Зеленский CNN каналына курган интервьюда согуш Крым алынганча токтобой турганын айтты
"Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз. Крымдын орус оккупациясында турганы, согуш бүтө элек дегенди билдирет", - деп айтты Украинанын президенти CNNдин журналисти менен сүйлөшүп жатып.
Зеленскийдин маегин толук бул шилтемеден англис тилинде окуса болот.
Орусиялык ТАСС маалымат агенттиги Москванын жанындагы Кубинка шаарында аскер бөлүгү жайгашкан аймакка бир дрон кулап түшкөнүн, баштапкы маалыматка ылайык жабыркагандар, кыйроо болбогонун билдирди. РИА агенттиги бул учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Кубинка Внуков аба майданынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан. Орусиялык басылмалар бул аймакта 4-июлда эртең менен дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн жазышкан.
Shot Телеграм-каналы бир дрон, же анын урандысы Кривошиенко айылындагы чарбалык курулмага кулап, өрт чыкканын билдирди жана сүрөт, видео жарыялады. Кыштак Внуков аэропортунан анча алыс эмес жайгашкан. Ал арада аталган аба майданда каттамдар башка аэропортторго жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар чыкты. РИА Новости агенттиги аны "техникалык себептер" менен байланыштырды.
Дрондорго байланыштуу Коргоо министрлиги комментарий бере элек.
Орус бийлик өкүлдөрү 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганын кабарлашкан. Шаардын мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-июлда Орусиянын дрон чабуулунда зыян келтирилген эки имараттын бири коопсуздук кызматына тиешелүү экенин бышыктады.
3-июлда Украинанын Сумы шаарында учкучсуз учактын чабуулунан курман болгондор эки кишиге жетти, дагы 19 адам жараат алды. Бул тууралуу облустук аскер админстрациясы билдирди. Ооруканада жаткандардын экөөнүн абалы оор.
Мурдараак президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак орус күчтөрү дрон менен Сумыдагы беш кабаттуу турак жайга чабуул койгонун маалымдаган.
Калаа бийлиги элге дүрбөлөңгө түшпөй, баш калкалоочу жайларда калууну эскертти.
Орусия Украинага бастырып киргенден бери Сумы облусу такай орус аскерлеринин аткылоосуна кабылууда. Акыркы чабуулдардын биринде беш жашар бала жараат алган.