Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Андей Ковалев украин армиясы Бахмуттун түндүк жана түштүк ыптасынан шаарга жакындап, орус күчтөрүн мурда басып алган жерлерден кыса баштаганын билдирди.
“Аскерлер Клещиевка районунда алга жылып, бошотулган чекте көзөмөл орнотуп" жатканын айтты. Ошол эле маалда орус күчтөрү катуу каршылык көрсөтүп, болгон күчүн салып, оор жоготууларга учурап жатканы да кабарланды. Айыгышкан кармаш жүрүүдө.
Украин күчтөрү Донецк аймагынын Лиман, Авдеевка, Мариинка багыттарында контрчабуулун улантууда. Соңку 24 саатта аймакта 40тай кармаш болгону 5-июлда кабарланды. Башкы штабдын билдирүүсүндө аймактагы 15 калктуу пункт орус армиясынын чабуулуна кабылганы да белгиленген.
Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы оккупацияланган Макеевка шаарындагы кампага сокку урулганын кабарлаган. "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын Москва дайындаган бийлиги чабуулда оорукана жабыркаганын, жарадар болгондор бар экенин билдирди.
Аннексияланган шаардын мэринин ырасташынча, чабуулда набыт болгондор дагы бар, турак жайлар, административдик имараттар жабыркады. Анын сөзүнө караганда, ооруканага урулган соккуда жабыркаган бейтаптар башка медициналык жайларга көчүрүлүп жатат.
РИА Новости агенттиги оккупацияланган аймактын "бийлигине" таянып, украин армиясынын чабуулунан сегиз медициналык жай жабыркаганын, терезелери, эшиктери жана тосмолору сынганын жазды.
Украинанын Харьков облусундагы Первомайский шаарында орус армиясынын 4-июлдагы чабуулунан жабыркагандардын саны бери дегенде 43 адамга жетти. Алардын 12си жаш балдар жана арасында үч жана тогуз айлык эки наристе бар. Бул тууралуу облустун башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, сокку тогуз кабаттуу көп батирлүү үйдүн машина токтотуучу жайына урулган.
Синегубов кийинчерээк "Искандер" ракетасы менен чабуул жасалганын айтты. Анда үйлөрдүн терезелери сынып, төрт машина толугу менен өрттөндү, дагы бири жабыркады.
Синегубовдун ырасташынча, 4-июлда орус армиясы Харьковдогу дагы башка бир катар аймактарды аткылады. Изюмда 32 жаштагы бир тургун жарылуучу затка кабылып, оор абалда ооруканага түштү.
Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-июлда Түндүк Атлантика альянсын дагы бир жыл жетектей турганын билдирди.
"НАТОдогу өнөктөштөрдүн баш катчылык мөөнөтүмдү 2024-жылдын 1-октябрына чейин узартуу чечими мен үчүн сыймык", - деп жазды ал.
Столтенберг Европа менен Түндүк Американын ортосундагы трансатлантикалык альянс эркиндикти жана коопсуздукту дээрлик 75 жыл бою камсыз кылып келатканын кошумчалады.
"Барган сайын кооптуу дүйнөдө биздин альянс болуп көрбөгөндөй маанилүү", - деди ал.
Быйыл февралда Столтенберг мөөнөтү октябрда аяктай турганын билдирген. 3-июлда НАТОнун мүчөлөрү анын мандатын узарта турганы белгилүү болгон.
Норвегиянын 64 жаштагы мурдагы премьер-министри НАТОнун Брюсселдеги штаб-үйүндө 2014-жылдын 1-октябрында азыркы кызматына киришкен.
Ал альянсты бир нече эл аралык кризистердин тушунда жетектеди. Орусиянын Украинадагы согушун кескин сындап келет.
НАТОго 31 мамлекет мүчө.