Орусиянын Коргоо министрлиги Жаңы Москва аймагындагы жана Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен "террордук чабуул" жасалганын жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова да окуяны "террордук акт" деп атады.
4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган.
Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылат. Аэропорт эки саат иштебей турган. Орус бийлиги дрондордун чабуулун Украинадан көрдү. Киев буга комментарий бере элек.
Орус бийлигинин өкүлдөрү 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганын кабарлашкан. Шаардын мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар бир аз жабыркаганын билдирген.
Орус аскерлери 4-июль күнү эртең менен Херсонду кайрадан аткылаганын Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.
Расмий маалыматтарга караганда, таңкы саат алтыларда артиллериялык аткылоодон эки тургун каза тапты. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштады.
Донецк облустук аскердик админстрациясы да шейшемби күнкү чабуулда Предтечине кыштагынын бир тургуну кайтыш болгонун маалымдады.
Харьков облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Олег Синегубов да аймактагы бир нече район аткыланганын билдирди.
Ал эми Сумы калаасына 3-июлда жасалган дрон чабуулунда курман болгондордун саны үч кишиге жетти. Жараат алган 21 кишинин төртөө ооруканада жатат. Сумыда 4-июль - Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
- Бахмут багытында кырдаал курчуп жатат. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги билдирди. Сутка ичинде позициялар колдон колго өткөн. Шаардын өзүндө орус күчтөрү украин күчтөрүнүн логистикасын үзүү үчүн ок жаадырууда. Ошол эле маалда Таврическ багытында алдыга жылып жатканын "Азаттыктын" украин кызматы билдирди.
Зеленский CNN каналына курган интервьюда согуш Крым алынганча токтобой турганын айтты
"Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз. Крымдын орус оккупациясында турганы, согуш бүтө элек дегенди билдирет", - деп айтты Украинанын президенти CNNдин журналисти менен сүйлөшүп жатып.
Зеленскийдин маегин толук бул шилтемеден англис тилинде окуса болот.