Европа Биримдиги Орусияга киргизген санкцияларынын 11-пакетине Өзбекстандын Alfa Beta Creative LLC жана GFK Logistic Asia LLC компанияларын да кошту.
Еврокомиссиянын сайтына жарыяланган баяндамада эки компания тең Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине жардам бергени, тактап айтканда, Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн Батыштан товар сатып алууга көмөктөшүүгө аракет кылганы белгиленген.
Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги да Өзбекстандын дал ушул компанияларына санкция салган. Өткөн жылы АКШ санкциялык тизмесине Өзбекстандын жеке менчик Promcomplektlogistic компаниясы кирген.
Alfa Beta Creative жоопкерчилиги чектелген коому Өзбекстанда 2022-жылы ишин баштаган. Компания кеңсе техникасын жана жабдууларды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Компаниянын уставдык капиталы болгону 2 миллион сумду (азыркы курс боюнча 175 доллар) түзөт.
GFK Logistic Asia компаниясы Өзбекстанда 2018-жылы ишин баштаган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бул компания негизинен логистикалык кызматтарды көрсөтөт. Уставдык капиталы 200 миллион сум (азыркы курс боюнча 17 500 доллар). Бул эки компания тең Ташкентте бир даректе катталган.
АКШнын санкциясына кабылган Promcomplektlogistic компаниясы да Ташкентте жогорудагы эки компания менен бир даректе катталган.
Орусиялык аскерлердин Украинанын Донецк облусундагы чабуулунда дагы эки жай тургун курман болуп, үчөө жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко 3-июлда билдирди.
Ал Покровск жана Северск калааларына ракеталык чабуул болгонун, өндүрүш ишканасы, турак жайлар зыян тартканын кошумчалады.
Ал эми Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин өткөн суткада аймак 85 жолу аткыланганын, анын 35и Херсон шаарын бутага алганын маалымдады. Бул калаада алты киши жараат алганын, арасында бир бала экенин белгиледи.
Харьков облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов да аймак аткылоого кабылганын, билдирди. Тактап айтканда, орус аскерлери Купянск районунун Курыливка айылындагы турак жайлар талкаланганын кабарлады. Адам өмүрү кыйылган эмес.
Орус армиясы калктуу конуштар бутага алынганын четке кагууда.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясына таандык Телеграм-каналдар жалданма жоокерлерди кабыл алуу бир айга токтотулганын кабарлашты. Анда Украинага каршы согушка катышуунун убактылуу токтотулушу компаниянын Беларуска көчүп жатканы менен байланыштуу экени жазылган.
"Вагнердин" 23-24-июндагы козголоңунан кийин Орусияда жалданма жоокерлерди кабыл алуу үчүн ачылган жайлары жабылып, көрнөк-жарнактары алына баштаган.
Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындай жүргөн. Өткөн айда, 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүзд жарыялаган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.
Орус президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алган.
Орус армиясы 2-июлга караган түнү Киевди Иранда чыгарылган "Шахед" "жанкечти" дрондор менен аткылады. Бул тууралуу украин баш калаасынын аскердик администрациясы билдирди. Бул соңку 12 күндөн берки Киевге жасалган алгачкы аба чабуул.
Администрация башчысы Сергей Попко билдиргендей, дрондордун баары асмандан атып түшүрүлдү. Түшкөн калдыктардан үч менчик үй, бир адам жабыркаганы маалым болду.
2-июлда Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы күнүмдүк брифингде билдиргендей, соңку бир суткада фронтто 46 кагылышуу катталды. Айыгышкан салгылаштар Донецк облусунун Лиман, Бахмут, Марьинка шаарларынын тегерегинде жүрдү.
Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков соңку бир суткада украин аскерлери калктуу конуштарды аткылаганын Телеграм каналына жазды.
Киев бул тууралуу эч кандай комментарий берген жок.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Запорожье атомдук электрстанциясында теракт уюштурушу мүмкүн деген божомолун дагы бир ирет кайталады. Ал 1-июлда Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Киевде жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында «олуттуу коркунуч» бар экенин эскертти.
Зеленский чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянып, буга чейин да Запорожье атомдук электр станциясында орус күчтөрү жардыруу уюштурушу мүмкүн экендигин айткан.
Алты реактордон турган, Европадагы эң ири деп саналган Запорожье атомдук электр станциясы былтыр марттан бери орус армиясынын көзөмөлүндө турат.
Зеленскийдин бул билдирүүсүн Кремлдин расмий өкүлү "кезектеги калп" деп атаган.