Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:18 6.7.2023

Украин бийлигинин өкүлдөрү билдиргендей, Львов шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккусунан кеминде төрт киши мерт кетти. 6-июлда Ички иштер министрлиги 34 адам, анын ичинде бир ымыркай түнкү аткылоонун натыйжасында жаракат алганын кабарлады.

Карапайым тургундар жашаган көп кабаттуу үйдүн үстүңкү эки кабаты жана чатыры талкаланган.

Шаар бийлиги маалымдагандай, канаттуу ракеталардын соккусунан 60 батир жана 50дөй автоунаа жабыркаган. Куткаруучулар урандылардын алдынан жети кишини алып чыгышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

"Душманга сөзсүз жооп кайтарылат", - деди ал.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-июлга караган түнү абадан жети канаттуу ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди.

5-июлда CNN каналын менен маекте Владимир Зеленский контрчабуул ал каалагандан кеч башталганын, буга Батыштын өз убагында курал-жабдыкты жеткирбегени себеп болгонун маалымдады. Президент кошумчалагандай, мындан улам орус аскерлеринде коргонууну бекемдөөгө убакыт болгон.

12:28 6.7.2023

Орусиялык аскерлер Запорожье АЭСинин бир нече энергоблогуна жардыруучу зат койгонун Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-июлда билдирген. Украинанын башкы чалгын кызматынын өкүлү Андрей Юсов 2022-жылы май айында, Орусия ЗАЭСке "бүлүндүрүүчү каражаттарды жайгаштырганын" муну менен алар "украиналык сокку катары көргөзгүсү келип", "аскердик аракеттерге мораторий" киргизүүнү талап кыларын жазган.

5-июлда Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси орусиялык бийликтен уюмдун эксперттерине станциянын III жана IV энергоблокторунун чатырын, турбиналык залын, муздатуучу системасы турган жайын көрүп чыгууга уруксат берүүнү суранган.

Орусиялык аскерлер ЗАЭСтин муздатуучу көлмөсүн миналап салганын Чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов да айткан. Кахов ГЭСи бузулгандан кийин атайын дамба менен тосулган бул көлмө АЭС иштебей турган күндө дагы анын реакторлорун суутуп турган негизги булак бойдон калууда.

12:08 6.7.2023

Орусиянын армиясы 6-июлга караган түнү Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери деген үч адам мерт болду, дагы сегиз тургун жараат алды. Шаар мэри Андрей Садовыйдын маалымдашынча, ракетанын сыныгы турак жайга тийген. Ал Телеграм-каналына куткаруучулар урандылардын алдынан адамдарды алып чыгып жатканын, мерт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн жазды.

Садовый согуш башталгандан бери Львовго мынчалык калайман ракеталык чабуул жасалбаганын белгиледи.

Облустук администрациянын башчысы Максим Козицкий сөз көп кабаттуу үй тууралуу болуп жатканын тактады. Анын алдында чабуулдун айынан шаардагы маанилүү инфраструктуралык объект жабыркаганын кабарлаган. Бирок анын чоо-жайын тактаган жок.

Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына, турак-жайларга сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

12:07 6.7.2023

Киевде Шевченковский райондук сотунда "теракт уюштурууга" шек саналып соттолуп жаткан Игорь Гуменюк жардыруу уюштуруп өзү мерт болду жана эки полиция кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Украинанын улуттук полициясы кабарлады. Гуменюк "Сич" батальонунун жоокери болгон жана сегиз жылдан бери тергөө абагында отурган.

Башкы прокурордун кеңсеси кылмышка шектүүнү сотко алып келгенде ал дааратканадан качууга аракет кылган. Андан соң жардыруучу затты жардырып жиберген. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Гуменюктун адвокаты Александр Свиридовский "Грати" басылмасына кылмышка шектүүнүн тергөө абагындагы мөөнөтү дагы узартылганын, жардыруу маалында ал күзөтчүлөрдүн коштоосунда канцелярияда болгонун айтып берген. Адвокаттын билдиришинче, Гуменюк Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери аны фронтко жөнөтүү үчүн абактан бошотууну бир канча жолу өтүнгөн.

Гуменюк 2015-жылы 31-августта Жогорку Раданын жанында жардырууну ишке ашырган деп айыпталган. Анда жүздөгөн киши Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан эле. Жардырууда Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт болуп, 140тан көп киши жараат алган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG