеленский менен жолугуп, Жогорку Радада сөз сүйлөйт.

14:09 1.7.2023

Орусияда ишке ашпай калган козголоңдун уюштуруучусу, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуска барган соң украин президенти Владимир Зеленский түндүк чек араларын бекемдөөнү буюрганын билдирди.

15 айдан бери уланып жаткан кармашта украин аскерлери алдыга жыла баштаганын айтты.

АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынын башчысы, генерал Марк Милли украинанын контрчабуулу Батыш күткөндөй тез болбосо дагы ишенимдүү илгерилеп жатканын белгиледи.

30-июнда Украинанын башкы штабы Орусия негизги күчтөрүн мурдагыдай эле Лиман, Бахмут, Марьинкага багыттап жатканын, украин аскерлери аларды мурда ээлеп алган позициялардын сүрүп чыгарып жатканын билдирген.

Согуш маалында бул маалыматтарды башка булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG