Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү кечинде Орусия согуш ачкандан бери биринчи жолу күтүүсүз Прага шаарына келди. Аны чех президенти Петр Павел кабыл алды. Жергиликтүү басылмалар Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү 7-июлда дагы уланарын жазышты.
Павел менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында Зеленский Чехияга Украинаны жана армиясын ар тараптан колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Чех президенти согуштун аяктаган маалда Киевди НАТОго кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо маанилүү болорун айтты. Бул Чехиянын кызыкчылыгы үчүн дагы зарыл экенин белгиледи.
Петр Павел Украинанын контрачабуулу Орусия "буга чейин өзүн көрсөтүп келгендей күчтүү деле эмес экенин далилдеди",- деп айтты. Ал контрчабуул ийгиликтүү болушу үчүн бардык аракеттер жасалышы керектигин белгиледи.
Зеленский Прагада жолугушууларда коргонуу маселелери, НАТОнун Вильнюстагы саммитин утурлай байланыштарды координациялоо, Украинанын евроинтеграциясы жана Запорожье атомдук станциясындагы кырдаал болорун кабарлаган. Ал Прагага келгенге чейин Болгарияда дагы болуп, бийлик өкүлдөрү менен жолуккан.
Украина менен Орусия “45ке 45” формуласынын алкагында кезектеги жолу аскердик туткандарды алмашты. Жоокерлерден тышкары орус тарап Украинага эки карапайым тургунду жана эки баланы өткөрүп берди. Бул балдар Украинанын Москва басып алган аймактарынан Орусияга депортацияланган эле. Маалыматты Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жана Орусиянын Коргоо министрлиги бышыктады.
Ермактын айтымында, Орусиядагы туткундан 43 аскер кызматкери, эки жайкын тургун - «Азовсталь» заводунун жумушчусу жана Херсондун тургуну бошотулду.
«Мариупол менен «Азовсталдын» коргоочуларын кайтарып жатабыз. Жарадар аскерлер бар. Ошондой эле Бахмут, Запорожье жана Херсон багытындагы кагылышууларга катышкан аскерлер дагы бар», - деп кошумчалады Ермак.
Орусиянын Коргоо министрлиги туткундан бошотулган аскерлерине керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатканын, жакын арада дарылануу жана калыбына келүү үчүн атайын борборлорго жөнөтүлөрүн билдирди.
Эки тарап акыркы жолу 12-июнда туткундарды алмаштырып, Украинага 95, ал эми Орусияга 94 адам кайтарылган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко «Вагнер» менчик аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин Беларуста эмес экенин билдирди.
«Евгений Пригожин тууралуу айтсам, ал Санкт-Петербургда. Бүгүн таңда ал кайда болот? Балким ал эртең менен Москвага кетип калгандыр», -деди Лукашенко 6-июлда чет элдик жана жергиликтүү журналисттер менен жолукканда.
Ал эми «вагнерчилер» тууралуу суроо берилгенде Лукашенко менчик аскердик компаниянын жоочулары өздөрүнүн туруктуу жайгашкан лагерлеринде экенин кошумчалады.
«Мендеги маалыматка караганда, «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын аскерлери өзүлөрүнүн туруктуу лагерлеринде. Фронттон чыккандан кийин кайра калыбына келүүгө, дарыланууга жана эс алууга кеткен лагерлеринде эле",-деди Лукашенко.
Ал азырынча бул компаниянын жоочуларын Беларуска көчүрүү маселеси толук чечиле электигин, жакынкы арада орус президенти Владимир Путин менен жолукканда бул теманы сүйлөшөрүн кошумчалады.
Беларустун авторитардык жетекчиси "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуста экенин 27-июнда ырастаган. Ошол эле күнү Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конгону маалым болгон.
24-июнга караган түнү "вагнерчилер" "куралдуу козголоң" уюштуруп, Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.
Беларуста атайын "вагнерчилер" үчүн лагерь да курулуп жатканы кабарланган. Бирок 6-июлдагы билдирүүсүндө Лукашенко муну четке какты.
«Бир нече мурдагы аскердик шаарчаларды сунуштаганбыз», - деди Лукашенко.
Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.
Орусиянын Львовго чабуул койгон ракеталары Киевге да түшмөк
Украинанын Аба күчтөрүнүн спикери Юрий Игнат орусиялык армия Львовду аткан "Калибр" ракетасы Киевге карай учурулганын, бирок чыгышка бурулуп кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал улуттук телемарафон маалында билдирди. Анын айтымында, өткөн түнү Кара деңизде орусиялык кемелерден атылган "Калибрлер" украиналык аскер аба күчтөрүнөн буйтап адегенде Днепрдин агымына жана жердин ыңгайына жараша учкан. Алардын жетөө атып түшүрүлгөн.
Львовдо жабыркагандардын саны 37ге жетип, төрт адам каза болгонун Украинанын ИИМи билдирди.
"Ракета Киевге барат деген ыктымалдуулук бар болчу, бирок алар Львовго чабуул коюшту. Согуштук учактар алардын маршрутуна көз салгандарды жок кылууга аракет кылышты, ошого карабай чыгыш тарапка багыт алган ракеталар атып түшүрүлдү", - деп билдирди Юрий Игнат.