Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40
 Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.
Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.

"Коркунучтуу түн болду". Украина жапырт соккунун кесепети менен күрөшүүдө

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:14 7.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугары күтүлүүдө.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөр кийинки жумада өтө турган НАТОнун саммити жана Кара Деңиз аркылуу украин данын экспорттоо макулдашуусу тууралуу болот. Мурдагы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Орусия келишимди узартууга негиз көрбөгөнүн айтып, азырынча баш тартууда.

Зеленский Түркияга Прагадан жол тартат. Бир күн мурда украин президенти Чехияга барып, президент Петр Павел менен жолуккан.

Зеленский Прагада өткөргөн маалымат жыйында Украинанын контрчабуулу тууралуу айтып, "жай жүрүп жатса да, орустардай чегинбей, алдыга баратабыз" деди.

Мурдараак украин президенти журналисттерге Батыш курал-жабдыкты өз убагында жеткирбегендиктен, Орусия басып алган аймактарда коргоонууну бекемдеп алууга жетишкенин айткан.

Чех президенти Петр Павел Украинанын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусун колдорун айтып, Киев орус агрессиясынан коргонуу жаатында ар дайым Прагага таянса болорун билдирди.

Ал арада Украинанын чыгышында соңку бир суткада 30тай кагылышуу болгону кабарланды.

Украин бийлиги 6-июлда Украинанын Львов шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан мерт болгондордун саны онго жеткенин билдирди. Жараат алгандардын саны кырктан ашты.

11:55 7.7.2023

Украинанын Львов шаарында 6-июлга караган түнү жасалган Орусиянын ракеталык чабуулунан набыт кеткендердин саны кеминде он кишиге жетти. Дагы 40тан ашыгы жараат алды.

Соккуда көп кабаттуу үйдөгү үч подъездин жогорку эки этажы толугу менен кыйрады, бир катар үйлөр, имараттар жана машиналар жабыркады. Учурда куткаруу, урандыларды тазалоо иштери уланып жатат.

Бул Орусия согуш ачкандан бери аталган шаарды бутага алган эң калайман чабуул болуп калды.

Буга чейин шаарда жарык өчүп, уюлдук байланыш жакшы иштебей калганы маалымдалган. Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министрлиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген "Львов – тарыхый борборунун ансамбли" да жабыркаганын билдирди.

Президент Владимир Зеленский окуяны террорго теңеп, буга жооп болорун Телеграмга жазган.

Украин армиясынын маалыматына ылайык, Львовго түнкү саат бирлерде Кара деңизден "Калибр" ракеталары менен сокку урулган. Атылган он ракетанын жетөөнүн мизи кайтарылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жасалган чабуулга комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

11:05 7.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү кечинде Орусия согуш ачкандан бери биринчи жолу күтүүсүз Прага шаарына келди. Аны чех президенти Петр Павел кабыл алды. Жергиликтүү басылмалар Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү 7-июлда дагы уланарын жазышты.

Павел менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында Зеленский Чехияга Украинаны жана армиясын ар тараптан колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Чех президенти согуштун аяктаган маалда Киевди НАТОго кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо маанилүү болорун айтты. Бул Чехиянын кызыкчылыгы үчүн дагы зарыл экенин белгиледи.

Петр Павел Украинанын контрачабуулу Орусия "буга чейин өзүн көрсөтүп келгендей күчтүү деле эмес экенин далилдеди",- деп айтты. Ал контрчабуул ийгиликтүү болушу үчүн бардык аракеттер жасалышы керектигин белгиледи.

Зеленский Прагада жолугушууларда коргонуу маселелери, НАТОнун Вильнюстагы саммитин утурлай байланыштарды координациялоо, Украинанын евроинтеграциясы жана Запорожье атомдук станциясындагы кырдаал болорун кабарлаган. Ал Прагага келгенге чейин Болгарияда дагы болуп, бийлик өкүлдөрү менен жолуккан.

23:41 6.7.2023

Украина менен Орусия “45ке 45” формуласынын алкагында кезектеги жолу аскердик туткандарды алмашты. Жоокерлерден тышкары орус тарап Украинага эки карапайым тургунду жана эки баланы өткөрүп берди. Бул балдар Украинанын Москва басып алган аймактарынан Орусияга депортацияланган эле. Маалыматты Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жана Орусиянын Коргоо министрлиги бышыктады.

Ермактын айтымында, Орусиядагы туткундан 43 аскер кызматкери, эки жайкын тургун - «Азовсталь» заводунун жумушчусу жана Херсондун тургуну бошотулду.

«Мариупол менен «Азовсталдын» коргоочуларын кайтарып жатабыз. Жарадар аскерлер бар. Ошондой эле Бахмут, Запорожье жана Херсон багытындагы кагылышууларга катышкан аскерлер дагы бар», - деп кошумчалады Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткундан бошотулган аскерлерине керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатканын, жакын арада дарылануу жана калыбына келүү үчүн атайын борборлорго жөнөтүлөрүн билдирди.

Эки тарап акыркы жолу 12-июнда туткундарды алмаштырып, Украинага 95, ал эми Орусияга 94 адам кайтарылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG