Орусияда "Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинди даңазалаган сайттар бөгөттөлүүдө. Бул тууралуу Орусиядагы интернетти тосмолоого байкоо жүргүзгөн "Роскомсвобода" билдирди.
Уюмдун маалыматына караганда, жети сайтка бөгөт коюу 28-июнда башталган. Бул аракет кайсы мамлекеттик органдын чечими экени азырынча белгисиз.
Бөгөттөлгөн сайттардын домендик аталыштарында p2024 же pp2024 айкалышы камтылган жана аларда Евгений Пригожиндин сүрөтү бар.
Сайттардагы тексттерде Орусия "улуу" жана "уникалдуу" өлкө экени айтылып, Пригожин "Орусияны европалык сепилдер жана америкалык банк эсептери үчүн сатпай турган" адам катары сыпатталган. Ошондой эле "жаңы Орусиянын жаңы лидери" Пригожинди колдоого, өлкөнү "сактап калууга" чакырык жасалат.
"Вагнердин" негиздөөчүсүнүн шайлоо өнөктүгүнө окшош сайттарды ким түзгөнү белгисиз. Бөгөттөлгөн сайттардын чындап эле Пригожин менен байланышы бар экенине эч кандай далил жок.
Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүз жарыялаган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган.
Украинанын чыгыш жана түштүк бөлүгүндө катуу салгылашуулар уланууда. Киев анын контрчабуулуна орус күчтөрү катуу туруштук берип жатканын, бирок аймакта ийгиликке жеткенин билдирди.
Украин коргоо министринин орун басары Анна Маляр 2-июлда Телеграм аркылуу Донецк облусунда акыркы бир жумада тогуз чарчы километр орусиялык баскынчылардан бошотулганын айтты. Муну "тактикалык позициянын жакшырганы" деп баалады.
Малярдын айтымында, түштүк тарапта ушул эле мезгил аралыгында 28 чарчы километрден ашык аянт кайтарылды.
Украинанын Сумы шаарында учкучсуз учак беш кабаттуу турак жайга чабуул коюп, бир адам каза болгонун президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак билдирди.
3-июлда калаада бир катар жардыруулардын үнү угулуп, абадан коргонуу системасы иштеди.
Калаа бийлиги элден дүрбөлөңгө түшпөй, баш калкалоочу жайларда болууну суранды.
Орусия Украинага бастырып киргенден бери Сумы облусу такай орус аскерлеринин аткылоосуна кабылууда. Акыркы чабуулдардын биринде беш жашар бала жараат алган.
Гаагада 3-июлда Орусиянын Украинадагы согушу маалындагы кылмыштарды иликтөө үчүн эл аралык кеңсе ачылды. Бул кадам орус лидерлеринин үстүнөн трибунал түзүүнүн алгачкы аракети катары каралууда.
Жаңы түзүм Баскынчылык кылмыштарын иликтөө боюнча эл аралык борбор деп аталат. Анын ишине Украинанын, Евробиримдиктин, АКШнын, Эл аралык кылмыш сотунун прокурорлору катышат. Алар согуш кылмыштары үчүн далилдерди чогултушат.
Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш сотунун кеңири масштабдагы агрессия кылмышын иликтөөгө мандаты жок. "Франс Пресс" белгилегендей, ал Украинадагы өзгөчө согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштарды териштирет.
Быйыл мартта Москва юрисдикциясын тааныбаган Эл аралык кылмыш-жаза соту орус президенти Владимир Путинди Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды мажбурлап депортациялоого байланыштуу камакка алууга ордер чыгарган.
Киев орус аскерлери 2022-жылы апрелде чыгып кеткен Буча аймагындагы кылмыштардын далилдери бар экенин айтып, эл аралык трибунал түзүүгө чакырган. Орусиянын Коргоо министрлиги Бучадагы карапайым калктын кыргыны боюнча айыптоолорду кескин түрдө четке каккан.
Орусияда Бучадагы окуя тууралуу маалымат тараткандарга ондогон кылмыш жана жүздөгөн административдик иштер козголду. Айыпталгандардын көбү узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.